Баткенде Кыргыз-Тажик чек ара тилкесине байланыштуу кайрадан жаңжал чыкты. Чырдын себеби – Тажикстан жарандарынын тактала элек аймакка көчөт отургузуу аракеттери. Кыргыз чек арачыларынын “токтоткула” деген талабын угушпай, ортодо жаңжал тутанган.
14-февралда Баткендин 3 районунун жашоочулары митингге чыгышып, президент Садыр Жапаровго салам-дубай жолдошту. “Чек арага өзгөчө көңүл бурулат дебедиңиз беле?” деген суроону берип, талаптарын айтышты. 15-16-февралда ушундай эле маанайдагы митинг Бишкекте өтүп, ага ондогон жарандар катышты. Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаевдин айтымында, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген өкмөттүк комиссия март айынын башында чек ара боюнча Тажикстан менен сүйлөшүүнү баштайт. Өкмөттүк деңгээлдеги сүйлөшүүлөр бир топ жылдан бери жүрүп келет, бирок жыйынтык чыга элек. Азыркы бийлик майнап чыгара алабы? 15-февралда “комиссар Каттани” атыккан белгилүү генерал Өмүрбек Суваналиев Баткен облусунун башчысы болуп дайындалды. Буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын аркалаган, духу күчтүү деп сыпатталган Суваналиевден элдин бир бөлүгү “маселебиз эми чечилер” деп үмүт кылып турган чак.
УКМКнын маалыматына таянсак, 16-февралга карата эки тараптын чек ара кызматкерлери өз позицияларында турушат. Тактала элек аймактагы бардык иштер токтотулду.
Премьер-министр Улукбек Марипов учурда Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселеси каралып жатканын жарыялады.
17-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы абал курчуп турган Баткен облусуна барат деген расмий маалымат жарыяланды. Айтылгандарга таянсак, ден соолугуна байланыштуу учурда чет өлкөдө жүргөн Ташиев 18-февралда эртең мененки саат 10:00дө Бишкектин "Манас" аэропортуна келип түшүп, саат 11:00дө Баткенге учуп кетмекчи. Коомчулукта "оор учурда Орусияга жасалчу сапарын жүйө келтирип, президенттин обочолонуу режимине кетип калганы туура эмес" деген сындар айтылып жатканда "Ташиев Баткенге барат" деген маалымат жарандардын бир бөлүгүнүн көңүлүн тынчтандырды.
Жумабай Акимов