Архив
944   945   946   947   948   949   950  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Минур Алтынбеков, ырчы: «БИЗДИН СҮЙҮҮ ДОСТУКТАН БАШТАЛГАН»

№950 18-24-февраль, 2021-ж.


Достуктан башталган сүйүү. Башында кыз курбуларынын “ушул досуңа эле тиесиң го” деген сөздөрүнө так секирип, андай ойду жолоткусу келчү эмес. Анткени жигит менен кыздын ортосунда достук болоруна ишенчү. Муну тагдыр дейбизби же дагы башка дейбизби, эки дос акыры кыналышкан жан шерикке айланышты, Алихан аттуу уулдуу болушту. Жарашкан түгөйлөр ырчы Минур Алтынбеков менен жубайы Жазгүл Абылбекованын махабат баяны назарыңыздарда.

– Минур, Жазгүл, баары кантип башталды? Достук мамиле кантип сүйүүгө жетелейт экен?

Минур: – Жазгүл менен 2015-жылы Инстаграмдан таанышканбыз. Анын бардык сүрөттөрүнө "лайк" коюп чыгып, “салам” деп жазсам 2-3 күндөн кийин жооп берди. Башында дос болуп жүрдүк. Кийин ичим уйгу-туйгу болуп кызгана баштадым. Курбусунун туулган күнүнө кафеге барып, түнкү саат 1-2де чыкса да ошого кайыл болуп машинада күтүп отура берчүмүн. Азыр ойлоп, “эмне азап?” дейм да (күлүп). Үйүнө жеткирип, анан кетчүмүн. Ошентип менин сезимдерим биринчи ойгонду.

Жазгүл: – Минур “Инстаграмдан таанышканбыз” деп айтып калбадыбы. Ал датаны жакшы билем. 5-февралда биринчи жолу жолукканбыз. 6-февраль курбумдун туулган күнү болчу. Ошол себептен эстеп калгам. Жолукканда эле жакшы сүйлөшүп кеттик. 2 жыл дос болуп жүрдүк. Туулган күндөргө барганда башкача мамилесин сезе баштадым. Курбуларым “эмнеге күтө берет?” деп сурап калышчу. “Ушу сен Минурга эле тиесиң” десе “жок, биз доспуз” дечү элем. Көрсө, туура эле айтышыптыр (күлүп).

– “Кайнененин камырынан” деп коюшат эмеспи. Келинчегиңиздин апаңызга окшош жактары барбы?

М.: – Апам менен Жазгүлдүн мүнөздөрү, табиттери окшош. Апам да боёнгонду, мода кууп кийингенди жактырбайт. Сүйлөгөндөрү да апама окшошуп баратат.

Ж.: – Чын эле апамдын сүйлөгөн манераларын өзүмө тартып алыптырмын. Минурга бир нерсе айтканда укпай калса апама окшоштуруп сүйлөйм (күлүп).

– Түшүнбөстүк болгон учурларда абалдан кантип чыгасыздар?

М.: – Өтө катуу урушуп кеткен учур болбойт. Мен сүйлөнүп, күбүрөнүп эшикке чыгып кетем. Кайра келип эч нерсе болбогондой сүйлөшүп жашай беребиз (күлүп).

Ж.: – Балаң үчүн урушасың деген чын экен. Бала ооруп калса маанайың түшөт. Айрым учурларда майда-барат түшүнбөстүктөр болуп турат. Бойдок кезде көк бет болчумун. Ата-энем “көк бет болбо” деп кулагыма куя берчү. Чынында, кыз киши көк бет болбош керек экен. Минур “кайра эле сүйлөшө берем” деп айтып жатпайбы. Ошондой болгон жакшы экен.

– Чыгармачыл адамдын жубайы болуу оорбу?

Ж.: – Бири-бириңди сыйлап, алдабасаң эч кандай оорчулук болбойт. Ырчы болсо эле “кыздарды карайт” деген туура эмес. Жөнөкөй эркек деле көчөгө чыкса кыздарды карайт да. Кээде күйөрман кыздар “Минур менен сүрөткө түшөбүз” десе, өзүм сүрөткө тартып берем. Жан дүйнөсүнө жаккан жумушун туура кабыл алам. Чектен ашкан күйөрман кыздар жок. Инстаграмдан “чыгармачылыгыңызды жакшы көрөм, бактылуу болуңуздар” деп жазышат.

– Колуңузду сураган күн эсиңиздеби?

