ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ ЧЕТ ӨЛКӨГӨ АЛГАЧКЫ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ОРУСИЯГА БАРДЫ

Президент Садыр Жапаров 24-февралда биринчи чет элдик иш сапары менен Орусияга барды. Иш сапардын алкагында Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин, аталган өлкөнүн өкмөтүнүн, парламентинин төрагалары менен жолугушуу өткөрөт. Ошондой эле президент Орусиядагы Кыргыз ишкерлерине, студенттерге жолугуп, алардын суроолоруна жооп берет. Кыргыз делегациясын Орусияга расмий 15 өкүл коштоп барды. Президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, биринчи вице-премьер Артём Новиков, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү жана башкалар бар. Арасында Бишкекти убактылуу мөөнөткө жетектеп жаткан Бактыбек Кудайбергенов да бар. Буга чейин президент Орусиядагы жолугушууларда талкуулана турган башкы темаларынын бири – өлкөгө инвестиция тартуу болорун орус ЖМКларына берген маегинде белгилеп өткөн.

– Мен Орусия тарап менен бардык тармакта кызматташууну тереңдетүү маселесин талкуулоого кызыкдармын. Эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын деңгээлин көтөрүүгө шарт түзүү, Орусиядан инвестиция тартуу, инфраструктуралык курулуш, транспорт, коммуникация, энергетика, айыл чарбасы жаатында биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдыруу, миграция чөйрөсүндөгү маселелерди сүйлөшүүнү көздөп турам,- деген президент.

Жаңы шайланган президенттердин чет элдик биринчи сапарын кайсы өлкөгө жасаарына маани берилет. Садыр Жапаров өлкө жетекчилигине шайланган соң алгачкы тышкы иш сапары Казакстанга болору айтылган, бирок кийинчерээк бул план өзгөргөнү белгилүү. Орусия – Кыргыздын негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн бири. Өлкөлөр ЕАЭБ, ШКУ, ЖККУ өңдүү бир топ уюмдарда чогуу мүчө.

Эгемен өлкөнүн 30 жылдык тарыхын карап, Кыргыз президенттеринин көбү биринчи чет элдик сапарын Орусиядан баштаганын көрүүгө болот. Мисалы, 1991-жылы Аскар Акаев президент катары биринчи чет өлкөгө иш сапарын Түркияга жасаган. Ал эми 2005-жылы Курманбек Бакиев Орусияга, 2010-жылы Роза Отунбаева Казакстанга, 2011-жылы Алмазбек Атамбаев Орусияга, 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков Орусияга алгачкы чет элдик сапары менен барган. Маанилүү сапарды Орусиядан баштаган өлкө жетекчилеринин тизмесин Садыр Жапаров дагы толуктады.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 951, 25-февраль-3-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан