Күчтүү атаандаш, өжөр мушкер Кубанычбек Абдисалам уулу жаңырган жылды жеңиш менен баштап, күйөрмандарын кубантты. Эл аралык аренада беттештерге катышып, өлкөбүздүн намысын коргоп келе жаткан спортчу жигит биздин маек төрүбүздө.
КҮТҮҮСҮЗДӨН БАШТАЛГАН СПОРТТУК КАРЬЕРА
– Мен үй-бүлөдө жети бир туугандын бешинчисимин. Спортту 20 жашымда нөлдөн баштадым. Бала кезде кызыкканым менен, айыл жергесинде шарт жок эле. Чуркап, волейбол ойноп, улак чаап калчубуз. “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” демекчи, спорттун ар бир түрүнөн аздан, шашки, шахматка чейин билебиз. 8-9-класстарда айылга Алымбек Насипов деген агабыздын беттеши тартылган бир диск барган. Айылдын баары ошол дискти бирибизден бирибиз алып көрүп чыкканбыз. Ошондо атаандашы күчтүү болуп утулуп калган. Ошол беттешти көрүп, мушкер болуу тилегим жаралган. Кийин мектепти бүтүп, Бишкекке келип иштеп калдым. Дайыма чуркап, отжимание, брус жасап турчумун. Бир күнү ошол агам мени залга чакырды. Ошентип залга келип уруш самбосу менен машыга баштадым. Андан кийин Арслан Тыныбеков деген ММА боюнча машыктыруучу келип калды. Ошону менен ММА, самбо боюнча аралаш машыгып, “рукопашка”, уруш самбосу боюнча турнирлерге чыгып жаттым.
ЖЕҢИШТЕР ЖАНА ООР ТИЙГЕН ЖЕҢИЛҮҮ
– 2015-жылдын аяк ченинде ММА боюнча профессионалдык беттешке чыктым. Алгачкы кадамым ийгиликтүү башталды. WEF уюмунун алкагындагы беттештерде да катары менен жеңишке жетишип, чемпион болдум. Кийин Орусияда беттешке чыгып, калыстардын чечими менен жеңилип калгам. Жеңип жүрүп, жеңилип калган чынында оор тийди. Спорттук карьерамда эки жеңилүү болгондон кийин бул спортту таштайм дедим. Ошондо агам “мындай учур менин да башымдан өткөн. Таштаганга болбойт, бир гана алдыга умтулуш керек” деп дем берди. Андан кийинки беттеште атаандашымды 1-раундда нокаут менен уттум. Ошол беттештен соң Berkut Young Eagles уюму менен келишим түздүм. 4 беттеш өткөрүп, чемпиондук курду тагындым. Учурда Brave CF уюмунун алкагында беттештерге чыгып жатам. Жалпысынан ММА`де 16 жеңишке жетиштим. 2 ирет калыстардын чечими менен жеңилүү ызасын тарткам.
“НЕГИЗГИ МАКСАТЫМ – UFC`ДЕ КЫРГЫЗ ЖЕЛЕГИН КӨТӨРҮҮ”
– ММА`де деле акыл керек. Кара күчкө салып соккулап коюу менен эч ким жеңишке жетишпейт. Анализдеп, калчап иш кылбасаң бул спортто деле узакка барбайсың. Бир эле учурда сокку узатууну да, күрөшүүнү да мыкты өздөштүрүү шарт.
Мен шоу жаратууга жокмун, даярданып татыктуу беттеш көрсөтүүнү гана көздөйм. Кудай буюрса, биздеги эң негизги максат – UFC`нин деңгээлине чыгып, Кыргыз желегин көтөрүү. Жакынкы башкы планыбыз – Brave CF`тин чемпиондук курун тагынуу.
“ЖУБАЙЫМ – МЕНИН НОМЕР БИРИНЧИ КҮЙӨРМАНЫМ”
– Үйлөнгөндөн кийин ала куржун моюнуңа илинет деген туура эле. Ата-энеңден өзүнчө бөлүнүп жашап, өзүңдүн оокатыңды кылышың керек. Мурун кара башыңды ар жерде тойгузуп жүрө берсең, кийин үй-бүлөлүк жашоого көнөт экенсиң. Жубайым – менин номер биринчи күйөрманым. Ал мени дайыма колдоп турат.
“АТААНДАШЫМА КАТУУ ДАЯРДАНАМ”
– Атаандашты күчтүү, алсыз деп бөлбөйм. Кандай болбосун ал атаандаш. Андыктан каршылашыма катуу даярданам. Сочиде өткөн беттеш алдында атаандаштарым аябай алмашты. Улам бирине багыттап даярдана баштасам эле ал баш тарткан болот. Ошентип улам өзгөрүп жатып, акыры Жахонгир Саиджамолов деген тажик мушкерине чыкмай болдум. Даярданууга убактым кыска болуп калды деп эмнегедир күмөн санап калгам. Бирок ийгилик биз тарапка жылмайды, Кудайым мээнетибизди кайтарды. Беттешти жеңген соң жеңил салмак категориясындагы Brave CF уюмунун учурдагы чемпиону Амин Аюбга чемпиондук беттешке чакырык таштагам. Ал кабыл албады. Азыр сиз менен маектешүү алдында менеджерим Марат Бекмуратов байланышып, 11-мартка беттеш берип жатышканын айтты. Атаандашым Роландо Дей деген филиппиндик мушкер болот экен.
КЫСКАЧА
– Эмнеге Омок?
– Кичинемден эле үйдөгүлөр Омок дешчү. Бул менин экинчи атым.
– UFC`де ким менен беттешкиң келет?
– Тони Фергюсон, Дастин Порье жана Жастин Гэтжи.
– Баалаган мушкериң?
– Мүнөзү, жүрүм-туруму жагынан Хабиб Нурмагомедовду баалайм. Федор Емельяненко дагы мыкты мушкер. Анын беттештерин бала кезде эле көрчүбүз.
Динара Акимова