Ж.: – Минурдун дос кызынын клибин тартуу үчүн Көлгө барганбыз, “клип тартып, биротоло эс алып келебиз” деген. Курбум макияж жасап иштегендиктен, жаныма алып алгам. Минурдун кара футболка, ак шым, ак ботасы бар. Мага да ошондой кийинип ал деди. Сүрөткө окшош кийинип түшүп, Инстаграмга “бул менин сүйлөшкөн кызым деп киргизет го” деп ойлодум. Клип тартып бүткөндөн кийин “фотосессия кылып алалы” деди. Роза гүлүнүн желекчелерин берип “артты карап өйдө чач” дешти. Чачып бүтүп артымды карасам Минур шакек сунуп, тизелеп отуруптур. Фотосессия пароходдун ичинде болуп жаткан. Толкун болуп термелип жатканбыз. Сунушуна “ооба” деп шакекти алайын дегенде толкун болуп кетти. Өзүмдү баланста кармай албай Минурга эңкейип кеткеним видеодо шакекти жулуп алгандай көрүнүп калыптыр (күлүп). Аны Инстаграмдан көргөндөр “жан талашат го, шакекти жулуп алайын деди го, араң эле турган го” деп жазышыптыр (күлүп).

– Жазгүл сиздин адамыңыз экенин кантип билдиңиз?

М.: – Кыз менен башында дос болгон жакшы экен. Учурдан пайдаланып жигиттерге да кеңеш бере кетейин. Башында дос болуп, жакындан билип туруп үйлөнүп алыш керек экен (күлүп). Дос болуп жүргөндө эле ичимден Жазгүлгө үйлөнөрүмдү, менин адамым экенин сезчүмүм.

Ж.: – Дос болсоң бири-бириңден уялбайсың, болгон кыял-жоругуңду көрсөтөсүң. Дароо кыз-жигит болсоң жалаң жакшы жактарыңды көрсөткөнгө аракет кыласың да.

– Дос болуп жүргөн учурда сүйлөшкөн кызыңыз бар беле?

М.: – Бар болчу, аны Жазгүл жакшы билет. Ал тууралуу кенен айтып бербесем да, чогуу жүргөнүмдү көрүп калчу. Ал мамиле убактылуу эле болуп калды. Бул тагдыр экен.

– Сиздин жигитиңиз бар беле?

М.: – Бар беле? Ачык айт (күлүп).

Ж.: – Жок деп эле айтып коёюнчу.

М.: – Ошентчи, тынч жашайлы (күлүп).

– Жазгүл, өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз...

Ж.: – Мен 1993-жылы төрөлгөм, Оштун Кара-Кулжасынан болом. Кесибим боюнча англис, немис тилдеринин котормочусумун. Окуумду бүткөндөн кийин Дубайга кетейин десем, “ал жактын жашоосун көрүп, Кыргызстанга келбей коёсуң, күйөөгө тийбей каласың” деп ата-энем жибербей койгон.

М.: – Көрдүңбү, кетип калсаң мага тийбей калмаксың. Балким, немиске тийип кетмексиң (күлүп).

Ж.: – Жок, немиске тийбейт болчумун. Ата-эне үчүн кызы туурун таап бактылуу жашап кетиши маанилүү экен. Ошондуктан кетпей калгам. Бирок чын эле Дубайга кеткен курбуларым күйөөгө тийбей жүрүшөт. Алар карьерасын тургузуп, бизнес деп жүрүшөт. Азыр сулуулук салонунда иштейм.

– Минурга кошулуп ырдап каласызбы?

Ж.: – Жок. Минурга “ушундай ыр бар экен го” деп ырдап берсем, кечке карап туруп “сен кайсы ырды ырдап жатасың?” дейт. Телефондон ошол ырды коюп берсем “сен такыр башкача ырдап салдың” деп каткырат (күлүп).

М.: – Жазгүл ырдаганда байкуш жанагы ыр өзүнө нааразы болуп, кор болуп кетет го дейм.

– Минур, маек соңунда чыгармачылыгыңыз тууралуу сурай кетели. Кандай жаңылыктарыңыз бар?

М.: – Буга чейин обон жазчумун. Бирок уялып элге тартуулай албай жүрчүмүн. Тартынып, өзүңдүн продукцияңдан өзүң уяла берет экенсиң. Ошол тартынчаактыгымды жеңип, апа тууралуу ыр чыгардым. Обону өзүмө, сөзү Зарлык Камбаралиевге таандык. Азыр жакшы клип тартып чыгарыш үчүн жазды күтүп жатам.

– Маегиңиздерге рахмат! Бактылуу болуңуздар!

Перизат Музуратбекова



Ырчы Минур Алтынбеков жубайы менен конокто

Автор: Гүлзада Абдырахманова
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
22.02.2021. 10:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
08-10-2018
Соӊку аракети:
24-02-2021 14:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дос кыздарын эч нерсе эмес менин эжем 46га чыкты Дубайда журот.
23.02.2021. 20:07 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
07-12-2020
Соӊку аракети:
23-02-2021 20:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 10 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 10) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
25195;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: