Эсиңиздерде болсо, өткөн кылымдын 80-90-жылдары кыргыз эстрадасында легендарлуу «Элес» тобу популярдуу болгон эле. Жакынкы он жылда дайынсыз кеткен бул топ кайра жанданды. Эмесе, «Элес» тобу кечээ жана бүгүн.
БААРЫ КАСКАДЁРЛОРДОН БАШТАЛГАН
Легендарлуу топ 1985-жылы жаралган. Алишер Эшимов, Үсөн Кудайбергенов баш болгон каскадёрлор ич ара сүйлөшүп отуруп, «эмне үчүн казактардын, өзбектердин эстрадалык топтору бар да, кыргыздарда жок? «Ялла», «Гунеш», «Арай» сыяктуу топ түзүү биздин колубуздан неге келбейт?» деп баш оорутушкан. Албетте, мындай топ түзүү үчүн акча керек болчу. Ошол кезде каскадёрлордун ассоциациясы акча берип, «Элес» тобу түзүлөт. Негизи, топтун түзүүчүсү – Алишер Эшимов. Топко таланттуу жигиттер чогулуп, Айдин Жумалиев, Азамат Аширбеков, Таалай Бейшеев деген ысымдар пайда болот. Алгач топ азыркы «Ататүрк» («Дружба») сейил багында дискотекаларды уюштуруп, анда жандуу үн менен ырдап, үндөрүн калыптандыра башташкан. Алардын өзгөчөлүгү – өздөрүнө таандык стили бар экенинде жана чыныгы музыканттар менен иштешкенинде эле. Ошентип, легендарлуу «Элес» тобу чыгармачылык чыйырга түшөт.
ИЙГИЛИК ЖАНА ДАГЫ ИЙГИЛИК
90-жылдары «Элес» тобу мыкты ырчы Актан Исабаев, Адиль Чекилов, Сергей Соколов, Нурлан Мамбетов деген таланттуу жигиттердин катары менен толукталып, чоң секирик менен алдыга озот. Алардын репертуарындагы «Асель», «Ты мне нужна», «Туулган жерим» аттуу ырлар хит болуп, чагылгандай тездикте тарап турган. Азия эле эмес, Европанын дагы көп өлкөлөрүндө болушуп, дүйнөгө кыргыз музыкасынын жарчысы катары тааныла баштаган учурда күтүлбөгөн жерден топ тарап кетти.
«ЭЛЕС» ЭМНЕГЕ ТАРАГАН?
Күчтүү топ катары таанылып келе жаткан «Элес» тобунун күтүлбөгөн жерден тарап кетиши көпчүлүктү бир чети таңдандырса, экинчи чети капаланткан. 2002-жылдын 21-майында топтун «генератору» атка конгон Азамат Аширбеков трагедиялуу өлүм менен каза табат. Азаматтын өлүмү топтун мүчөлөрү үчүн күтүүсүз эле. Ошондон көп өтпөй, топ кесиптешине арнап акыркы концерт өткөрөт. Андан соң «Аза» аттуу альбом чыгарып, «Элес» тобу өздөрүнүн тарай турганы тууралуу коомчулукка жарыялайт. Учурда чачыраган топтун таланттуу балдары Нурлан Мамбетов Казакстандын «Бангор» тобунда иштесе, Сергей Решетников Москвада Батырхан Шукенов менен иштешет. Ал эми Таалай Бейшеев «Аура» тобунун лидери катары таанымал.
ЖАҢЫ «ЭЛЕСТЕ» КЫЗ ЫРДАЙТ
Мына ошол легендарлуу топ кайрадан жанданып, жаңы курам менен толукталды. Аларга жолугуп, келечек максаттары, жаңылыктары менен ой бөлүштүк. Анда жаңы курамдын мүчөлөрү Денис Колючий, Эмил Ким, Айдин Жумалиев алдыңыздарда.
– Эмил, «Элес» тобун кайрадан түзүү идеясы кимдики?
