Футбол боюнча Улуттук курама команданын жарым коргоочусу Алимардон Шүкүров Беларустун “Неман” клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунун социалдык түйүндөгү баракчасына жана аталган клубдун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, келишим 2023-жылдын аягына чейин түзүлгөн.
21 жаштагы футболчу буга чейин “Абдыш-Ата”, Түркиянын “Болуспор” футболдук клубунда ойногон.
Шүкүров 2019-жылы 10-октябрда өткөн Кыргызстан-Мьянма беттешинде 2 гол жаратып, Улуттук курамдын тарыхындагы эң жаш дубль жасаган футболчу болуп калды. Ал Кыргыз өлкөсүнүн атынан жалпы 5 беттеш өткөргөн.
“Неман” клубу Беларустун Жогорку Лигасында 53 упай менен 5-орунда келе жатат.
Айта кетсек, буга чейин аталган клубда белгилүү футболчу Гүлжигит Алыкулов ойноп кеткен. Алыкулов “Неман” клубунун Инстаграм баракчасына “ийгилик каалайм, досум” деген билдирүү жазды.
Жумабай Акимов