Нурипа Көбөкова, Кенже Көбөкованын эжеси: “КЕНЖЕ КИЧҮҮ БОЛГОНУ МЕНЕН, БААРЫБЫЗГА КАМКОР”

Ырчы Кенже Көбөкованын бир туугандарынын ичинен жакын сырдашкан эжеси Нурипа Көбөкова менен маектештик. Ал бизге ырчынын мүнөзү, ата-энеси, бир туугандары менен болгон мамилеси тууралуу кызыктуу кеп куруп берди.

“БИРӨӨНҮН ТҮЙШҮГҮН ТАРТЫП ЖҮРГӨНҮН КӨП КӨРӨМ”

– Биз 13 бир тууганбыз. Кенже эң кичүүсү болсо, мен алтынчысымын. Кенжебиз үйдүн кичүүсү болуп эрке чоңойду. Жароокер болуп көзүбүзгө да жакшы көрүнөт. Аны мен көтөрүп чоңойттум. 1-класска барганда кийинтип, чачына ак бантик байлап мектепке мен алып баргам. Ошол учур эсимде. Кенже да эстесе керек. Кичинесинде Кенже окууга аябай дилгир болчу. “Мектепке барам” деп бизди ээрчий берчү. “Окуйм” деп китеп кармап, бизден калем талашып бир нерселерди чиймелей берчү. Мектепте жоопкерчиликтүү, аракетчил окуучу болду. Сабакты түшүнбөй жатса тыкылдап, эжесинен тартынбай сурачу. 11-класска чейин ардак тактадан түшкөн жок. Класском болуп бүттү. Уюштуруучу, коомдук иштерге активдүү катышкан, концерттердин алып баруучусу болду. Ырдап, дастан айтып, “Жаш таланттар” сынагына катышып жүрдү. Анын бул кадамдарын, чыгармачылыкка болгон кызыгуусун биз дагы колдодук.

Үйдөн көп деле үй жумуштарын кылган жок. Биз чоңоюп кеткенде жеңелери келип калды. Кичинесинде жумуш кылдырсак, тыпыйып жасап келатып, жалкоолугу кармаса жасабайм деп отуруп алчу.

Сиңдим оюндагысын тартынбай ачык айтып, эркин чоңойду. Өзү ачык-айрым, көңүлүнө жакпаганды тарс эттире айтып салат. Ак көңүл, боорукер, жардамын аябайт, шаардагы жумуштарыбызды бүтүрүп берет. Өжөр, өжөрлөнүп жүрүп көксөгөнүнө жетти. Кечиримдүү, майда-чүйдөнү көңүлүнө албайт, көп нерсени кечире алат. Студенттердин жашоосун түшүнөт. Бир туугандарынын студент балдарына каралашып, колдоп, жардам берип, үйүнө бат-баттан чакырып, курсагы токпу, сурап турат. Алыс тааныштарынын деле жашоосун, абалын сурайт. Өзүнүн студенттерин коргоосуна алып алат. Бирөөнүн түйшүгүн тартып жүргөнүн көп көрөм. Студенттери кээде үйдө жакшылык болуп калганда келип калышат.

“АПАМ “ЖАЛГЫЗ КЕНЖЕНИ ЭЛЕ ТӨРӨГӨНМҮНБҮ?” ДЕП КАЛАТ”

– Дүйнө таанымы кенен, бардык абалга түшүнүү менен карайт. Кенже бир тууган катары да, аялзаты катары да сырдашкан, аябай керектүү адамым. Мен андан көп акыл алам. Ал баарын ачык айткан, тарсылдаган кыз болсо, мен токтоомун. Баарыбыздан кичүүбүз ушул, бирок баарыбызга камкор. Эң көп дегенде бир күн сүйлөшпөй калышыбыз мүмкүн. Башкаларыбыз эмоциябызды сыртка чыгарбай, капа болуп турсак да күлүп-жайнап коюшубуз мүмкүн. Кенженики баары сыртына чыгып турат. Ал эмоциясын жашыра албайт.

Апам менен атама да күйүмдүү. Апам “жалгыз Кенжени эле төрөгөнмүнбү?” деп калат. Бир күн сүйлөшпөй калышса, “Кенжеге чалчы” деп аны издешет. Тез-тез айылга каттап, бизди да үйүнө чакырып турат. Үйүнө барган туугандарды куру кетирбей, колуна белек карматып узатат, акча берчүсүнө акчасын берет. Казанга толтура эт кайнатып, дасторконун жайнатып коноктойт.

Мен дайыма анын ден соолугун ойлой берем. “Ден соолугуңду кара, муздак сахнадан бутуңдан сыз өтпөсүн. Биринчи өзүңө керексиң. Тартуу аянтчасына барганда термоско жылуу чай куюп ал” дей берем. Ал менин мындай сөздөрүмө күлүп, “бат эле бүтөт” деп коёт. Чындыгында клип тартып жатканда, концерттерге барганда үшүдү го деп кабатыр болом. Жаңы ыр жаздырса, жаңы клип тарттырып жатса, аны кубанып бизге айтып берет. “Ырдын маанисин түшүнүп уксаңар, кандай экен?” деп сурайт. Биз өз оюбузду айтабыз.

Биз сиңдим менен сыймыктанабыз. Ушундай талантты берген Кудайга рахмат, “ушундай кызды тарбиялап чоңойттуңар, рахмат” деп ата-энебизге да айтып турабыз. Талант Кенжеге атамдан өткөн. Атам жакшы ырдайт. Тарсылдаган мүнөзү апамды тарткан. Апам ушундай киши, баарын бетке айтат, акты ак, караны кара дейт.

Чыгармачылыгы боюнча мактоо менен кошо сындарды да угуп калам. Сын болуп турушу керек, ал өсүш үчүн керек. Коомго таанымал адам болгону үчүн, ырын уккан, талантын тааныган адамдар сын айтат да, аны туура кабыл алам. Көбүнчө “кайгылуу, оор ырларды аткара берет” дегенди угам. Өзүнө “шаңдуу ырлардан деле аткарбайсыңбы” десем, “тойлордо шаңдуу ырларды ырдап жүрбөймүнбү” дейт.

“КЕНЖЕНИ ЭРКЕЛЕТПЕЙ КОЮУ МҮМКҮН ЭМЕС”

– Кенженин эркелиги азыр да бар. Аны эркелетип көнүп калганбыз, эркелетпей коюу мүмкүн эмес. Кенже өзү да азыр жаш балдарга мээримин төгөт, катуу айтпайт. Кичинесинде алган мээримди азыр жаш балдарга берип жатат деп ойлойм.

Жеке жашоосу тууралуу сурап калдыңар, “аял кишинин турмушта жалгыз өткөнү болбойт, турмушка чык” деп айтып келдик. Азыр да ыңгайы келгенде айтып калабыз. Маңдайына жазганы ушул экен. Кудайга шүгүр, уулу бар. Ал өзү жеке жашоосун биринчи орунга койгон жок. Ата-энебиз да “жалгыз калбасын” деп кабатырланышат. Бирок ал жалгыз эмес. Уулу Аман кайрымдуу бала, апасына жакшы мамиле кылат.

Кенже ырчы болбой калса, бир жерде башкаруучу болмок деп ойлойм. Буйрук берип, талап кылганды жакшы билет.

Анан дагы тамакты жакшы жасайт, өзгөчө тамактарды жасаганга кызыгат. Андан жакшы кожойке чыкмак. Азыр “чакан бизнес түптөп алсам” деп кыялданып жүрөт. “Сонун ырдаган, дастан айткан, комузду үйрөнгүсү келген балдар бар. Ошол балдарга жардам берсем” деп кайрымдуулук кылгысы келет. Кыялдарына жетсин. Биз аны колдоп, дайыма жанында болобуз.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 951, 25-февраль-3-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан