ЭКС-МУФТИЙ “ТЕРГӨӨ БҮТКӨНДӨ БААРЫН АЧЫК АЙТАМ” ДЕЙТ

Экс-муфтий Максатбек Токтомушевге байланыштуу шектүү видео тасма интернет желесине тарады. Тасмада Токтомушевге окшош жарандын бирөөлөр менен акча маселеси боюнча сүйлөшүп жатканы тартылган. Экс-муфтий ЖМКларга комментарий берип, сөз болуп жаткан видеону шантаж деп атады.

– Коомчулукка тараган видео – бул бир чоң окуянын кичинекей үзүндүсү. Ал жерде мени пара берип жаткандай кылып көрсөтүүсү – бул шантаж. Азыр тергөө жүрүп жатат, тергөө бүткөндөн кийин баарын кенен, ачык айтып берем. Ал жерде 1 миллион 300 миң доллар депозитке коюлган деп коркутуп, чагымчылдык кылганы туура эмес,- деди экс-муфтий.

Токтомушев атайын кайрылуу жасап, элди бул окуя боюнча шашылыш чечим чыгарбай турууга чакырды.

Эскерте кетсек, 10-февралда УКМК муфтияттын башкы эсепчиси пара берүүгө шектелип кармалганын билдирген. “Муфтияттын жетекчилиги 100 миллион сомдон ашык акчаны насыяга берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрүн алып жеке максаттарына жумшап турушкан”,- деп белгилеген мекеме.

УКМКнын билдирүүсү чыгары менен Максатбек Токтомушев кызматтан кеткен.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 951, 25-февраль-3-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан