Тилек Жээнбеков, мушкер: “УНААМДЫ СУРАГАНДЫН БААРЫНА БЕРЕМ”

Унааң болсо кандай жакшы. Убакытты үнөмдөйсүң, бара турган жериңе зуулдап жетип барасың. Анда бул сапар WEF Global, Angel’s Fighting уюмдарынын чемпиону, мушкер Тилек Жээнбековдун темир тулпары тууралуу сөз кылабыз.

Үлгүсү – Toyota Highlander

Чыккан жылы – 2009-жыл

Кыймылдаткычынын көлөмү – 3500 сантиметр куб, гибрид

Орточо базар баасы – 15-20 миң доллар

Эң жогорку ылдамдыгы – саатына 220 чакырым

– Арыбаңыз, Тилек мырза. Ушул тапта канча унааңыз бар?

– Эки унаам бар. Бул менин экинчи унаам. Гибрид. Ылдамдык 60тан ашпаса ток менен, 60тан жогору болуп кетсе бензин менен жүрөт. Абдан үнөмдүү машина, үй-бүлөмө жакшы кызмат кылып келе жатат.

– Алгач ирет рулга отурганыңыз эсиңизде болсо керек?

– 4-5-класста болсом керек эле. Эшиктин алдында аянтчада балдар ойноп жатканбыз. Атам жумуштан келип, машинасын токтотуп үйгө кирип кетти. Айылда эч ким тийбейт, машинаны бекитпейт деле да. Ошондо рулга отуруп досторума түрттүрүп алып, сүйүнгөн бойдон кетип бара жатам. Балдар эки метр жерге чейин түртүшөт. Унаа айдап баштаганда тосмолорду сүзүп алып, ата-энемден тил уккан учурлар болгон. 7-классымдан баштап рулдамын десем болот. Айдоочулук күбөлүктү 18 жашымда алгам.

– Окуп алдыңыз беле?

– Чынын айтсам, окуганга убактым болгон эмес, сатып алгам. Анткени өзүм студент болчумун, кошумча иштечүмүн. Ал кезде шаарда тууган-туушкан деле аз болчу. Өзүбүз иштеп жан багып, ошону менен биргеликте спортко басым жасачумун.

– Кандай айдоочусуз, жол эрежесин көп бузасызбы?

– Мен деле пендемин, эреже бузам. Жаш кезде айдоочулук күбөлүгүбүздү алдырып, айып пул төлөгөн учурлар болгон. Албетте, мыйзамга баарыбыз баш ийишибиз керек. Кыргызстан кичинекей, баарыбыз бири-бирибизди тааныйбыз. Кээде МАИ кызматкерлери таанып, жакшынакай эскертүү берип коё беришет.

– Далдоо жерге туруп тосуп калган МАИ кызматкерлерин жаман көргөн туурабы?

– МАИ кызматкерлерине эч кандай жаман сүйлөгүм келбейт. Ар ким өзүнүн кызматын аткарып жатат. Бирок көрүнүктүү жерге турушса айдоочулар алардан сестенип, жол эрежесин бузбаганга толугу менен аракет кылат деп ойлойм.

– Темир тулпарды бат-баттан алмаштырып турасызбы? Алардын эмнесине көңүл бурасыз?

– Ооба, бат-бат алмаштырам. Акыркы жылдары эле 20-30 чакты машина алмаштырдым көрүнөт. Каалаган машинамды алам, айдап көрөм, кайра сатам. Эч ким туура эмес ойдо калбасын. Азыр жаш кезде айдап көрө турган убак. Мүмкүнчүлүк болсо эмнеге болбосун? Биринчиден, дене түзүлүшүмө ылайык болуш үчүн чоңдугуна, анан көлөмүнө, күч-кубаттуулугуна басым жасайм. Ак жана кара түстөгү унаалар жагат.

– Эң алгачкы унааңыз тууралуу айтсаңыз.

– Биринчи жолу атам Ауди 100 деген унаасын мага белек кылган. Аны сатып, үстүнө акча кошуп Мерседес үлгүсүндөгү унаа алып айдап жүрдүм. Кийин үйлөнөрдө аны да саттым, акчасына үйлөндүм десем болот. Андан кийинки машиналарымды, ачыгын айтсам, спорттогу ийгиликтерим үчүн колунда бар, бизнесмен байкелерим белек кылышты. Ошондон улам да көп алмаштырдым.

– Негизи кайсы унааны кыялданчу элеңиз?

– Мерседес Гелендваген. Жаштын кыялын берет дегендей, Кудайым берип жатат, айдап көрүп жатам. Жаштарга айтарым, эң негизгиси, кыялды, максатты чоң койгула. Жакшы жүрсөк Кудайым ишке ашырып берет.

– Ылдамдыкты жакшы көрөсүзбү?

– Албетте, жаш муун ылдамдыкты жакшы көрсө керек. Мурун унааны катуу ылдамдыкта айдачумун. Үй-бүлөлүү болгондон кийин көп нерселерди ойлоп, катуу айдабайм. Бирок сагынасың, кээде жол тынч, эч ким жокто айдап коём.

– Техникага ишенич жок, унаа бузулуп калса оңдой аласызбы?

– Атам Союз учурунда айдоочу болуп иштеген. Ага жардам берип машина оңдошуп чоңойгом. Бирок азыр унаалар жаңы, өзүм оңдобойм. Бузулган жерде эвакуатор чакырып, оңдоочу жайга алып барам.

– Коомдук унаага түшөсүзбү?

– Акыркы 4-5 жыл ичи көбүнчө өзүмдүн унаам менен жүрөм. Студент кезде шаар ичиндеги коомдук унаалардын кайдан өтөрүн, каяктан тыгында көпкө турарын, бардыгын билчүмүн. Кээде ошол кезди сагынып троллейбуска түшөм. Боюмдун бийиктигине байланыштуу маршруткада кыйналып калам.

– Жолдо кандай окуялар кездешип турат?

– Биз негизи каныбыз кайнап турган калкпыз. Мүнөзүбүз курч. Жол эрежесин мен бузамбы же алар бузабы, айтор, токто деп сигнал берип аркамдан келишет. Токтойм, бирок машинадан түшпөйм. Ачууланып жаныма келип, көрүп унчукпай кетип калган учурлар көп болот.

– Жубайына караганда унаасын жакшы көргөн мырзаларга кандай көз караштасыз?

– Туура көз карашта эмесмин. Мен үчүн унаа эмес, жубайым биринчи орунда. Дайыма жанымда болуп, акыл кошуп, мага кам көрүп, таза кийим кийгизип эл алдына чыгарып жаткан жубайым болгон үчүн мен ушундай унааларды айдап жүрөм. “Аял жакшы – эр жакшы” деген макал бар эмеспи.

– Жакындарыңыз унааңызды сурап калса бересизби?

– Менин унаамды каалаганы минет. Сурагандын баарына берем. Анткени бул темир, бирөөнүн көңүлүн ооруткум келбейт.

– Көптөн бери беттешке чыга элексиз. Спорт жаатында кандай пландарыңыз бар?

– Эки жыл мурун жаракат алып калгам. Ошого байланыштуу беттешке чыга элекмин. Азыр даярдануу башталды. Дүйнөнүн ар тармагынан сунуштар болуп жатат. Буюрса, бул жылы беттеш өткөрөм деп турам.

– Маегиңизге рахмат! Бөөдө кырсыктан алыс болуңуз.

Динара Акимова

 Кыстарылган видео 
Тилек Жээнбеков, мушкер: "Эки жылда 20-30 унаа алмаштырдым"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
manatova
2021-02-22 12:00:52
Тойота Highlander
0
Shapak1979
2021-02-28 17:20:58
Мага 3күнгө берип турбайсызбы. Үй бүлөөмдү салып алып айылга барып келейин.)
+1
zara-919
2021-02-28 18:34:46
Молодец. Адамгерчилиги жогору жигит экен.
+1
№ 950, 18-24-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан