Биз бүгүн сөз кыла турган үй-бүлөдө бардык балдар таланттуу. Алардын ичинен Эрнест Бөрүбаев, Кызсайкал Кабылова, Мажит элге жакшы таанылышты. Тамара Курманалиева балдары тууралуу сыймыктануу менен айтып берди.
“МЕН БАЛДАРЫМА ЫРААЗЫМЫН”
– Балдарымдын баары таланттуу, баары жакшы ырдашат. Баарыбыз чогулуп калганда ырдап, тамашалашып шаңдуу отурабыз. Эки балам Москвада кафеде ырдайт. Бүгүн эл оозуна алынып калган Эрнест, Кызсайкал, Мажит балдарым тууралуу айтып берейин. Эрнестимди билесиңер, куудул, ырчы, тамада. Эрнестти кайненем баккан. Чоңойгондо чоң энеси “силердин колуңарга барсын” деп бизге берген. Эрке болуп чоңойду, мүнөзү чоң ата-чоң энеси, байкелерине окшош. Тамашакөй, чогулуп чай ичип калсак анын оозун карап эле отурабыз. Тамакты жакшы жасайт, кээде бизге да жасап берет. Бардык инилери, карындашы Эрнест менен кеңешип иш кылышат.
Сыр болбосо керек, Эрнест Кабылдын биринчи турмушунан. Бирок мен аны өз баламдай көрөм, ал мени өз энесиндей кабыл алды. Эки адам ажырашат экен, бул тагдыр. Илгери бир журналист “бир келин Кабылдан балам бар деп бала көтөрүп келсе эмне кыласыз?” деп сураган эле. Мен “өзүмө тартып, ал баланы багып алам” дегем. Балада эмне күнөө? Баланы күнөөлөө адамдык сапатка жатпайт. Бейкүнөө наристеге эмнеге жаман мамиле кылынышы керек? Эрнест мени алаканына салып “апам” деп аябай сыйлайт, ыраазымын. Башка балдарым тентектик кылып койсо “Эрнестке айтам” деп коркутуп калам. Биз бири-бирибизди колдогон, сыйлаган бекем үй-бүлөбүз. Балдарды бөлүп кароого эч кандай акым жок. Эрнест канчалаган элге жардам берип жүрөт. Аны көрүп башка балдарым да кайрымдуулук кылып келишет. Мага көргөн жерден алкыш айткандар көп, балдарыма ыраазымын.
“КЕЛИНИМДИ ЫРДАТКАНЫМ МЕНИН УТУШУМ”
– 6 жашынан баштап Мажит деген атка ээ болуп ырдап жүргөн баламдын чыныгы аты Бекжан экенин көпчүлүк билбесе керек. Мажитим азыр элге оор басырыктуу көрүнүп калыптыр. Бирок анын мүнөзү андай эмес. Кичине кезинде күлкүлүү окуяларга көп кабылчу. Бир күнү аны нанга жумшадым. Балдарды жумшаш үчүн тилин табыш керек да. “Сен нанга барып келгенче мен санап турам” дедим. “Бир, эки...” деп баштап, ал кеткенден кийин унутуп калдым. Мажит чуркап келип, “канча болду?” дейт. Мен “эмне канча болду?” деп түшүнбөйм. Эстеп кетип “кана, нан?” десем, ал да туруп калды. Көрсө, дүкөнгө барып акчаны берип “нан бериңизчи” дептир да, нанды албай шашып үйгө чуркап келиптир.
Баламдын мүнөзү тууралуу айтсам, аны эл “атасына окшош, кырс мүнөз” дешет.
Мажитимдин жубайы Бермет дагы чыгармачыл адам. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окуган. Көп аспаптарда ойной алат, сонун үнү бар. Бирок уялчаак. “Ырда” десем эле “апа, коё туруңузчу” дей берчү. “Балам, ырдашың керек. Мен сенин ырдап баламдын жанында жүрүшүңдү каалайм” деп артынан сая түшүп жүрүп ырдатып алдым. Анын үстүнө куда-кудагыйым аздектеп музыкалык мектепте окутса, анан кызынын эл алдына чыгып ырдаганын укпай жаман болушпасын деп ойлодум. Шүгүр, чогуу ырдап жүрүшөт. Бул менин утушум. Кечээ эле бир дуэти жаздырылып бүттү. Жакшы ырдаптыр. Балдарым ырларын алгач мага угузушат. “Сонун болуптур” десем ого бетер күч алышат.
“КЫЗЫМ КИЧИНЕСИНЕН ТЫҢ, ЭНЕРГИЯЛУУ”
– Кызсайкалым болсо кичинесинде эле азыркыдай активдүү, энергиялуу, тың, шар жүргөн, эмгекчил, оюндагысын ачык айткан кыз болчу. Кичинесинде кайсы жерге барбасын балдарды чогултуп алып оюн уюштура калчу. Бала чагынан сахнада жүрдү. Балдар менен ойноп, сахнага чыгарда тердеп-кургап келип калар эле.
Кызсайкалга жалгыз кыз деп баарыбыз өзгөчө мамиле кылабыз. Агалары коргоп, атасы “кызыма бирөө ашыкча сүйлөп койбосун” деп турат. Бирок ал тың, өзү тытынып, өз маселесин өзү чечип жүрө берет.
Кызым эрте турмушка чыкты, бирок турмушу болбой калбадыбы. Бул биз үчүн да, кызым үчүн да оор болду. Колубуздан келишинче колдоо көрсөттүк. Мен көп ойлоно бербесин деп досторун чакырып “сүйлөшүп отургула” деп жаттым. Агалары да “сен сынба, баары жакшы болот” деп колдоо көрсөтүштү. Айрымдар “килейген агалары бар, күйөөсүнө барып сүйлөшүп коюшпайбы” дешти. Мен муну туура эмес көрдүм. Агалары деле баргылары келди. Бирок мен “жаман кол, жаман сөз тийгизип эмне кылабыз? Экөөнүн жашоосу болбой калды, болду, бири-бирибизге жаман айтышпайлы. Акылсыздык кылбагыла” деп токтотуп жаттым. Анысына да капа эмесмин. Бул турмуштан кызымдын утушу – жакшынакай кыздуу болгону. Бул да тагдыр. Азыр баары жакшы, ордуна келип жатат.
“БАЛДАРЫМ МЕНЕН АТАСЫНА ЧОГУУ КАЛП АЙТАБЫЗ”
– Чыгармачылык өнөр балдарга энеден берилет дегенге ынандым. Менин апам чыгармачыл адам эле. Жаш чагында Нарында театрда иштеген. Балдарынын баары жакшы ырдайбыз, ар кандай аспаптарда кол ойнотобуз. Бул өнөр менден балдарыма өттү. Жаш кезимде Бишкектеги, Оштогу филармонияда эстрада ырчысы болуп эмгектендим. 1987-89-жылдары Чубак Сатаевдин “Жаз жамгыры” ырын ырдап, элге таанылгам. Кийин Союз тараганда соодага өтүп кетип, чыгармачылыгым унутта калды. Ырчы болуу кыял боюнча калган. Азыр ырдап чыгып жатам. “Небере”, “Уул үйлөдүм, сүйүнчү” деген ырларым бар. Ошондуктан балдарымдын чыгармачылыгын дайым колдойм.
Ал эми жолдошум Кабыл спортчу, алыш күрөшү боюнча машыктыруучу. Ал “мен куудул эмесмин” дейт. Чынында эле ал куудул эмес. Филармонияда администратор болуп иштечү. Куудулдар жок болуп калганда эле ордуна чыга калып жатып куудул аталып калган. Мени “куудулданып куйкум сүйлөйсүң” деп да айтышат. Обон да жазам.
Балдарым менен атасынын ортосундагы көпүрө менмин. Кабыл сүрдүү. Бир көз карашы менен башкарып коёт. Балдарым кээде “атамдын жанында отуруп кантип чай ичесиз?”, “атама сиз эле кыйын боло аласыз, ээ?” деп тамашалап калышат. Балдарыма чындыкты айткыла деп үйрөтөм. Ошондуктан баарын ачык айтып, кеңешишет. “Атама эмне дейбиз?” дешсе, “атаңа мындай деп турабыз” деп чогуу калп айтабыз.
“БАЛДАРЫМДЫН ИЙГИЛИГИ ЖҮРӨК ЖАРЫЛА ТУРГАНДАЙ КУБАНЫЧ ТАРТУУЛАЙТ”
– “Неберем” деген ырымдын идеясы Кызсайкалдын кызы Алфияны карап отурганда чыккан. Небере балаңдан да таттуу болот экен. Азыр “апасын Алфиядай жакшы көрчү белем?” деп ойлоном.
Ыраматылык кайненем Мажитти кармап отуруп “айланайын, Кабылды эле көрүп жатам” дечү. Маани берчү эмес экенмин. Азыр мен да Мажиттин баласын карап Мажитти эле көрөм. Мажит кичинесинде болбураган, бир нерсе сүйлөп жатсаң оозун ачып карап тура берген бала эле. Уулу азыр ошондой. Кызсайкалдын кызы да өзүндөй тың, бирөө чапса, ал да чаап туруп, ыйлабай басып кетет.
Жүрөктү кубаныч менен дарыласа болот дешет. Мага балдарымдын ар бир аракети, ийгилиги жүрөк жарыла тургандай кубаныч тартуулайт. “Балдарыңды жакшы тарбияладың” деп айтып калышат. Бул да чоң сыймык.
Перизат Музуратбекова