“КУМТӨР” БОЮНЧА ТҮЗҮЛГӨН ДЕПУТАТТЫК КОМИССИЯНЫН СТАТУСУ ӨЗГӨРТҮЛДҮ

“Кумтөр” маселеси боюнча өткөн аптада түзүлгөн депутаттык комиссиянын статусу “мамлекеттик комиссия” деп өзгөртүлдү. Тийиштүү чечим 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды. Комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, комиссиянын макамын өзгөртүүгө президенттик жана өкмөттүк аппараттын комиссиянын ишине адис кошуу сунушу себеп болгон. Бул өзгөртүүгө 71 депутат “макул” деп добуш беришти. Комиссия төрагасынын орун басары болуп депутат Үмбөталы Кыдыралиев шайланды.

Буга чейин аталган комиссияга 12 депутат мүчө болуп кирген. Алар: КСДП фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Айнуру Алтыбаева, Рыскелди Момбеков, Саматбек Ибраев, “Республика-Ата Журт” фракциясынан Үмбөталы Кыдыралиев, Абдыбек Дүйшалиев, Закир Шарапов, “Кыргызстан” фракциясынан Урматбек Самаев, Замирбек Эсенаманов, “Өнүгүү-Прогресстен” Осмон Турдумамбетов, “Бир болдон” Акылбек Жапаров, “Ата Мекенден” Каныбек Иманалиев.

Депутат Жыргалбек Турускулов "Кумтөр" кенинде алтындын кору, экологиялык коопсуздук, берилген жер тилкелери, казуу иштерине байланыштуу көптөгөн суроолор бар экенин, аны ар тараптуу иликтеп чыгуу керектигин белгиледи. Депутат парламенттин азыркы курамынын иштөө мөөнөтү аз калганын, "Кумтөр" маселесин иликтөөгө убактысы жетпей, комиссиянын иши ара жолдо калышы мүмкүн экенин айтты.

Депутаттар “Кумтөр” тарабынан буга чейинки комиссиялардын чечимдери кандай аткарылып жатканын текшеришмекчи.

Айта кетсек, "Кумтөр" маселесине байланыштуу көптөгөн депутаттык, мамлекеттик комиссиялар түзүлүп, жыйынтыктарын жарыялашкан. Ага карабай коомчулукта "Кумтөр" кени улуттун кызыкчылыгы үчүн иштебей жатат деген маанай бар. "Кумтөргө" байланыштуу бир топ чиновниктерге айып тагылып, айрымдары учурда камакта отурушат. Алардын бири – мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда мыйзамдарды бузуп, “Кумтөр Голд Компани” ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгону аныкталган.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 951, 25-февраль-3-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан