ӨЛКӨДӨ “СПУТНИК V” ВАКЦИНАСЫ КАТТООГО АЛЫНДЫ

Кыргыз өлкөсүндө “Спутник V” вакцинасы каттоого алынды. Тийиштүү каттоо күбөлүгү Дары-дармектер жана медициналык каражаттар департаменти тарабынан берилген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди. Өлкөдө вакцинаны каттоо менен жакынкы аралыкта коронавирус илдетинин алдын алуу үчүн калкты эмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт дейт мекеме.

Айта кетсек, “Спутник V” 2020-жылы Орусия тарабынан иштелип чыккан. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө колдонула турган негизги каражаттын бири. Учурда Москвада чет элдик дипломаттар, анын ичинде Кыргыз элчилигинин кызматкерлери аталган вакцина менен эмдөөдөн өтүп жатышканы айтылды.

Коңшу Казакстанда 1-февралда калкты коронавируска каршы эмдөө башталганы жарыяланган. Эмдөө “Спутник V” вакцинасы менен жүргүзүлүүдө.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 951, 25-февраль-3-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан