КЛИПТЕРДИН КӨРКҮН АЧКАН СУЛУУЛАР МЕНЕН ТААНЫШТЫРАБЫЗ

Клиптердин көркүн ачкан таланттуу, сулуу кыздар менен тааныштырабыз. Жүзүн экрандан көрүп, өзүнүн ким экени кызыгуу жаратып жатса, анда макала сиз үчүн.

Аты-жөнү – Датка-Айым Кеңешова

Туулган жылы – 1997-жыл, 3-сентябрь

Туулган жери – Токмок шаары

Бою – 1 метр 68 сантиметр

Салмагы – 52 килограмм

Билими – Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды, КМУнун юриспруденция факультетин аяктаган

Тартылган клиби – Омар – “Сүйүү дастаны”

Тартылган тасмасы – “Шаардык келин”

Тартылган долбоору – “Эл эмне дейт?” юмордук берүүсү

Учурда – Жеке ишкер

Датка-Айым Кеңешова: “ТАРЫХЫЙ ТАСМАЛАРГА ТАРТЫЛГЫМ КЕЛЕТ”

– Клипке тартылууга сунуштар түшүп турат. Бирок көп учурда баш тартам. Анткени жеке ишкерлигим менен алектенип, клипке тартылууга убакыт бөлө албайм. Абдан жакын адамдарым суранышкан учурда гана тартылам. Клиптерде көрүнүктүү башкы образдарды жаратууга сунуш түшсө гана тартылам. Тасмаларга тартылууга сунуштар болот. Буга чейин “Шаардык келин” тасмасына тартылгам. Ошондон кийин көпчүлүктүн эсинде шаардык келиндин образында калгам. Алдыда жеке жашоомо тийиштүү максаттарым, пландарым көп. Ал эми чыгармачылыкта болсо, тарыхый тасмаларда олуттуу ролдорду ойногум келет.

Аты-жөнү –Айдана Тыныбекова

Туулган жылы – 2002-жыл, 20-декабрь

Туулган жери – Бишкек шаары

Бою – 1 метр 65 сантиметр

Салмагы – 50 килограмм

Билими – КМУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенти

Тартылган клиптери – Нурмат Садыров – «Келчи», “Элмуз” тобу – «Көлдүк кыз», Ильяз Абдыразаков – «Адашып калдым», Эрлан Андашев – «Эркелетейин», «Кечир мени» жана башка

Учурда – «Береке» бий ансамблинин бийчиси

Айдана Тыныбекова:“КЛИПКЕ ТАРТЫЛУУ ОҢОЙ ЭМЕС”

– 15 жашымда алгачкы жолу “Элмуз” тобунун «Көлдүк кыз» аттуу ырынын клибине башкы каармандын ролун ойноп тартылгам. “Береке” бий ансамбли менен көптөгөн мааракелерде бийлейбиз. Ошол жактан көрүшүп, сунуштар түшөт.

«Эфир» тасмасына 16 жашымда тартылгам. Сериалга кастинг болуп жатканда режиссёр Нарбото Анарбаевге Айгүл Кыдыралиева деген гримёр эже мени сунуштаптыр. Кастингге чакырышып, сценарийден үзүндү аткарып берсем ролго туура келип, тандап алышты. 22-23 жаштагы диктор кыздын ролун аткарышым керек болчу. Өзүм 16 жашта болгондуктан бир аз кыйын болду. Бирок режиссёр жардам берип, колдоо көрсөтүп турду.

Ар бир эмгек бааланыш керек. Анткени клипке тартылуу оңой эмес. Ага даярданышың керек, макияж, чач жасалгалоого да убактың кетет. Кошумчалап кетсем, 2020-жылы телеканалдардын биринен «Клиптин мыкты каарманы» деген Ардак грамота менен сыйландым.

Клиптерге тартылууга үй-бүлөм каршылык көрсөтүшпөйт. Тескерисинче, кубанып, жардам берип турушат. Тартуу иштери алыс жерде болуп, кеч бүтсө да ата-энем түшүнөт.

Аты-жөнү – Айдай Шабданова

Туулган жери – Бишкек шаары

Бою – 1 метр 62 сантиметр

Салмагы – 48 килограмм

Билими – №4 Гуманитардык-укуктук багыттагы гимназиянын 11-классында окуйт

Тартылган клиби – Нурлан Насип & Асел Кадырбекова – “Кимди сүйөсүң?”

Учурда – блогерлик менен алектенет, фотомодель

Айдай Шабданова: “КЛИПТЕ ЧАЧЫМ ӨРТТӨЛГӨНҮН СЕЗБЕЙ КАЛГАМ”

– Клипке тартылуу боюнча Инстаграмдан сунуш түшкөн. Алар мени башкы каармандын образын жаратып берүүгө чакырышты. Бул чыгармачылык багытым үчүн жакшы кадам болорун айтышты. Клипте чачым өрттөлгөн учуру бар болгондуктан жасалма чач кийген элем. Чачты күйгүзгөндө өзүмдүн да чачым күйгөнүн сезбей калыптырмын. Бир топ убакыт өткөндөн кийин байкагам. Клип ошонусу менен кызыктуу чыкты десем болот. Клипке тартылууга сунуштар келип жатат. Бирок өзүмдүн башка пландарым бар. Ошолор менен алектенем. Биз командабыз менен TikTok’ко жакшы, кызыктуу видеолорду жаратабыз деген план койгонбуз. Андыктан жагымдуу жаңылыктарыбыз алдыда.

Гүлдана Мамадали кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
assanov97
2021-02-15 09:38:02
Жаштарынан бир топ чон корунот экен
+8
№ 949, 11-17-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан