ЧОЛПОН-АТАДА ЭЛ АРАЛЫК МАРАФОН ӨТӨТ

15-майда Чолпон-Ата шаарында ШКУнун «Run the Silk Road Ысык-Көл» эл аралык марафону старт алат. Марафонго ШКУга мүчө өлкөлөрдүн алдынкы спортчулары жана жеңил атлетика боюнча кыргыз курама командасынын мүчөлөрү катышат. Марафондун алкагында 42 чакырым 195 метр, 21 чакырым 97 метр, 10 чакырым, 3 чакырым аралыкка чуркоо жана 3 чакырым аралыкка скандинавиялык басуу каралган.

Белгилей кетсек, 2021-жылдан тартып Ысык-Көл эл аралык марафонунда спортчулар нормативдерди аткарса, Олимпиада оюндарына, Дүйнөлүк чемпиондукка жана Азия оюндарына лицензия ала алышат.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 950, 18-24-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан