Өлкөдө коронавирус илдетинин жайылуусу басаңдап жатканы байкалууда. Бул тууралуу 16-февралда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
– Өсүү темпи басаңдады, абал туруктуу. Бирок ага карабай бет кап тагынуу, аралыкты сактоо эрежелерин кармануу зарыл. Европа өлкөлөрүндө, коңшу мамлекеттерде коронавирус илдети басаңдаганы айтылып жатат. Орусияда бир айда дээрлик 2 эсе азайды деп маалымдалууда. Казакстанда мурда суткасына 1000-1500 адамдан илдет аныкталып жатса, акыркы суткада 607 адамдан табылганы айтылды. Коронавирустун жугуштуу жаңы түрү дагы деле кооптуу,- деди Үсөнбаев.
Айта кетсек, 16-февралга карата өлкөдө 1 суткада 48 адамдан аталган илдет табылса, 85 адам айыгып чыкты. Жалпы республикада 85 564 адам илдетти жуктуруп алса, анын 82 391и айыгып чыкканы айтылды. Каза тапкандардын жалпы саны – бүгүнкү күнгө карата 1444 адам.
Жумабай Акимов