Асел Турдалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «АЙЫМДАРГА КАРАГАНДА МЫРЗАЛАРГА ИШЕНЕМ»

Асел айым менен жашоосундагы мырзалар тууралуу маектештик. Ырчы, актриса чоң атасы, атасы, бир туугандары, күйөрманы, мурунку жолдошу жана сүйүктүүсү тууралуу айтып берди.

“ЧОҢ АТАМ СОГУШКА КЕТКЕН БОЙДОН ДАЙЫНСЫЗ”

– Чоң атам Турдалы Мамырканов 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетип, кайтпай калган. Кийин чоң энеме кара кагаз келген экен. Бирок сөөгү кайда, кайсы жерде каза болгону белгисиз. Азыр биз архивди көтөртүп, чоң атамдын сөөгү кайда коюлганын издеп жатабыз. Коюлган жерин таап ырым-жырымын жасап коёлу деген ниетибиз бар.

Азыр мен айылдагы аксакалдар менен да катташам. Алардын бирөөсү чоң атамды жакшы билчү. “Сен чоң атаңды тартыптырсың” дейт. Ал дагы жапалдаш бойлуу, тың адам болуптур. Менде патриоттук сезим күчтүү, күйүп-бышып кетем. Чоң атамда да ошондой сапат болгонбу дейм. Cогушка барбай эле кой, боюң кичинекей, окоптон башың чыкпай калат” десе болбой кетип калган экен. Өзү мектепте мугалим болуп иштептир. Чоң атамдын бир да сүрөтү калбаганына өкүнөм.

“АТАМДЫН АПАМА КЫЛГАН МАМИЛЕСИНЕ СУКТАНЧУМУН”

– Атам ачык-айрым, интеллигент болчу. Бирок кыялы чорт киши эле. Ошонусун жазбай тарткам. Бат эле урушуп кетип, 5 мүнөттөн кийин жазылып, унутуп калам. Апама көп нерсени айтпай коюшум мүмкүн. Бирок атам менен жакшы сырдашчумун. Каза болоруна 2 жыл калганда короодо отуруп алып экөөбүз бир сааттан ашык сырдаштык. Максаттарымды, пландарымды, баарын айтып бергем. Ошол учурлар эсимде калды.

Ташкентте окуп жүргөндө үйгө келип турчумун. Кайра жолго чыгарда апам “үнөмдөп ушуну жеткир” деп акча берет. Автобуска түшүп баратканда атам дайыма “алдыңан кетип калайын, мына, муну алып ал” деп, чөнтөгүмө дагы акча салып койчу. Акчага зар кылган жок. Өзүмдүн стипендиям деле бар, ал деле тамак-аш, кийимиме жетчү.

Атамды идеал тутуп келдим. Ал cырткы келбети менен ички дүйнөсү шайкеш келген сулуу адам эле. Атамдын үй-бүлөсүнө, апама болгон мамилесине суктанчумун. Өмүрү кыска экен, 52 жашында кырсыктап каза болду.

“ИНИЛЕРИМ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАМ”

– Улуу агам Каныбек экөөбүз чоң эненин колунда өстүк. Агамдын актёрдук чеберчилиги күчтүү болчу. Билим алса, андан кыйын режиссёр чыкмак. Бирок ал турмушун бузуп алган. Аскерден келгенден кийин бир кызды сүйүп калган. Сүйүүсүнө жетпей калгандыктанбы, жашоосу олку-солку болду. 48 жашында кырсыктап каза болуп калды. Жаткан жери жайлуу болсун. Артында бир уулу бар.

Атамдын ордун баскан Жаныбек иним болду. Баарыбыз кеңешип, ага “ата ордундасың” деген статус бергенбиз. Кичүү болсо да, аксакалыбыз ошол. Өтө сыйлайм, барктайм, бийик тутам. Ал оор басырыктуу, интеллигент, жентльмен. Аялзатына аяр мамиле жасайт. Инимди суктануу, сыймыктануу менен карайм. Көңүлүм чөккөндө да, кубанганда да Жаныбекке чалам.

Андан кичүү иним Болот 6 баланын атасы, 2 неберенин таятасы болуп калды. Экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош. Алтындай болгон инилерим бар, алар менен сыймыктанам.

“СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ МЕНЕН ЖАКШЫ СЫРДАШАМ”

– Айтып эле жүрөм, айымдарга караганда мырзаларга ишенем. Жакшы айым курдаштарым бар. Бирок жан дүйнөмдү мырза досторума ача алам. Мырзалар менен өзүмдү эркин сезем. Искусстводогу мырзалар кызыктуу, дүйнө таанымы бай болот. Же менин чөйрөмдө ошондой мырзаларбы, билбейм. Алар менен сүйлөшкөндө канатым өсүп калат.

Мурда Берадор Сманович (ред.: Бек Борбиев), Борончу Кудайбергенов, Кубик Калыковдор менен чогуу жүрө берчү элем. Алар мени айым катары эмес, досу катары көрүшчү. Акыркы жылдары жакшы сырдашым Сыймык Бейшекеев болуп калды. Токтогулович деп коём аны. “Токтогулович, мындай болуп жатат, эмне кылам?” десем, кеңешин айтат.

“КЫЗЫМДЫН АТАСЫ МЕНЕН БИР ТУУГАНДАЙ БОЛУП КАЛДЫК”

– Кызымдын атасы менен катташабыз. Кызым эки инисине барып турат. Алар “Бегай эже, сиз биздин эжебизсиз да. Эмнеге келбейсиз, эмнеге чалбайсыз?” деп таарынышат экен.

Атасы кызын жакшы карайт. Колунан келген жардамын берет. Чет өлкөдөн келсе аэропортко барып тосуп келет, жеткирет. Бири-бирибизге жардам керек болуп калганда жардам беребиз. Экөөбүз бир туугандай болуп калдык. Аялы менен да жакшы мамиледемин. Аялы экөө Искусство университетинде окуп бүтүштү. Мен ал жакта деканмын да. Сабак берген жокмун. Бирок экзамендерге кирүүгө уруксат берип, курстан курска өткөрүп жаттым.

Мунун баары кызымдын кадыры. Экөөбүз бири-бирибизге жаман мамиле кылсак, ортодо кызымды кыйнап коймокпуз. Ал жакшы адам, жакшы ата.

“СҮЙҮКТҮҮМ АТАМА ОКШОШ”

– Мен атама окшош мырзаны издегем. Сүйүктүүмдүн келбети, баскан-турганына чейин атама окшош. Мени ошонусу менен арбап койду окшойт. Ал эрудициялуу адам. Аны менен сүйлөшүү аябай кызыктуу. Бардык жагынан төп келишкен мырза. Бирок кыялы чатак, ал да чарт-чурт, мен да чарт-чурт. Кээде “сен мени өтө катуу сүйөсүң же ушунчалык жаман көрөсүң” дейм. Анткени орточо мамиле жок, мамилебиз бир кырдан экинчисине чейин. Ал аябай кызганчаак. Ага эртең менен тургандан баштап, ким менен жолугуп, эмне кылганыма чейин төкпөй-чачпай айтып берем. “Ордуңузда отуруп туруңуз, азыр айтып берем” деп актрисаланып эмоция менен айтып бергеним ага жагат.

Бакыт тынчтыкты сүйөт. Ал ким экени сыр болуп калсын. Балким, ал жапжаш бала же өзүмдөн 30 жаш улуу киши. Анысы сыр болсун. Негизгиси, сонун адам, мага татыктуу адам. Мен да ага татыктуу айым болсом керек.

101 роза белекке берген мырза тууралуу сурап калдыңар, мага жыл сайын 8-Мартта жана туулган күнүмдө роза гүлүн белек кылган Руслан аттуу чоң күйөрманым бар. 1996-жылдан бери бир да концертимди калтырган жок. Жакшы көргөн иним болуп калды. Кээде “сен мени ал же башка аял ал” деп тамашалап калчумун. Ал "миллион чогултайын анан сизди алам” дечү. Бир жыл мурун үйлөндү. Бактылуу болсун!

Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
Асел Турдалиева чоң атасы, атасы, иниси жана жактырган мырзасы тууралуу айтып берди
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
dkrf
2021-02-22 11:12:08
Аял сулуу болуш керек. Себеби жаратылыш, табият ушундай ниет кылган: Аял чүпүрөктүн ичинде жүзүн катпашы керек. А аял киши өзүнө жана өзүндөй болгон адамдарга жагып, ырахаттанып, сулуу болуш керек.
+5
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-02-22 16:17:27
Ай ушу эже 50тен ашса да сүйүктүүм деп айтып бүтпөс болду.
+4
aiba_00
2021-02-24 14:30:41
Тийип алса болбойт ко ээ, суйуу кучтуу эле экен го. ар бир аял заты бактылуу болгонго укугу бар. Бактылуу болунуз.
+2
nazira...
2021-02-26 22:16:13
Бирок нике менен жүрсүн да неси болсо да. Бир эле кызы бар, эгер ошол кызын ойлосо. А так бактылуу болсун.
0
Datka7777
2021-02-28 08:18:07
«Суйуктуум», дегени кагазга оруп туруп «любовнигим!», дегениби ошондо? Мен ошондой тушуном, силерчи? Орой анан туз айтканда «ойношу!», деп
-1
№ 950, 18-24-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан