Ырчы Омар 14-февралда уулдуу болду. Экинчи ирет ата болуп жаткан ырчы сүйүнүчтүү кабары менен социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү:
– Жубайым аман-эсен көз жарып алды. Уулум чын жүрөктөн эл-жерине кызмат кылган, ыймандуу, адамгерчиликтүү жигит болуп чоңойсун деп тилеп жатам.
Наристенин бешик боосу бек болсун!