15-ФЕВРАЛДАН 21-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Материалдык маселелерди чечүүгө идеалдуу апта. Өзүңүзгө ишенимдүү болуп, көз карашыңызды жактап, өз оюңузда туруңуз. Эски досторду эстеңиз, мүмкүн, жолугуу уюштурасыздар. Капаланууга, кайгырууга жол бербеңиз. Позитив көп болсун! Жумуштан убакыт артса көчөлөп жүрбөй, үй-бүлөнүн кашында болуу оң.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Активдүү аракеттерге даяр туруңуз. Мүмкүн, жумушта жана сүйүүдө пайда алып келчү тобокелдикке баруу керектелет. Дос болумуш болгон адамдардан абайлаңыз, пландарыңызды бузуп коюулары ыктымал. Ден соолукту чыңдоого киришиңиз. Мисалы, дарылык душ же ванна алыңыз, туз шахтасына барыңыз, чуркаңыз жана башка.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жашоосун жаңыдан баштагысы келип жүргөндөр өзгөрүүлөрдөн коркпой, кирише берүүлөрү керек. Баары бат жана ийгиликтүү болот. Жакын досторго ички сырды айтып, кеңешин угуңуз, пайдасы тиет. Чоң эмес киреше кирет же пайдалуу нерсе сатып аласыз. Кандайдыр бир иш-чарага же кечеге чакырык түшүүсү ыктымал.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Эски долбоорлорду ишке ашырууга киришиңиз, убакыт келди. Бирок ойлонулбаган нерсени жасап жиберип, баарын бузуп алуудан этият болуңуз. Чоң суммадагы акчаны коротууга шашпаңыз, жакын арада шашылыш акча керек болуп калуусу мүмкүн. Үй жумуштарынан убакыт артпай, үйдөгүлөрдөн жеме угасыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Чечкиндүүлүк жана кайраттуулук менен кыйынчылыкты жеңүүгө, маселени стандарттуу эмес жол менен чечүүгө киришпесеңиз тапканыңыз көбөйбөйт. Бирөөлөрдүн сөзүн уксаңыз жакшы жыйынтыкка жетпейсиз. Бош убакта жаңы рецептти же чет тилин үйрөнүүгө көңүл коюңуз. Ден соолукту чыңдап турууну унутпаңыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Башка чөйрөдөгү ишке өтөсүз же кызматта орун которуулар жүрөт. Күтүлбөгөн жаңылык чыгымды, ал эми авантьюра жеңишти тартуулайт. Ортого түшүп бирөөлөргө акча алып бергенден качыңыз, ал төлөй албай ортодо жаманатты болосуз. Ар кандай чечимдерди жети өлчөп, бир кесиңиз. Балдарды активдүү эс алдыруу жагын ойлоносуз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Өзүңүзгө ашыкча ишенбей, сындагандарга асылбай, жаңы иштерди баштабай агым менен боло туруңуз. Ийгиликтин келиши кыйын. Кызганычтын айынан сүйүктүүңүздүн мамилесинин сууп калуусуна жол бербеңиз. Айрымдар социалдык тармак аркылуу таанышкан адамы менен жүз көрүшүп, баарлашууну белгилешет.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Жакындарыңыздын талаптарын угуп, алардын ою менен болуу оң. Тааныштарга кошулуп бирөөлөргө ыдык көрсөтүүдөн, ушак таратуудан карманыңыз. Рулдагылар жолдо сак болбосо майда кокустуктарга кезигет дешет жылдыздар. Медитация, бизнес сырларын билүү үчүн маалыматтар менен таанышасыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Чоң чечимдерди кабыл алууга болбойт, тескери жыйынтыкка ээ болуп каласыз. Жетекчилик менен мамиле бузулбашы жана көбүрөөк акча табуу үчүн сизге ишенип тапшырылган оор тапшырманы аткаруу керек. Жаңы кийимдүү болушуңуз мүмкүн. Үйдө же иште кымбат буюм же техниканы бүлдүрүп, сындырып алуудан абайлаңыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Көбүрөөк эс алыңыз, өтө чыңалып иштөө, күчтүү тамактарды көп жеш азыр тескери таасир этет. Мисалы, өнөкөт оорулар козголот. Ички туюмга ишенсеңиз, алдыда ийгилик күтөт. Көптөн бери чакыра албай жүргөн адамдарыңызды конокко чакырсаңыз болот. Башкаларга жардам берип өзүңүздү да, башкаларды да кубантыңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Күтпөгөн жерден жаңы идеяны ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жакындарыңыз, туугандарыңыз көрүнөрлүк жардам көрсөтөт. Ажарлуу, кызыл тилдүү болуп чыга келүүңүз сыноолордон, тоскоолдуктардан оңой өтүүгө жардам берет. Буга чейинки кетирген каталарды эске алып, алдыда жасала турган иштериңизде ката кетирбеңиз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Иштер көп болот. Андыктан чарчап, жиниңиз келсе да терс энергияны ичке катыңыз. Уккан жаңылыктардын ичинен пайдалуусун бөлүп алыңыз. Сиздин жашоо образыңызды өзгөртүүгө түртүүчү кырдаал же окуя чыгат. Пландарды кайра иштеп чыксаңыз, ийгиликке мүмкүнчүлүк көп болот. Алыстан туугандар келиши мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 949, 11-17-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан