ТАП-ТАП ТАПАЛАК, КОАЛИЦИЯ ТАБЫШМАК...

Мезгил үнү

Өлкөнүн “тагдыр чечүүчү” деп аталган шайлоосу болуп өтүп, расмий маалымат жарыялана элек болсо да, алдын ала берилген жыйынтыктар чыкты. Аны көргөн-уккандардын кээ бири жыйынтыкты кубаныч менен кабыл алса, көпчүлүгү “бул кандайча?” деген суроого жооп таппай отурат.

СТАРТКА! ЖЕ ШАЙЛООНУН АЛДЫНДА...
Дүйнөгө экинчи жолу "дүңк" болгон 7-апрель окуясынан бери жарым жылдан ашуун убакыт өттү. Бул аралыкта бийликтин башкаруу түрүн парламенттикке өзгөрткөн Баш мыйзам кабыл алынды жана өткөөл мезгилде Кыргызстандын башына айым президент келди. Беш жыл өтпөй кезектеги ажо бийлигинен ажыраса, жыйырма жылдан кийин өлкөнүн түштүгүндө улуттар аралык кагылышуу кайталанды.
Шайлоого чейин бир топ серепчилер Убактылуу өкмөттүн курамында болгон бийликчил партиялар жеңишке ээ болорун айтып келишкен. Же буга чейинки шайлоонун жыйынтыктары бизди "дайыма бийликтегилер жеңет" деген ойго көндүрүп койгон көрүнөт. Ошентип, 10-сентябрда шайлоонун үгүт кербени башталып, 7-апрелге чейинки оппозициячыл партиялар өз күчүнө өтө ишенгендиктенби, биригип чогуу чыгуунун ордуна өз-өзүнчө ат салышты. Ал эми 7-апрелден кийин жаңы оппозициянын курамын түзгөн айрым партияларды канчалык "бакиевчи" же "акаевчи" деп аташпасын, шайлоодо бириндеп чачырабай, бирге барууну чечишти.

ҮГҮТ ЖАРЫШЫНДА КИМ УТТУ, КИМ ЖЕҢИЛДИ?
Бир айдын ичинде борбор шаар, Кыргызстандын булуң-бурчу түркүн түскө боёлуп, үгүт кампаниясынын соңунда карапайым калк телевизор көрүүдөн, радио угуудан жана гезит окуудан тажап калган деңгээлге да жетти окшойт. Алдын ала жыйынтык боюнча, беш партия ЖКдан орун алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Биз бул партияларга кыскача токтолуп өтүүнү туура көрдүк.
Биринчиликти алган "Ата Журт" партиясы үгүт кербенин кызыктуу өт­көр­дү. "Ата Журт" партиясы Нариман Түлеевди Бишкекке алып келет” деген көрнөк-жарнактар айрымдарды кубантса, көпчүлүктүн кыжырын келтирди. "Монтаждалган" деп айткандарына карабай, чындык катары интернет баракчаларына тарап кеткен Камчыбек Ташиевдин “Бакиевди мекенге кайтарабыз” деген сөзү партиянын борбордогу кеңсесин зыянга учуратты. Ошентсе да аталган партия шайлоодо биринчиликти алды. Муну серепчилер "түштүктөгү кандуу окуя учурунда жакшы упай топтоп, электораттын ишенимине ээ болушту" деп түшүндүрүшүүдө. "Ата Журттун" алга озуп чыкканына таң калгандарга Камчыбек Ташиев: "Ушундай эле жыйынтык болмок. Муну күтпөгөндөр, демек, элдин оюн, маанайын билишпеген",- деп жооп берди.
КСДП менен "Ар-намыс" орусиячыл маанайдагы партиялар экендигин даңазалап, муну үгүт кербенинде пайдаланууга да жетишишти. Алсак, КСДПнын лидери "Орусия Атамбаев менен" деген жарнамаларын алып чыгып, Путин менен жакшы алака курганын жашырбады. "Темир генерал" – Феликс Куловго келсек, үгүт кербенинин соңку апталарында Орусиянын президенти Дмитрий Медведев жана Казакстандын ажосу Нурсултан Назарбаев менен жолукканына көп басым жасады. Айрыкча "Ар-намысты" колдогон Орусия НТВ деген "куралы" менен "Ата Мекенди" "аткылап" жатып, көбүрөөк добуш топтоого жардам берди. Анын үстүнө "мыйзам жана тартипти орнотобуз" деген жарыялары жарым жылдык баш аламандыкта жашап келген көп адамдарга ынады.
Жаш ишкерлерди чогулткан жана башкаларга салыштырмалуу кечээ эле түзүлө калгандай сезим калтырган "Республика" партиясы да үгүт кербенин “Орусия – биздин стратегиялык шериктеш” дегенден баштады. Аталган партияга караганда, акыркы 19 жылдан бери саясатта такшалган жана күрөшүүдөн тажабаган "Ата Мекен" партиясынын "криминалды жарым жылда жок кылабыз, өлкөдө "смотрящийлер" жок болот" деген сөзү эл ичине кеңири тарады. Ушул сөздөр кримчөйрөнүн чоңдоруна жакпаганы турган иш. Айтор, айрым гезиттерден дубай салам айттырып, "жок кылабыз десе жоготсун, болбосо Текебаевге өзүбүз барабыз" деп жыландын башын эмитен эле кылтыйтып киришти.
Үгүт учурунда партиялардан далай жылуу-жакшы убадаларды уктук. Ал убадалар боюнча өлкөгө мыйзам, тартип орноп, светтин баасы текейден арзан болуп, ипотекалык жеңилдетилген насыяларга маарыдык. Эми мунун баары ишке ашабы? Убадаларды тизмелеп жазып, күтө туралы.

ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ...
Бүгүнкү өкмөттү жана парламенттик башкаруу бийлигин колдогон партиялардын башчылары таза жана калыс шайлоого жол ачып беришти. Мунун чындык экендигин буга чейин Убактылуу өкмөткө каршы чыккан саясатчылар да моюнга алышты. Бирок калк жеңишке жеткен партиялардын тең жарымын "баягылар" деп атап, "бийликтин эки тизгин бир чылбыры кайрадан эле мурункуларга тийчү болсо, анда 7-апрелдин кереги бар беле?" деген суроолорго жооп таппай убара. Кыскасы, кыл чайнашкан беш партия ЖКдан орун алып, бийлик бөлүштүрүү, андан кийин чогуу иштешүү башталганда кырылышпаса болгону... Андан көрө күч-кубатты жана убакытты Кыргызстанды тез аранын ичинде саясий жана экономикалык каатчылыктан алып чыгууга жумшоого акылдары жетер деп үмүт эте туралы.

ӨКМӨТТҮ КИМДЕР ТҮЗӨТ?
Коалициянын кандай варианттары болушу мүмкүн?

1. Эгерде Орусиянын таасири менен болсо...

2. Парламентаризмди жактагандар болсо...

3. Эгерде саясий талаадагы тажрыйбалуу партияларга басым жасалса...

4. Убактылуу өкмөттү колдобогондордун тобунан турса, анда «Ата Журт», «Ар-намыс» жана «Республика» партиялары биригиши ыктымал.


ТӨЛГӨЧҮЛӨРДҮН ШАЙЛООДОН КИЙИНКИ СӨЗҮ

Өткөн аптада “шайлоонун жыйынтыгы кандай болот?” деген суроо менен көзү ачыктарга кайрылып, алардын жоромолдорун жарыялаганбыз. Шайлоо өткөн соң алар эмне дешет? Жоопторун угуп көрөлү.

Майрам Жакыпбек кызы:
– Мен өткөндө "1-орунга "Ата Мекен", 2-орунга КСДП, 3-орунга "Ар-намыс" чыгат" деген элем. Силер сурооңорду мага кабарлаганыңарда төлгө салып көргөм. Анда 1-орунга "Ата Журт", 2-ге КСДП, 3-орунга "Республика" чыккан. Бирок жолдошум мени менен урушуп-талашып жатып, "Ата Мекен" чыгат" деп көндүргөн эле.

Индира:
– Төлгөм боюнча "Ата Мекен" партиясы 1-орунда деп түшкөн. Эгер таза шайлоо болсо, жыйынтык ушундай болмок. Менимче, добуш берүүдө акча чоң роль ойноп кетти. Акчанын энергиясы укмуштуудай күчтүү. Ошол энергияга көп адам тартылып, шайлоонун жыйынтыгы күтүлбөгөндөй өзгөрдү. Чындыгында, "Ата Мекен" өңдүү партиялар "шайлоо демократия жолу менен таза өтөт" деп ишенип отуруп, артта калышты. А менин карталарым чукул өзгөрө турган нерсени көрсөтө албаптыр.

Асел Каракойчиева:
"Ата Мекен" партиясы көтөрүлүп бара жатып, эмнегедир кайра түшүүдө" деген элем. Бирок силер ушул сөзүмө маани бербептирсиңер. "Дагы бир партияны көрүп турам" деп, бирок атын так айта албай койгом. Көрсө, ал “Ата Журт” турбайбы.

Кубанычбек Мурзаев:
– Аталарым "шайлоодон кийин Араванда толкундоолор болот" деп айтышкан. Бул диний агымдардын толкуну ошол жакта байкалат дегендик. Мындай толкундоо эртең же бүрсүгүнү болот дегенден алысмын. Мага аян алдын ала берилет. "Шайлоо эки тур менен бүтөт окшойт" дегеним азыркы депутаттардын бир бүтүмгө келе албай жатканы болсо керек.

Эльвира Караева
politika@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ШАЙЛООДОН МЫНДАЙ ЖЫЙЫНТЫКТЫ КҮТТҮҢҮЗ БЕЛЕ?

Замир Арыкбаев,
29 жашта, ырчы:
– Элдин калың катмары "Ата Мекенди" өтөт дешти эле. Андыктан шайлоо жыйынтыгы күтүүсүз болду. Бир ай бою "Ак шумкардын" үгүт иштерине катышып калгандыктан, ушул партия ЖКдан орун алса экен дегем. Ал эми "Ата Журт" артта калбаса дагы, экинчи орунду ээлейт деп ойлогом.

Калбүбү,
63 жашта, пенсионер:
– "Ата Журттун" жеңип алганын угуп, "шок" болдум. Себеби "Ата Мекенди" колдодум эле. Мага "мыйзамдын темир калканы" деген "Ар-намыстын" да өткөнү жакты. Анткени депутаттардын 20 жылдык мыйзамдары иштебей жатпайбы.

Дүйшөн,
49 жашта, кароолчу:
– Баягы эле паракорчулук басым кылды. Көр кишиге деле билинип калса керек, шайлоонун жыйынтыгы сатылып кетти деп эсептейм. Өзүм эл үчүн иштеп берет деп, "Ата Журтка" добуш бердим. Бирок жеңишине өтө кубанган жокмун.

Бурул,
21 жашта, лаборант:
– Таң калычтуу болду. Чынын айтсам, жыйынтыкка ишенгим келбей жатат. Тууган-тааныштардын да нааразы болгонун күндө угуп жатам. Өзүм шайлоого катышкым келген, бирок айылга катталгандыктан, бара алган жокмун. Көп партиядан элдин башы адашып калды окшойт.

Улан,
22 жашта, коопсуздук кызматкери:
– "Ата Журттун" утуп алганын Нариман Түлеевдин аткарган кызматына байланыштырам. Бул партияны мындан да көп добуш алат деп күттүм эле. Ал эми "Ата Мекендин" акыркы орунда калганына орустардын телеканалдары таасир берип койду.

Малик,
73 жашта, пенсионер:
– Күткөнүмдөй болгон жок, көпчүлүгү акча менен өттү. Мурункудай ким элге акча таратса, ошолор утту. Эми биз кедей адам болгондуктан, өзүмө окшош Мадумаровду колдодум эле. Колунда пулу жок үчүн көп добуш албай калды окшойт. Илгеркидей эле шайлоонун жыйынтыгын ойдон чыгарып коюшту.

Сайрагүл,
40 жашта, соода мекемесинин директору:
– Акыркы күнгө чейин "Ата Мекенди" сөзсүз биринчи болот деп күттүм эле. "Ата Журттун" озуп чыгары түк оюма келген эмес. Көп жылдар бою эл үчүн иштеп келген Өмүрбек Текебаевдин кай жерден жазганын түшүнбөй жатам.

Эльвира Караева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
aminali
2010-10-15 18:23:02
ATA MEKEN,ATA MEKEN birin4i jeniw sizderdiki bawkw partialarga okwop ugut kilsanizdar koz tiip ketmek,jonokoi kalk sizder menen bizdin olkonun 95%jonokoi el demek jalpi kalk sizder menen 5 jilbi 10 jilbi sizder bilike kelmeiin4e tin4tanbaibiz sizder gana KIRGIZ elinin ku4usunor......
0
antislav
2010-10-15 19:31:20
Парламентаризмди колдогон коалиция тузулсо жакшы болмок.Орусчул партиялардын алган добуштарынын басымдуу болгонуна Орус тоболдору табасы кана кубанып олтургандыр.Ушул Бабановго Кудай ынсап берип,парламеинтаризмди жактап калса экен.
0
antislav
2010-10-15 19:34:33
Козу ачык бакшылардын айткандарын окуп алып аргасыз кулосун.Баардыгы айткандарынын дал келбей калганын,ар кандай ойдон токулган уламыштары менен тузотууго аракет кылышуптыр.Кудайдан корккула.
0
anz
2010-10-16 09:54:03
баарынан да толгочулор ынгайсыз абалда калышыптыр, кудайдан улук суйлогонунор туура эмес
0
Nurmat
2010-10-16 13:35:58
Дагы деле болсо карышкырлар
0
Барс
2010-10-17 11:28:39
Макала объективдүү жазылышы менен мага жакты!
0
FAMIEL
2010-10-17 14:16:03
Ким билет,ким билет,чет жактарда аргасыз иштеп жургондор оз Мекенибизде таза шайлоо отуп,татыктуу эл башкаруучулар келип,экономиканы ондосо оз жерибизге кайтып иштесек деген жылуу,жагымдуу умуттор,тилектер менен биронун жеринде журобуз,ылайым шайлоонун жыйынтыгы элдин
0
Саби
2010-10-17 16:40:08
Менин дагы укканым боюнча озумдун оюм боюнча деле Ата-Мекен 1 -ликти алат дегем бирок Ата -Журттун отуп кетиши тан калыштуу болду
0
kleine
2010-10-18 01:27:30
Da,men bilgenden da baary ele Ata-Mekenge dobush berip zhatyshkan, chyn ele satylyp kettibi?Emnesi bolso da, myndan ary taza ishtep berishse boldu,birok,ishenuu oto ele kyjyn!
0
Nargiz
2010-10-18 10:58:59
Ата Мекен 1ликти алмак шайлоо таза болгон жо деп ойлойм
0
cosmopolit
2010-10-19 16:45:42
а дейбиз ду дейбиз...ак ийилет бирок сынбайт дейт...кенедей 5млн элди башкара албай эле жатышат 50 млн болсо эмне болмок...качан биримдик ынтымак болмойун башаламан боло берет...
0
cosmopolit
2010-10-19 16:48:16
биринен бири эле мен кыйынмын дейт кыйраткан эчтекелери жок элди кыйнагандан башка...эмнеси болсо да эл журт тынч аман эсен болсун...
0
Expert
2010-10-25 13:29:41
"Козум ачык" деп жин-шайтанга ишенгендерди кармап алып, бирден мууздасан.Ушунча 5млн элди кантип алдап,кантип Кудайдан коркпой суйлой алышат,тообо. Ал эми "куйоом менен тартышып" деген шылтоолорун окуп алып кулбогон жерим менен кулуп ийдим го.
0
Expert
2010-10-25 13:33:26
Булар адам беле?Адам эмес,адамдардан чыккан сасыткы булар.Ничтожества!!! Мындай нерселерди газетага чыгарып,анча-мынча акылы тайкы адамдарды кызыктырып,адамдардан ыйманды кетирип атканынарды тушунуп атасынарбы,Супер-Инфо?Мусулманчылыкка жатабы ушул нерсе?
0
№ 415, 15-21-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан