БИР БҮРКҮМ. ТАШИЕВГЕ ГЕНЕРАЛ ЧИНИ БЕРИЛДИ...

  • “Мекенчил” партиясы алдыдагы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого, парламенттик шайлоого катышпай турганы айтылды.
  • Парламент депутаты Максат Сабиров мандатын тапшыра турганын жарыялады.
  • 2020-жылы Кыргыз өлкөсү 15 200 тонна картошка экспорттогонун Улуттук статистика комитети билдирет.
  • Парламент депутаты Гүлнара-Клара Самат Кыргыздын Орусиядагы элчиси болуп дайындалды.
  • 2 айга камакка алынган Райымбек Матраимовдун кан басымы көтөрүлүп жатканын Кыйноолордун алдын алуу боюнча борбордун директору Бакыт Рысбеков билдирди.
  • Бишкек мэриясы жарандарды шаардын жолдорундагы кудуктардын капкактарын уурдабоого чакырууда.
  • УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге генерал-лейтенант, ИИМдин жетекчиси Улан Ниязбековго генерал-майор чиндери берилди.
  • 24-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 824 миллион метр кубду түздү.
  • Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү үчүн Орусия Кыргыз өлкөсүнө 5,2 миллион доллар кайтарымсыз жардам берери расмий жарыяланды.
  • Кримтөбөл Камчы Көлбаевди камакта кармоо мөөнөтү 22-мартка чейин узартылды.
  • 24-февралга карата Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялардын саны 24кө жетти.
  • Учурда Түштүк Кореяда 2 Кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатканын башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев билдирди.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 951, 25-февраль-3-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан