Жылдыздардын жашоосу күйөрмандарына гана эмес, шоу-бизнестеги санаалаштарына дагы кызык экен. Бул жолу чыгармачыл чөйрөдөгү инсандардын суроолоруна каарманыбыз Назира Айтбекова жооп берди.АЛПАРУУЧУ ЭРКИН РЫСКУЛБЕКОВДУН СУРООСУ:
– Назира, эгер жаңы түзүлүп жаткан өкмөттүн курамына кирүүгө сунуш түшсө, кайсы министрликти башкарып кетүүгө кудуретиң жетмек?
– Сурооңузга чоң рахмат! Жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамына киргим келген жок. Жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамы жалаң кесипкөй, билимдүүлөрдөн куралганда жөн гана каалоолорум, кеңешим, кол кабышым менен гана жардам бермекмин. Атайын министрлик орунда отуруу кыялым эмес. Бирок министрдин ролун фильмде ойногум келет. Ар ким өзүнүн колунан келген ишти жасаш керек.
– Окуган адабий чыгармалардагы каармандардын арасынан жан дүйнөңө эң жакын, өзүңө окшоштургандары барбы?
– Көп эле чыгарма окуйм. Анын ичинен Чыңгыз Айтматовдун “Жамиля” повестиндеги башкы каарман Жамилянын жолдошуна болгон сагынычы, кусасы, көңүлгө, сүйүүгө муктаж болгону, тентектиги, эркелиги окшош. Жан дүйнөсүнүн жарасын шаң, күлкү менен жаап кеткени менин жан дүйнөмдөгү сезимдерге, кулк-мүнөзүмө түспөлдөшүп кетет.ЫРЧЫ ДАНИЕЛЬ БЕГАЛИЕВДИН СУРООСУ:
– Ютуб каналыңдагы берүүлөргө айтылган сын-пикирлерге кандай көз караштасың?
– Рахмат, Даниель! Комплимент сөздөрдү көп угам. Кайсы бир пайызда сындар да бар. Бирок алар тамактын тузу сыңары. Алар болбосо көркү чыкпайт. Кабыл алам. Айрым сындарды угам, айрымдарына бейкапар мамиле жасайм.
– Бишкекти кара түтүн каптабаш үчүн кандай чараларды көрүү керек?
– Көп кабаттуу үйлөрдү туура салып, аба алмашууга тоскоолдук жаратпаш керек. От жакканда эмнени жагып жатканыбызга жоопкерчилик менен карашыбыз зарыл. Унаабызды көзөмөлдөп, түтүнү үчүн фильтр коюшубуз керек. Анан жазында көбүрөөк бак-шак тигели. КУУДУЛ, АЛПАРУУЧУ НАЗИРА ЖЕТИГЕНОВАНЫН СУРООСУ:
– Эмнеге ырдабайсың?
– Назира эже, сурооңузга чоң рахмат! Атам, апам экөө тең музыканттар. Бала чагымдан музыка менен өстүм. Фортепиано, комуз курстарына баргам, нота тааныйм. Кичинемде апам далай сынактарга катыштырып, сахнага чыгарып жүрдү. Бирок музыкага болгон сүйүүм, дилгирлигим такыр ойгонгон жок. Эси-дартымдын баары кино, сахна, театр, эфир болчу. Самаганыма жеттим.
– Назиралар кыйын болот. Ошого кошуласыңбы?
– Назира атын өткөндө нумерологдор санап көрүп, “атыңда да күчтүүлүк бар экен” деди эле. Анын сыңары , кандай ысым койсо, жашоосу ошондой болот дешет. Чынында, көп Назираларды тааныйм. Мен тааныган Назиранын бардыгы ийгиликтин үстүндө. Баса, жаңы төрөлүп келгенде чоң энем атымды Назгүл деп коюп алган экен. Ата-энем Назира деп энчилеп, документимде ушул ысымым калыптыр. Чекемде кыпкызыл анарым бар эле, энем Калбүбү деп ырымдап жүрдү.РЕЖИССЁР РАДИК ЭШИМОВДУН СУРООСУ:
– Кинодо же сериалдарда дагы кандай образ жараткың келет?
– Радик менин сүйүктүү режиссёрлорумдун бири. Экөөбүз бири-бирибизди жарым сөздөн, көз караштан түшүнөбүз. Аны менен иштешүү ушундай ыңгайлуу, жыргал. Сурооң үчүн рахмат!
Азырынча оң каармандардын образын жаратып келем. Эми ушунчалык желмогуз, шүмшүк кыздын ролун жараткым келип жатат. Бул колумдан келет болду бекен? Ушул мага кызык. Комедия жанрына көбүрөөк басым жасап келе жатканым үчүн драма жаатында таптакыр башка Назираны көргөзгүм келет. Оор ролдор да кызыктырат. Мисалы, бир кинодо эки башка, бири-бирине коошпогон образды ачып бергим келет. Айтор, мээмде укмуш образдар көп.
– Роль үчүн толуш керек же чач кырдырыш керек десе, макул болот белең?
– Кандай гана роль берилбесин жан дүйнөм менен ойнойм. Тамакты аябай таптап, күнү-түнү тамак берсеңер да толушум мүмкүн эмес. Эң толук абалым азыркы учурум. 47-52 килограммдан өйдө чыкчу эмесмин. Атамдын, апамдын да "конституциясы" арык болгону үчүн ушул бойдон калат окшойм. Толуш керек болсо кыйналабыз. Бирок чач алдыр десе, ал кино чынында эле алдырганды талап кылса жакшы фильм, мыкты роль үчүн баш тартмак эмесмин.АКТЁР, ШОУМЕН АКТАН РЫСКЕЛДИЕВДИН СУРООСУ:
– 10 жыл мурунку Назирага кандай кеңеш берет элең?
– Рахмат, Актан! 10 жыл мурунку Назирага: “Уулуң жаңы эле төрөлдү, Назира! Жашооңдо, өзгөчө жеке жашооңдо сени өзгөрүүлөр күтөт. Кайгырба, бардык өзгөрүүлөр жакшылыкка, сени дагы тажрыйбалуу, күчтүү кылуу үчүн болот”,- деп айтмакмын.
– Акыркы жолу ырахат алып жасаган жумушуң эмне болду?
– Өзүм жапжалгыз Ысык-Көлгө унаа айдап бардым. Кадимкидей жалгыздыктан, унаа айдагандан, алыскы жолдо өзүм менен өзүм калгандан ырахат алдым. Кыйкырып ырдадым. Өзүм менен сүйлөштүм, далай суроолорго жооп алдым.
Гүлдана Мамадали кызы