Татына жүздүү, назик жан Неля Таластын кызы, келини, Жалал-Абаддын жээни. Дүйнө жылдыздарынан Бритни Спирсти жакшы көрүп, талантын баалайт. Үй-бүлөдө үч кыздын ортончусу. Кыскасы, Урматтын көрөр көз сүйүктүүсү Нелянын жашоосундагы кызыктар тууралуу маек курабыз.
– Неля, келиндик доорду сүрүп, бала жыттап бактылуусузбу?
– Аябай бактылуумун. Негизи эле ар бир кыздын кыялы үй-бүлө куруп, сүйүктүү жар, мээримдүү эне болуу болсо керек. Нурэл азыр 1 жаш 3 айга толду, басып калды. Укмуш кылык-жоруктары чыгып, баарыбызды бакытка бөлөп турат. Келиндик кызматтан коркпойм да, качпайм да. Кыскасы, келиндик милдетимди жакшы аткарганга аракет кылуудамын.
– Кайын эне менен келин каадасы, айыл турмушу кандай таасир калтырды?
– Көшөгө артында ак жоолукту үлпүлдөтө салынып отурган кезим дайым эсимде. Урмат тамак алып келип көшөгөгө киргизип коёт. Баары эле келип ак батасын беришип, жоолук салышат. Мен жоолукту бирден алып бүктөй берипмин. Көрсө, алардын баарын көшөгөгө илип коюш керек экен. Мындай ырым-жырымды билбегендиктен, кийин угуп алып, жаңы келгенде эле тың болуп кеткем го деп күлүп калам. Азыр айылга барсам, кошуна апалар келип калышат “ий, сени телевизордон көрүп, гезиттен гана окуп койчу элек. Жөнөкөй эле кыз турбайсыңбы” дешип. Дагы бирлери “ким эле Нелянын колунан чай ичип жатыптыр? Нелянын чайын ичкени келдик” деп. Мен болсо “биз деле сиздердей элебиз” деп чай сунуп калам.
– Айрымдар айтышат го “бир үй-бүлөгө бир эле ырчы жетишет” деп, буга кандай карайсыз?
– Алгач мени да ушул суроо кыйначу. Урматка ишенгеним менен, “кайындарым баары бир мени сахнага чыгарышпайт го” деген чочулоо болор эле. Бирок, тескерисинче, андай болбоду. Кайындарым кайра “ырды таштаба, сахнага чыга бер” деп чыгармачылыгымды колдошту. Анын үстүнө Урмат да “аял кишинин орду үйдө, бала багып, мага тамак жасап отура бер” дегендерден эмес. Өзүнөн мурда мага ыр жаздырып, сахнага чыгаруу менен алек.
– Айрыкча быйыл ар кандай сынактарга катышууңузга жардам берди көрүнөт?
– Ооба, быйыл Түркияда өткөн “Түркчөвизион” аттуу фестивалга бардым. Ал жакка репертуарымдагы ырды “Жаным ашкым” деп түрк тилине которуп, даярдап баргам. Мен ойлогом, башка өлкөдө бизди ким таанымак эле деп. Бирок сахнага чыкканда эл абдан жакшы кабыл алышты, кол чаап, кубатташып дегендей. Бир убакта карасам, Урмат кыргыздын желегин желбиретип кармап туруптур. Ого бетер толкундандым. Кудайга шүгүр, түрк тилинде ырдалган эң мыкты ырлардын бешилтигине кирдим. Ошол фестивалдан “Чыгыш базары” сынагына жолдомо алдым. “Чыгыш базары” сынагына катышуунун өзү жетишкендик” деп Урмат экөөбүз бири-бирибизди жубатып барганбыз. Аталган сынактан финалга өтүп, лауреат болуп кайттым. Ал жакка барганга атайын улуттук кийим тиктирип, кыргыздын музыкалык аспаптары коштогон “Күңөтай кыздын капасы” аттуу элдик ырды аткардым. Көпчүлүк чет жерлик катышуучулар “кыргыздын улуттук кийими ушундай укмушпу? Музыкалык аспаптарыңар да сонун турбайбы” дешип мени менен сүрөткө түшкөн сайын кыргыз экениме сыймыктандым. Шайлоо деп жүрүп, дагы эки сынактан калып калдым. Кейибейм, ийгилик жаратчу мезгил алдыда, менин ийгилигим – Урматтын эмгеги деп билем.
