БИР БҮРКҮМ. СТУДЕНТТЕР МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ...

  • Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиядагы ажылык зыяраттан Бишкекке кайтып келди.
  • Жергиликтүү кеңештерге ат салышчу талапкерлер 11-мартка чейин шайлоо күрөөсүн төгүшү керек.
  • Шайлообек Атазов 2015-жылкы тизме боюнча “Ата Мекенден” парламентке депутат болот, ал жакында башка кызматка дайындалган Искендер Гайпкуловдун ордуна келет.
  • 15-февралда Бишкекте студенттер окуудагы келишим акыны 50 пайызга чейин арзандатуу талабы менен митингге чыгышты.
  • Канатбек Тургунбеков Финансылык чалгындоо кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
  • Бакыт Матмусаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
  • Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди 2 айга камакка алган райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
  • Президент Садыр Жапаров 24-25-февраль күндөрү расмий иш сапары менен Орусияда болот.
  • Финпол Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүлөрү белгилүү болду.
  • 11-апрелде өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого мамлекеттик казынадан 422 миллион 231 миң сом жумшалат.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 950, 18-24-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан