Ырчы Назминин турмушка чыкканына 2 жылга аяк басты. Кызы Альбина жакында 6 айга толот. Бойго жеткен Алина аттуу да кызы бар экенин уккан жок белеңиз? Анда кеп ырчынын өзүндө.
– Назми, кандайсың? Кызың чоңоюп калдыбы?
– Кудайга шүгүр, баары жакшы. Кызым отурайын деп калды.
– Сөздү ток этер жеринен баштасам, “бойго жеткен кызы бар” деп уктум...
– Ооба, ошондой. Аты – Алина. Буга чейин чоң ата-чоң энесинде болчу. Эми 9-классты бүтүп, биздин колго келди.
– Алина ошондо жолдошуңдун кызы да...
– Ооба. Талант экөөбүз 15 жыл жакшы тааныштардан болуп жүрүп, анан үйлөндүк да. Биз таанышканда Алина 4 жашта болчу. Ата-энеси ажырашканда кыз өзү атасын тандаган. “Атама кетем, атам качан келет?” деп эле аялдаманын жанында тура берчү экен. Талант 7-класска чейин борбордо өзү багып, өзү окуткан. Ишине байланыштуу Кытайга каттай баштаганда гана Токтогулдагы чоң атасыныкына жиберген.
– Алина экөөң эне-баладай элесиңерби?
– Кош бойлуу кезимде менден “кыздуу болгуң келеби же уулдуубу?” деп сурай беришчү. Мен “нянкабыз бар, лялка керек” дечүмүн. Ошонун сыңарындай, Алина – чоңоюп калган кыз, даяр жардамчы. Экөөбүз эне менен кыздай эле жакынбыз. Келин болуп барганыма бир ай болгондо эле апа дей баштаган. Менин апамды таене дейт.– Алина атасына эркелей баштаганда сенде кызгануу болбойбу?
– Чынында, Алина көп деле эрке эмес. Биз аны тайларынан кызганабыз. Былтыр апасы Токтогулга издеп барып, жолугуп кеткен. Кичүү кызымдын аты Альбина эмеспи. Экөө бири-бирине аябай окшош.
– Буга чейин эмнеге жашырып келдиң?
– Жакындарымдын баары эле билишчү. Ал эми журналисттер “бул ким?” деп сурашса, “кайын сиңдим” деп жашырып койчумун. Балада күнөө жок экенин билем, бирок кызым тартынып, "ачыкка чыгарбай эле коюңузчу" дечү.
– Жакшы. Назми, маегиңе рахмат. Кыздарыңдын урмат-сыйын көр.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg