КООМЧУЛУК «АТА МЕКЕНДИН» ЖЕҢИШИН КҮТКӨН БЕЛЕ?

Шайлоонун эртеси...

Жергиликтүү да, чет өлкөлүк да сурамжылоолордо лидерликти бербей келаткан «Ата Мекен» шайлоонун жыйынтыгында 5-орунга туруп калды. Канткен күндө да, шайлоодо ат салышып, республикалык чекти ашып өткөн партиялардын арасынан “Ата Мекен” шайлоо өнөктүгүн эң таза алпаргандыгы коомчулукта белгиленбей койбоду. Ал эми каржылык ресурсту ашкере пайдалангандар добуш берүүгө аз калганда тууган-тааныштарды ортого салып, акча таратып жатышты. Бир добуштун баасы «жүз граммдан» 2000-3000 сомго чейин чыкканын добушун саткан жарандар жана аларды мындайга түрткөн үгүтчүлөр танбас.
Ар бир партия эң башкы атаандашы катарында “Ата Мекенди” көрүп, аксакал партия катары тааныганы менен, буттан чалууга аракет жасаганын бейрасмий жасалган пиар-кампаниядан байкасак болот. Өлкөдө жымжырттык өкүм сүрүп турган маалда да Кыргызстан ичинде көрсөтүлгөн орусиялык каналдар Кремлге жүгүнүп, эл менен эсептешпей туруп, элдин сыртынан тон бычып, убада берип кайткан партияларды мактап-жактап, аларга кыр көрсөткөн “Ата Мекенди” каралап турушту. Июнь окуяларынан соң аялуу турган аймактарда Текебаев атаандаш саясатчылар тарабынан “кыргызга душман” катары караланса, башка улуттар арасында “улутчул” деп жамандалды. Жыйынтыгында улуттук азчылыктар Феликс Куловдун партиясына, ал эми регионалисттер “Ата Журтка” өз добуштарын ыраа көрүштү.
«Ата Мекендин» жеңишине ишенгендер шайлоонун жыйынтыгын укканда гана бармактарын тиштей, жеңгендердин жеңишин тааный албай, жалпы жыйынтык менен жан дүйнөлөрү макул боло албай турган чагы. Ал эми ири державага убадаларын берүүгө үлгүргөн партиялар шайлоодон соң Кремлдин командасын күтүп турушкандай...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
aikusikdan
2010-10-16 21:00:56
тынчтык эле болсо экен
0
antislav
2010-10-16 22:11:08
Jojo kuzdo sanalat.Wayloodon murun ozunorgo oto ele bekem iwenip jiberdiner ele.Emi myw bolup olturup kaldynar.
0
bagdat
2010-10-17 00:56:58
Ай кыргыздар кыргыздар манкурттан беш бетер болуп эле калдыкко
0
aizi
2010-10-17 16:09:59
бул жерде эми ар бир партиянын окулдору озунордун партиянарга жан тартып жатканынар анысы туура дегилечи,бирок ал жерде партия башчыларынар саясий ойундары менен алек болуп жатканы окундурот,себеби азыр бир да партия олкону ондой албайсы,бул таза чындык.
0
jamalenok
2010-10-17 21:49:26
мен таныгандардын баары эле ата журка добушун беришти...
0
maradona
2010-10-18 12:34:12
Негизи Орусияга баш ийбеген партияга бир эле АтаМекен эле.
0
Akshumkar
2010-10-18 15:25:20
мен дагы кутком “Ата Мекенди” алга озуп чыгат ко деп.
0
ymyta
2010-10-18 16:41:23
Бизди омуру жыргатышпайт бул бийликегилер.!!! Негизи качан онолобуз ??? ушул бийликтегилердин баарын атып салса бирден коюп.Качан таза шалоо болот??Куйруктардай болуп эле баягы эле кудунбайлар,башка ,тили таза дини таза,бизди котормологон ,ак суйлогон,ниети таза качан бизге
0
ymyta
2010-10-18 16:42:43
ошондой адам келет?Чындыгында тажадым ушулардан,эч кимге добушумду берген жокмун,Анткени эч ким татыкуу эмес!
0
PaxaT
2010-10-18 19:23:44
"Ак ит кара ит баары бир ит" деп айтат биздин эл, Кимди шайласак да Кыргызстандын келечегин жомоктогудай озгортуп жиберуучу "кыргыз" али биздин жерде туула экен
0
Kagan
2010-10-21 00:45:14
Буйруса МЕН озгортом жашоону, Биз энсеген келет жашоо БИР куну КЫРГЫЗ КАГАНАТЫ!
0
maratix
2010-10-21 09:07:48
Shayloo taza ele boldu, chet mamlekettegiler (ichinde men da barmin) AtaMeken bolot dep kutup turgan birok bashka partiyalar ozun jakshi jarnama kilishti, AtaJurt osh okuyasindan jabirkagandarga jardam berip abroyun kotorup aldi, biz Atamekenge bergenbiz chindik bolgondo Atameken bolush kerek ele dep kiykiruunun keregi jok, el ozu tandap aldi.

Eldikpiz degen Super.KG bolso ozu bash bolup AtaMekendi koldop jurgon...
0
akmat
2010-10-22 17:19:57
maradona га: Эч нерсени билбегенден кийин суйлобой эле койчу! Ата Мекен баш болуп Кремльде журушот!
0
akmat
2010-10-22 17:22:38
ymyta га: Татыктуу болуп чыкпайсынарбы анан! Отуруп алып ой-тоону суйлобой! Колунарбан конон тыйын келбейт анан сынап коюшат! Деги аман болгулачы...
0
newman
2010-10-23 10:07:43
Кылычбек Султановго тан калдым... КВНчилерден уккан элем: Галустян сен акча Москвада деп келсен, акча кайра Сочиге кетип калды деген эле. Ошондой эле Кылыч байке да бийлик АТАМЕКЕНде десе болбой калды. Шайлоо боюнча айтсам: бирден жунунорду жулгула, Бакиев, АКАЕВ эмес МАМАн
0
№ 415, 15-21-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан