Садыр Жапаров: “МИТИНГ УЮШТУРУП, ӨЛКӨГӨ БҮЛҮК САЛГЫСЫ КЕЛГЕН КҮЧТӨР БАР, АЛАРДЫ ЭЭРЧИБЕГИЛЕ”

Президент Садыр Жапаров Бишкекте коррупцияга каршы уюштурулуп жаткан митингдердин артында башка күчтөр турат деген пикирде. Сөз – Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата чыгарылган сот чечимине нааразычылык жөнүндө болууда.

Райым Матраимов "тергөө менен кызматташуу" деген берененин негизинде күнөөсүн моюнуна алып, 2 миллиарддан ашуун акча төгүп берген. Бул бир эле эпизод боюнча. Кечээ сот ошол эпизод менен 260 миң сом айып пул салыптыр. Соттун ишине кийлигишпейбиз. УКМКнын берген маалыматы боюнча кошуна өлкөлөргө, Дубайга кандай операцияларды жасаганы жөнүндө, банктык эсептери жана мүлктөрү боюнча суроо салып кат жөнөтүшүптүр. Алардын жообу келсе иш уланат, бул бойдон калбайт. Ар кайсы күчтөр же алардын артында акча менен камсыздап, “Кыргызстанга бүлүк салгыла, жекшемби сайын митинг уюштургула” деп буйрук берип турган күчтөрдү да билебиз. Ошолордун жетегине кирип кетпегиле. Баш аламандык болуп кетсе, алар элдин тагдырына жооп бербейт,- дейт Садыр Жапаров.

Эскерте кетсек, 11-февралда УКМК тарабынан кармалган Райымбек Матраимовго Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 260 миң сом айып салынган. Буга чейин ал мамлекетке 2 миллиард сом төлөп берген.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 950, 18-24-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан