Бишкектин "Дордой" футболдук клубу орусиялык футболчулар Александр Бачевский жана Кирилл Крестинин менен келишим түздү. Бул тууралуу аталган клубдун басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Орусиянын жараны 19 жаштагы Кирилл Крестинин футбол боюнча Улуттук кураманын жана “Дордой” клубунун башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин уулу. Ал 2018-жылы жана 2020-жылы Бишкектин “Илбирс” клубунда ойноп келген.
Ал эми 25 жаштагы Александр Бачевский Сокулук районунун Беловодск айылында төрөлүп, кийинчерээк Орусиянын Смоленск шаарына үй-бүлөсү менен көчүп кеткен. Ал буга чейин “Красный” футболдук клубунда ойногон.
Жумабай Акимов