– Биринчи кимден чыкты, эсимде жок. Бирок бул идеяны баарыбыз колдодук. Биз үч жигит тең «Элестин» мурунку курамында иштегенбиз. Топ тарап, ар ким өз жолу менен кеткенден бери көп убакыт өтүптүр. Казакстандан келгенибизге жарым жыл болду. Биздин милдет – кайып болуп кеткен «Элести» элине кайра кайтарып берүү.
– Айдин, силерди эл чын эле сагынып калган экен. Өткөндө концертте ырдаганыңарда күйөрмандарыңар өзгөчө кабыл алды...
– Ооба, биз дагы толкунданып ырдадык. Жааган жамгырга карабай, элдин жүзү кубанычка толуп турганын байкадык. Бул демибизге дем кошту. Жакында «Элес» тобунун 25 жылдык мааракесин өткөрөлү деп турабыз. Чоң программадагы концертте топтун тарыхында калган музыканттардын бардыгы келип ырдайт деп ишендирип кете алабыз. Андан тышкары альбом чыгаруу менен алекпиз.
Топтогу дагы бир жаңылык, курамыбызга кыз кошулду. Башкача айтканда, жаңы «Элестин» «фишкасы» – Салтанат. Тилекке каршы, ал азыр Бишкекте эмес. Сиз менен жолугушууга келе албай калды.
– Денис, «Элестин» тарыхында кыз болгонбу?
– Бир кыз ырдап кеткен. Бирок ал кыз көп убакыт топто болгон жок. Бул кызыбыз Салтанат – таланттуу ырчы. Андан үмүтүбүз чоң.
– «Элес» тобундагы күчтүү курам кайсы жылдары болду?
– «Элес» тобундагы ырчылардын дээрлик бардыгы таланттуу. Тигил же бул деп бөлүп көрсөтө албайм, бирок Нурлан Мамбетов болгон учурда топ мыкты «раскрутка» болгонун байкагам.
– «Элестин» курамы дагы жаңыланабы же төртөөңөр эле болосуңарбы?
– Бул толук курам деп айтуудан алыспыз. Топтун балдары да кайтып келиши мүмкүн. Мисал үчүн Эмиратта иштеген Азат аттуу таланттуу жигитибиз келип, «топко кошулам» деди. Жакында аны тосуп алганы турабыз. Нурлан Мамбетов, Адиль Чекиловдор бизди кызуу колдошууда. Ал эми калганын келечек көрсөтөт.
– Эл силерди күтүп жатат. Ошондуктан «Элестин» жаңы курамынан жакшы ырларды, көтөрүңкү маанайды күтөбүз.
Актан Исабаев: «МЕН «ЭЛЕСКЕ» ЭКИНЧИ ӨМҮР БЕРДИМ»
– Актан байке, «Элес» тобуна качан киргенсиз?
– Мен «Элес» тобуна кирген эмесмин, «Элеске» экинчи өмүр бергем. 1985-жылдары түзүлгөн «Элес» чогулуп, кайра тарап жүргөн учурда Азамат Аширбаев мага чогуу иштешкенге сунуш киргизди. Бул 1995-жылдар болчу. Экөөлөп жакшы аппаратураларды сатып алып, ырларды жаздыра баштадык. Акча маселесин мен чеччүмүн. Ошол учурда Казакстандан Сергей Соколов деген жигитти чакырып, ага батирге акчасын төлөп берип, Адиль Чекиловду чакырып, ишти баштап жибердик. Эмгегибиздин натыйжасы жакшы болду. 1999-жылдарда Москвага жөнөп кеттик. Төрт ай жүрдүк. Ал жактан орун-очок алып кетүү да оор экен. Ошондон улам бири-бирибизди түшүнбөстүктөр келип чыкты. Андан көп өтпөй эле мен топтон чыгып кеттим. Азамат каза болгондон кийин, «Элес» тобу биротоло жоюлуп кетти.
– «Элес» тобу кайрадан чыгып, өз ордун таап кетерине ишенесизби?
– «Элести» азыр алып чыгып жаткандар – мурунку курамдын жигиттери. Топтун аты менен чыгып, «Элести» калыбына келтирүүгө алардын толук акысы бар. Бирок «Элес» тобун ошол бийиктиктен түшүрбөй алып кете алабы, маселе мына ошондо.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg