“Музаман” тобунун мүчөлөрүнүн үндөрү да, алар менен маектешүү да керемет. Бул жолу топтун мүчөсү Аксай Мукамбет уулу гезиттин башкы бетин кооздоп, апта каарманы болду.
– Аксай, топ менен жана өз алдынча иштөөнүн айырмасы барбы?
– Айырмасы асман менен жердей. Топто бири-бирибизге чалып, тактап турабыз, бири-бирибизди көзөмөлдөйбүз. Өз алдынча иштеген жеңил. Өзүңө өзүң хансың.
– Өз алдынча кетүү ою болду беле?
– Болгон эмес. Топ тоскоолдук кылбайт. Кичине эле ыр чыгарбай калсак топ жоголуп кетпейт, жанданып турабыз. Акырындап арабабызды түртүп жүрө беребиз. Топ өтө алдыга кеткен жок, артта да калган жок. “Бул ыр жакшы экен” деп чыгарып жүрө беребиз.
– 11 жылдан бери топтун чачырабай өмүр сүрүп келе жатканынын сыры барбы?
– Сыры – жөнөкөйлүк, эркекчилик, достук, түшүнүү, сабырдуулук. Тажаалданып урушпайбыз. Эркекче эле “момундай кылалы, болду” деп маселени чечип алабыз. Менин айтканымды укпаса, же алардын айтканын мен укпасам топ болуп кереги барбы? Алымкулдун айтканына мен да, Тариэл да макул болобуз. Көбү “кантип урушпай жүрөсүңөр?” дешет. Кээде бошобой калганда “экөөңөр барып ырдап келгиле” деп коём. “Сен минтип, антип” деп бири-бирибизди жемелебейбиз.
– Каражат теңме-тең бөлүнөбү?
– Топтун жакшы жагы – ыр жаздырып, клип тарттыруу үчүн чыгаша үчкө бөлүнгөндүктөн арзан түшөт. Бирок бир жерге барып ырдасаң алган акчаң үчкө бөлүнүп, аз тийип калат.
– Топтогу жигиттерди сүрөттөй аласызбы?
– Токтоосу Алымкул, сулуусу Тариэл, жылдыздуусу мен (күлүп).
– 2 жолу жеке концерт бердиңиз. Чет өлкөлүк сынактарга катышып жүрөсүз. Сизди топтун лидери десек болобу?
– Ар бири өзүнчө лидер. Бирок солист катары лидер десе болот.
– Сиз жеке ырчы катары да таанымалсыз. Эмне үчүн алар жеке ырчы катары чыгармачылыгын улантпай жатышат?
– Бул алардын жан дүйнөсү да. Бирок Алымкул ыр жаздырып жатат. Тариэл да жеке чыгармачылык жолун акырындан баштап жатат. Бул өздөрүнө керек нерсе, нан таап жеш керек дегендей. Топтон тышкары өзүнчө из калтырыш керек. Башында “топко баш-отубуз менен киришип кетпейбиз” деп сүйлөшкөнбүз. Ортодо келишим да жок.
– Ставкаңыз канча?
– Топтун ставкасын айтпай эле коёюн, жеке ырчы катары 100-200 долларга ырдайм. Аябай зарыл болуп, муктаж болуп тургандарга бекер ырдап берген учур да болот. Аябай жакшы төлөнгөн жерге да барып калам.
– Маданият министрлигинин буйругунун негизинде, мындан ары концерттин афишаларына фонограмма же жандуу үн деп жазылышы керек. Бул боюнча оюңузду угалы.
