Ырчы Темир Назаров менен көптөн бери маектешпептирбиз. Учурда ал удаасы менен ырларды чыгарып, активдүү иштеп жатат. Бул тууралуу ырчы өзү сөз кылсын.
– Арыбаңыз, Темир мырза! Акыркы жаңылыктарыңыз менен маекти баштасак...
– Бар болуңуздар! Жыл жаңы башталды. Ар бир жылды жакшы үмүт, тилек менен баштайбыз да. Мен дагы жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп, элиме жакшы ырларды тартууласам деп изденип жүрөм.
– Байкадык, ырларыңыз удаасынан чыгып жатат. Жакында “Ойно, ойно”, “Барам сага” ырларын жаңылап ырдап чыктыңыз...
– «Ойно, ойно» боюнча айтсам, бул чыгарманы Бек байкенин (ред.: Бек Борбиев) уруксаты менен кайрадан иштеп чыктым. Клипти өткөн жылы эле тартканбыз, бирок бул жылы чыгардык. Анткени өткөн жыл элибиз үчүн оор жыл болбодубу. Клип аягына чейин режиссёрдун сунушу жана ой-чабыты менен тартылды. Ырды элге жагымдуу маанай тартуулоо максатында ырдап чыктым, клипти да тамашалуу кылып тарттык. Ал эми «Барам сага» чыгармасы Арзыбек Бедияров агабызга таандык. Эсиңиздерде болсо, мындан эки жыл мурун агайдын юбилейи болуп, сынак уюштурулуп, ошондо ырдап чыккам. Ачыгын айтканда, муну мааракелерде жандуу үн менен эле ырдап жүргөм. Кийин көпчүлүктүн сунушу менен жалпы коомчулукка тартууладым. Абдан сонун чыгарма. Жан дүйнөмө жагат. Элге да жакты деген ойдомун. Анткени чыгарма чыккандан бери көпчүлүк жакшы пикирлерин билдирип жатышат. Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет экен. Негизи ар бир чыгарманын үстүнөн көпкө иштейм. – Эл алдындагы адамдын сырткы көрүнүшү да маанилүү эмеспи. Акыркы кездери сакал-мурутчан сүрөттөрүңүздү көрүп калдык. Бул жаңы стилиңизби?
– Ойдо жок жерден образдар жаралат экен. Өткөн жылы атам каза болгондо сакал коюп жүргөм. Ошол бойдон көп жерге барып калып жаттым. Жакын адамдарыма ушундай жүргөнүм жакты. Ошондуктан азырынча ушундай образда жүрүп турайын деп чечтим. Бул атайын жасалган стиль эмес.
– Жакында “концерттин афишаларына жана билеттерине жандуу үн же фонограмма экени милдеттүү түрдө жазылышы керек” деген буйрук чыкпадыбы. Сиз муну кандай кабыл алдыңыз?
– Бул жаңылык деле эмес. Кошуна мамлекеттерде бул ыкма колдонулуп келет. Бизге окшоп Эл аралык сынактарга катышып жүргөндөргө, жандуу ырдай алгандарга бул маселе деле эмес. Туура көрөм. Ырдай турган жерлерде тиешелүү шарттар болсо, анын эмнеси жаман? Жандуу ырдап көнгөн адамга айырмасы деле болбошу керек.
– Чыгармачылыктын казанында кайнап жүргөнүңүзгө көп жыл болду. Жашыңыз 30дан ашып, балдарды тарбиялап жатасыз. Азыр артка кылчайганыңызда эмне көрүнөт?
– Чындыгында 18 жаштан бери чоң сахнада жүрөм. Күйөрмандарыма рахмат, дайыма мени колдоп-коштоп келишет. Патриоттук ырларды тартуулап, элиме дух бере алдым деп ойлойм. Артка кылчайганда ошону көрөм. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери канчалаган мекендештерибиз дүйнөнүн төрт бурчуна бакыт издеп тарады. Алар мекенге болгон сагынычын патриоттук чыгармаларым менен жазып, ошону менен азыктанып турушту окшойт деп калам. Анткени чет жактарга барып, алар менен сүйлөшүп калганда дал ошол чыгармаларым туурасында айтып калышат. Бир мекендешибиздин «Темир, Кыргызстанга болгон сагынычымды сенин ырларың менен жазам» деген сөзүн укканда ушул багытта иштейин деген ойго келгем.
– Биз жакшы ырдаган ырчы Темир Назаровду гана тааныйбыз да. Ырчылыктан башка кандай өнөрүңүз бар? Кандай кызыгууларыңыз бар?
– Чын-чынына келгенде ырчылык менен чектеле албайсың. Менин экинчи билимим – экономист. Ошондуктан ишкерлик менен алектенем. Ишкерликтин бир нече түрүнө кызыгып, айрымдарын жолго койдум. Өзгөчө айыл чарба багытындагы ишкерлигим жакшы жүрүп жатат.
– Мурдагыдай баш айланткан атактуулукка жетсем деген кыял болобу?
– Убакыт өткөн сайын жашоого болгон баалуулуктар да өзгөрөт экен. Азыр максатым андай атактуулук эмес, жүрөктөн чыккан ырларды жаратып, элге кызмат кылуу.
– Арты кайырлуу болсун! Аза кайгыңызды тең бөлүшөбүз. Өткөн жылы ноябрда атаңыздан айрылып калдыңыз...
– Рахмат. Атамдын көп жылдар бою көзү ооруп жүрдү. Барбаган жерим, көрсөтпөгөн доктурум калбады. Бирок тамыры соолуп калган көздүн нурун алып келүү мүмкүн эмес экен. Өткөн жылы жалпы дүйнөнү каптаган илдет биздин үйдөн атамды алып кетти. Канчалык коргосом да алдырып койдум. Ажалга айла жок экен. Атанын орду бала үчүн өтө чоң. Жүрөгүмдү өксүк басып жүрөт, бирок апам үчүн чыйралам.
– Ата-энеңизге кандай уул болдуңуз?
– Колумдан келишинче жакшы кызмат кылсам деп аракет кылдым. Атамдын көзү көрбөй калып, көтөрүп жүргөн учурларым болду. Бардык жакшы нерсени көрсөтүүгө, алып берүүгө болгон күчүмдү жумшадым. Анткени ата-энени кандай аздектесек, балдарыбыздан ошону көрөбүз.
– Маегиңизге рахмат! Ишиңизге ийгилик!
Перизат Музуратбекова