– Урмат байке сизге продюсер болгондон бери өзү анчейин ырдабай калды?
– Анткени продюсер ырдабайт да, тамаша. Урмат музыкага берилген адам, ырды таштабайт. Экөөбүз дуэт жаздырганбыз, аны ырдап жүрөбүз. Мындан сырткары жеке өзү да ырларды жаздырууда.
– Чыгармачылык менен жан багуу кыйынбы же кошумча акча тапчу булак барбы?
– Менин кесибим эколог, Урмат – түрколог. Экөөбүз тең кесибибиз менен иштебесек да, талантыбыз менен акча таап келебиз. Ээрчишип алып тойлорго, корпоративдик кечелерге, концерттерге барабыз. Өнөрдүн арты менен Бишкектен 3 бөлмөлүү үй алдык, айтор, тиричилик чыгармачылык менен өтүп келет. Кийинчерээк өз кесибим менен иштейм деген ой бар.
– “Эненин кадырын эне болгондо билесиң” дешет. Анан да төрөгөн соң аялзаты толуп кетет эмеспи...
– Эң эле туура айтылган. Нурэл төрөлгөн соң дароо эле апама кайрылдым. “Апа, сизди эми түшүндүм. Көрсө, мени да миң толгонуп жарык дүйнөгө алып келген турбайсызбы, рахмат” дедим. Чын эле төрөгөн соң бир аз толдум. Бирок спорт менен деле машыккан жокмун, кайра эле калыбыма келдим. Сахна адамы болгон соң келбетке карап жүрүш керек экендигин билем.
– Сахнада Неля назик, жылмайган ырчы. Ал эми сахна артына өткөндөн кийин кандай?
– Мен сахнада кандай болсом, көшөгө артында деле ошондоймун. Кээ бирлерге окшоп көчө сөздөрүн сүйлөп, сөгүнүп-сагынгандан алысмын. Аялзаты назик болуш керек. Кандай кырдаал болбосун, аста сүйлөп, өзүмдү маданияттуу алып жүрө алам.
– Бир маегиңизде “Тата Уланга суктанам, анткени ал бет кабын чечкен соң эч ким тааныбайт” депсиз. Турмушка чыксаңыз деле күйөрмандар тынчыңызды алышуудабы?
– Көп маегимде орусча сүйлөп кете берем. Которгондо туура эмес которуп жазып коюшат экен. Мен башка мааниде айткам. Турмушка чыксам рейтингим төмөндөп кетсе керек дегем. Жок, кайрадан күйөрмандар көбөйдү. Чынында, мен деле башкалардай болуп баламды жетелеп, сейил бакта баскым келет. Бирок ар кандай мүнөздөгү адамдар бар. Бириси жакшы сөз айтып өтсө, экинчилеринин “ий, ушундай эле турбайбы” деген сыяктуу сөздөрү кулагыма угула берет. Өзүмдү ыңгайсыз сезем, ошондон улам Тата Улан бет кап ойлоп таап жакшы кылган экен дейм.
– Эмнеге өкүнөсүз?
– Өкүнгөнүм, атам 50 жашында, балдарынын чайын ичерде, менин ийгилигимди көрбөй бул дүйнөдөн кете бергени. Жаңыдан сахнага кадам таштаганда атам инсульттан каза таап, баарыбызды кайгыга салды. Турмушка чыгып кетип, бала төрөп, колум бошобой жүргөн. Эми “Атаке” аттуу ыр жаздырдым. Ошол ыр атама ырдан тургузган эстелигим болсун, андан башка колумдан эч нерсе келбейт экен.
– Урмат байкени биринчи көргөндө кандай сезимдер болгон, ким биринчи кадамды баштаган?
– Урмат менен КТРдин алдынан таанышканыбыз эсимде. Анда мен жаңы чыгып келаткам, Урмат “Жазгы жамгыры” менен таанылып калган. Ошол күндөн баштап Урмат мага чалып, абалымды сурап жүрдү. Байкасам, майрамдарда СМС жазып, белектерди бере баштады. Кыскасы, аябай камкор эле, болушунча өзүнүн жакшы сапаттарын көрсөттү. Мага жакшы күйөө болуп бере аларына көзүм жеткенде гана “ооба” деп жооп бердим. Урматтай күйөө туш келгенине эч өкүнбөйм. Досторум да “сен жакшынакай болуп кеткенсиңби?” деп калышса, “албетте, күйөөң жакшы болсо ушул да” деп күлүп калам.
– Дос таптыңызбы же душман арттырдыңызбы?
– Дос таптым, душман деле арттырдым. Досторум мага жамандык кааласа да, менин аларга эч жаман оюм жок. Чынында, үй-бүлө күткөн соң досторум азайды. Үй-бүлө түйшүгү менен убара болуп жүрүп, аларды унутуп койгондоймун. Апам айтчу эле “турмушка чыккан соң досторуң менен азыркыдай катташпай каласың” деп. Чын эле экен, себеби досторумду үйгө чакырсам, Урматтан уялып, өздөрүн ыңгайсыз сезе беришет. Анан да чыгармачылыктан 14 адам шерине уюштуруп алганбыз. Көбүнчө Урматтын достору менен аяш, дос болуп катташып жүрөбүз.
–Үйдө пикир келишпестиктер болобу?
– Экөөбүздүн урушканыбыз эле Нурэл. “Сен карабай, ким жыгып алды?” деп эле баланын айынан урушабыз. Башка талашып-тартышчу деле маселе жок.
– Сизди “өзбек ырчысы Шахзоданы туурайт” дешет.
– Мен ал ырчыны туурабайм, чындыгында, ырларын деле укпайм. Менин өзүмдүн табитим бар. “Балалыгым” аттуу клибимде селкинчекте тартылгам. Кийин айтышканынан карасам, Шахзоданын да ушундай клиби бар экен. Бул эми режиссёрдун же менин деле катам эмес, жөн гана дал келүүчүлүк.
– Кандай ой-максаттарыңыз бар?
– Нурэлимди дагы үч бөбөктүү кылсам деген ниеттемин. Урмат экөөбүз "күмүш тоюбузду өткөрөбүз" деп тилек кылабыз. Анан кыргызга кызмат кылып Эл артисти деген наамга жетишсем...
– Тилектериңиз ишке ашсын. Үй-бүлөңүз менен бактылуу болуңуз.
ЧАК-ЧАК...
Мактанчааксызбы? ... Мактанбайм, болгонун болгондой айтам.
Кызганчааксызбы? ... Урмат мендей кызды алгандан кийин башканы карабайт. Мен ага ишенем, ошон үчүн кызганбайм.
Таарынчааксызбы? ... Урматка эле эркелеп таарынам. Ал СМС жазып, телефон чалып таарынычты жазуу менен убара тартат.
Тартынчааксызбы? ... Ооба, улуулардан ыйбаа кылам. Канчалык жүткүнөйүн десем да, кандайдыр бир күч кой деп турат.
Урушчааксызбы? ... Жок, ажылдап, кыйкырык-өкүрүк салуудан алысмын.
Тырышчааксызбы? ... Тырышып жүрүп баарына жетиштим.
Ыйлааксызбы? ... Балам ооруганда, жан дүйнөм кыйналганда ыйлайм. Кубанганда көзүмдөн жаш чыгат.
Бурул Исмаилова
star@super.kg