ИНТЕРНЕТ ЖЫЛДЫЗЫ БЕКБОЛОТ САДЫР ЖАПАРОВДОН БЕЛЕК АЛДЫ

Интернет жылдызы Бекболот Бактыбеков өлкө башчы Садыр Жапаров менен онлайн форматта жолугуп, белек алды. Ал “Ысык-Көлдүн Балбай баатыр айылына эки кабат мектеп салып бериңиз. Мектебибиз көгөрүп кетти” деп Садыр Жапаровго кайрылып интернет жылдызына айланган.

Садыр Жапаров кичинекей Бекболот менен видео чалуу аркылуу сүйлөштү.Президент Москвага болгон иш сапарынан келгенден кийин Бекболотту кабыл ала тургандыгын билдирди.
Мындан тышкары Садыр Жапаров интернет жылдызына куран китеп, ноутбук жана акчалай сыйлык берген.
Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек: "Учурда Садыр Жапаров аралыктан иштеп жатат. Эгерде жакынкы күндөрү Бекболотту кабыл ала турган болсо аралыктан кабыл алышы мүмкүн же жолугушууну кийинкиге жылдырат",- деп билдирген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 950, 18-24-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан