Алмазбек Атамбаев президент кезинде Кыргызстандын көптөгөн ири объектилерин тарттырып жиберүүгө жол берчү келишимдерге кол коюп салган. Маалыматты президент Садыр Жапаров 13-февралда маектеринин биринде айтты.
– Мамлекеттик кызматта "менин адвокатым, менин досум, тууганым" деген принцип болбошу керек. Ошондой принцип менен 30 жылдан бери жашап, мамлекетибиз жок болуп кетүү коркунучуна такалыптыр. Тышкы карызыбыз 5 миллиард долларга жакын, айрымдарын өз убагында төлөй албай калсак бир топ
объектилерибизден айрылабыз. Атамбаев келишим шартына “ушундайга макулбуз” деп кол коюп салыптыр. Бирок, буюрса, карызды өз убагында төлөйбүз, пландар бар,- деди Жапаров.
Өлкө жетекчисинин бул сөзүнө президенттин маалымат кызматы ЖМКларга комментарий берип, Жапаровдун айткандарын бышыктады. Бирок кайсы келишим, кайсы ири объектилер жөнүндө сөз болуп жатканын ачыктаган жок.
Буга чейин Кытайдын “Эксимбанкынан” алынган карыздар өлкө эгемендигине доо кетириши мүмкүн экени айтылып келген. Кытай тарап карызды Кыргыз өлкөсүнүн сотто суверендүү иммунитетинен, тагыраагы, мүлктүн кол тийбестигинен баш тартуу шарты менен бергени Жогорку Кеңештин трибунасынан да айтылган. 2018-жылы депутат Акылбек Жапаров карызды төлөө кечиктирилсе, келишимге ылайык, Кытай тарап Кыргыздан мүлк доолай аларын эскерткен. Ушул эле сөзүн депутат Жапаров жакында дагы кайталады.
Расмий маалыматка таянсак, Кыргыз өлкөсү Кытайдын “Эксимбанкынан” 1 миллиард 712 миллион доллар насыя алган. Бул каражаттын 1,3 миллиард доллары “600 долларлык кычкачы” менен белгилүү Бишкек ЖЭБин модернизациялоо, “Датка” көмөкчордонун, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруу, “Датка-Кемин” электр чубалгысын тартуу өңдүү ири долбоорлорго жумшалган. Бул иштер Алмазбек Атамбаевдин президенттик жылдарына туш келет.
Жумабай Акимов