Өткөн күнү – 5-6-февраль
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт сарайы
Билет баасы – 350-500-600 сом
Башталышы – 19:00 (бир саат кеч башталды)
Көрүүчүлөр – Залдын 95 пайызы (5-февраль)
Гүлжигит жандуу үн менен ырдап, жан дүйнөнү жыргатчу эле деп концертине жөнөдүм. Ар бирине болбосо да, шартка жараша концерттерине барып турам негизи. Бул жигиттин концерттеринин мага жакканы – анын ырларынын элге өтүмдүүлүгү жана, жашырбайын, Сокенин (ред.: куудул Союзбек Сейитказиев) тамашалары. Соке концертте сөзсүз болот да, аны билем. Канча жылдан бери Гүлжигит алпаруучусун алмаштырбайт, туруктуулугун карап кой. Союзбек эле эмес, ошол эле “Беш тапан” тобундагы Боке (ред.: Болсунбек Стакеев) менен Таке (ред.: Талас Кашкариев) деле ордун эч кимге бере элек. Бул жолу экөө элди күлдүрөбүз деп сахнага бири чычкандын, экинчиси уйдун костюмун кийип чыгышты. Тамашасы элге өткөн жок, ачык айтайын. Экөө концерт бою бир нече жолу сахнага чыгышты. Бирок берилген миссияны эптей алышпады. Ага караганда улам ортодон чыга калып элди алаксыткан Соке ишке жакшы жарады. Сокеден өтүп дагы бир куудул элди күлкүгө бөлөп жыргатты. Ал – Жакут Сыдыков. Буга чейин Жакут мырзанын төкмөлүккө кадам таштап айтылуу Жеңишбек Жумакадырдан сабак алып жатканын кулагым чалган. Сахнага чыгып абалга жараша тамаша аралаш уйкаштыра төккөнү суктандырды. Жакшы окуп жатыптыр. Төкмөлөргө татыктуу атаандаш өсүп калганы байкалды. Буга чейин деле уйкаштыра төгүп калчу эмес беле, ошол өнөрү жаңы тепкичке чыккандай сезилди. Бирок "Жакут такыр эле өзгөрүп кеткен го" дебегиле, “мен байкуш” деген баа-аягы образынан чыга элек экен жигит. Байкуш болуп жатып көрөрмандардан балакеттей акча чогултуп кетти. Акырында боор оруп акча бергендердин аягы тыйылбай койду эле, Жакут алардан сахнадан качып кутулду. Кетип баратып, тапканынан Сокеге 200 сом бөлүшө кетти.
Концерттин жүрүшүнө келсем, көрүүчүлөрдүн Гүлжигиттин ырларына болгон сүйүүсүн айтпасам да билесиңер. Концерт биринчи ыр ырдалганда эле кыйкырык-сүрөөн, кол чабуулар менен башталган. Ушундай маанай концерттин аягына чейин сакталды. Аягында өзүмдү тойдо отургандай эле сезип кеттим. Жаш-карысы аралаш сахнанын алдына барып алып Гүлжигиттин шаңдуу ырларына бийлеп, бир чер жазышты, чиркин! Бир жыл бою же тойго, же концертке барбай бук болуп калыптырбыз. Ошол буктун баары чыкты. Бул жагы жакты, концерттер ушул үчүн керек да. “Исфана” менен “Айсанам” ыры жаңырганда көрүүчүлөр өзгөчө жыргашты. Суранып отуруп “Айсанамды” 2 ирет ырдатышты. Дайым болчу көрүнүш, салтты бузбай көрүүчүлөр концерттин убактысы бүтсө да кетпей, Гүлжигитти сахнадан кетирбей ырдатышты. “Той” попурри менен аяктады.
Концертке конок катары Алмаз Шаадаев жана Анель аттуу ырчы кыз келишиптир. Алмаз мырза Гүлжигиттин “Баары бирин” ырдап чыкпады беле. Бул жигит деле жылдыз экен, көрсө. Ал сахнага чыкканда эл жакшы тосуп алды. Ии, баса. Улан Осмон уулу деген жигит ырдап жүрөт. Үнү жакшы. Ал концерттин башынан аягына чейин гитара чертип коштоп турду. Өзү да ырдады, өсө турган жигит, бали!
Ошентип концерт жыйынтыкталды. Гүлжигит кийинки концерттерине жаңы ырлардан башка да өзгөрүү, жаңычылдык киргизер деген үмүттө саат 10дон өтүп үйгө кайттым.
Толик сынчы