Официанттан Голливуд жылдызына айланган МАРГО РОББИ
Миллиондогон каректерди экранга жипсиз байлаган Марго Робби көпчүлүктү кызыктырса керек. Жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан сулуу блондинка кантип Голливуд жылдызына айланган? Анын жашоо сүртүмүн баяндайбыз.
Толук аты – Марго Элиз Робби
Туулган жылы – 1990-жыл, 2-июль
Туулган жери – Дэлби шаары (Австралия)
Бою – 1 метр 68 сантиметр
Кесиби – актриса, кинопродюсер
Жолдошу – Том Экерли
10 ЖАШЫНДА ОТУН ЖАРЫП, УЙ СААГАН
Келечектеги актрисанын балалыгы Австралиянын Голд-Кост шаарында чоң ата-чоң энесинин чарбасында өткөн. Атасы апасын төрт баласы менен таштап кеткенден кийин Марго аны менен байланышты үзүп салган. Жалгыз бой калган апасы балдарын багуу үчүн карыларды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды дарылап, физиотерапевт болуп иштечү. Каникул маалында балдарын фермага жөнөткөндүктөн, Марго 10 жашында отун жарып, уй сааганды үйрөнгөн. Робби мектепти аяктагандан кийин колледжге тапшырат. Апасына жана бир туугандарына көмөк көрсөтүү үчүн официант, үй кызматкери жана дүкөндө сатуучу болуп 3 жумушта иштеген. Көкүрөктү уялаган талант жөн жаткан жок, болочок актрисага Мельбурнга барып актёрдук чеберчилик боюнча окууга багыт көрсөттү. Тырышчаак кыз күндүз окуп, кечкисин иштеп, кастингдерге катышууга да жетишчү.
БАГЫН АЧКАН “КОҢШУЛАР” СЕРИАЛЫ
Маргонун дебюттук ролдору бактысын ачты деп айтуу кыйын. Бирок 2008-жыл Марго үчүн ийгиликтүү жыл болду. 1985-жылдан бери Австралиянын телеканалдарында үзгүлтүксүз көрсөтүлүп жаткан “Коңшулар” сериалынын кастингине катышат. Популярдуу сериалдын жаңы каармандарынын бири Донна Фридмандын ролу буюруп, сериалга 3 жыл тартылган. Бул роль актрисага атак жана абройлуу сыйлыктарды алып келген.
2013-жылы Ричард Кёртистин "Келечектеги жигит", Мартин Скорсезенин "Уолл-стриттен чыккан карышкыр", Крэйг Зобелдин "Z – демек, Захария" тасмаларына тартылган. 2016-жылы Марго Жокердин сүйүктүүсү катары “Жанкечтилер тобунун” катарына кошулган. Бул тасма мыкты грим жана мыкты чач жасалгалоосу үчүн “Оскар” сыйлыгын жеңип алган. 2017-жылы көркөм муз тебүүнүн көшөгө артындагы ырайымсыз дүйнөсү тууралуу тартылган "Тоня баарына каршы" аттуу тасманын башкы каарманы болгон. 2020-жылы Марго Робби Николь Кидман жана Шарлиз Терон менен биргеликте тартылган “Скандал” биографиялык драмасы жарыкка чыкты.
ЖАШООСУНА БУРУЛУШ ЖАСАГАН РЕЖИССЁР
Актриса сүйлөшкөн жигиттеринин аттарын эч качан жашырган эмес. Маргонун алгачкы сүйүүсү Мэттью Томпсон. Мектеп кезинде сүйүшкөндөр кийин дос бойдон калышкан. Лос-Анжелеске көчүп келгенден кийин актриса колледжде Марк аттуу студент менен мамиле курган, бирок бул сүйүү узакка созулган эмес. 2012-жылы маалымат булактарынан Марго Леонардо Ди Каприо менен мамиле куруп жатканы белгилүү болот. “New York Post” гезити Голливуд жылдызы актрисанын батиринде түнөп калганы тууралуу жазган. Бирок “Уолл-стриттен чыккан карышкыр” тасмасынын жылдыздары бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышкан. Актрисага “Француз сюитасы” мелодрамасы болочок жолдошун жолуктурду. Тасма аянтчасында режиссёрдун жардамчысы Том Экерли менен сүйүү оту тутанып, түгөйлөр 3 жыл сүйлөшүп, 2016-жылы актрисанын мекени Австралияда баш кошушкан.
АКТРИСА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
-
Актриса картошка, гамбургер жана сыраны жакшы көрөт.
-
Марго тасмада эң татаал трюктарды өзү аткарат. "Жанкечтилер тобу" тасмасында акробатикалык трюктарды аткарган.
-
Эгер сиз козголоңчул томбой стилин (эркек мүнөздүү чач жасалга, кийимди тандагандар) жактырсаңыз, анда Марго Робби менен бир толкундасыз.
-
Кызыл килемде актрисанын жогорку сапаттагы көйнөктөрүнө суктанганыбыз менен, күнүмдүк турмушта футболка, чолок шым, кроссовка кийгенди жактырат.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.