– Бир карасаң бул күлкүлүү. Фонограмманы кантип жок кыла алат дейсиң. Фонограмма керек болгон учурлар да болот. Негизи фонограмма жоюлса бизде ырчылар 50 пайызга азаймак, сапаттуу ырчылар калмакпыз. Мен фонограмма болсо да, болбосо да ырдай берем. Мунун мага тиешеси жок. Жок болуп кетсе кубанмакмын. Эл алданбай калмак. Мисалы, мен бир концертке барып жандуу ырдадым дейли. Ал жактын музыкалык аппаратурасы начар. Тердеп-кургап сонун ырдап берсем, “жакшы ырдайт экен” деп коюшту. Башка ырчы келип фонограмма менен оозун ачып коюп кетип калса, “аа, бул тигиге караганда жакшы ырдайт турбайбы” деп ойлоп калат да. Анан тигил жакта туруп алып жиниң келет. Фонограмманы алып салганда ар биринин деңгээли билинмек. “Кантип жандуу ырдайбыз?” дешет. Эй, 10 жылдан бери жандуу ырдап эле келе жатабыз го.
– Жаш ырчыларга кандай кеңеш бересиз?
– Жалкоолонбой талыкпай иштеш керек. Кээ бир ырчылар 1-2 ыр жаздырып, фонограмма менен ырдап жүрө беришет. Жылдан жылга, айдан айга үн өчө берет. Ырдоо манераң, тактикаң жоголот. Талыкпай ырдаган сайын үнүң ачылат. Токтотуп салсаң үнүң өнүкпөй калат. Мисалы, 5 жыл мурунку жаздырган үнүмдү уксам деңгээли такыр башка. Азыркы үнүмдө өсүш бар. Үйдө жөн жатпай кыңылдап ырдай берем.
– Чет өлкөлүк сынактарга катышуу планыңыз барбы?
– "Голос” долбооруна 3 жолу анкета жөнөткөм, эмнегедир жооп келген жок. Пандемия бүтсө эле Орусияда өтө турган сынакка бир фирманын атынан барганы жатам. Кыргызстандын желегин көтөрүп келем. Азырынча эмне болгон сынак экенин айтпай турайын.
– Инстаграмдагы баракчаңызга тун кызыңыз менен ырдап жаткан видео жүктөдүңүз эле. Кызыңыздагы таланттын учкундары байкалып жатабы?
– Улуу кызымдын таланты бар экени кадимкидей байкала баштады. Азыр 5 жашта. Тили жакшы чыкпай чулдурап ырдап коюп жүрөт. Бирок обонду жакшы жаттайт. Тили жакшы чыгып, окуп баштаса сахнага чыгара берсемби деген оюм бар. Себеби ырдап кетерине көзүм жетип жатат. Азыртадан өзүм менен кошо сахнага акырындан чыгара берсем, деңгээли өсө бермек. Эмнеге болбосун? Кийин үнү чыкпай калса “халтура болбой жөн эле кой, башка кесип танда” дейм. Үнү ачылып ырдайм десе, кош колдоп колдойм. Кайсы конокко барбайлы “ата, мен ырдайм” дейт. “Менин кызым азыр силерге ырдап берет” десем, сонун ырдап салат.
– Ата кыз баланы өзгөчө жакшы көрөт эмеспи...
– Чарчап, капаланып, ойго батып турганда жаныңа келип “ата-ата” дешсе көңүлүң алардын таза дүйнөсүнө бурулуп кетет. Негизинен эркек балага катуумун. Муну инилериме, окуучуларыма кылган мамилемден байкайм. Эркек балалуу болсом катуу кармайм. Кыз балага мээрим эле төккүң келет экен. Биздин тукумда кыздар көп. Ар бир үй-бүлөдө бирден уул. Ошондуктан жубайыма “кыз жаман эмес, үчүнчүсү да, төртүнчүсү да кыз болсо төрөй бер. Кийинчерээк уул болот” деп калам (күлүп).
– Ар бир ата-эне баласынын ийгилигине көбүрөөк кубанат эмеспи. Ата-энеңиз сиз менен сыймыктанып жатканы байкалабы?
– Аябай сыймыктанышат. Баласы күтүлбөгөн жерден эл көзүндө болуп, ийгилик жаратып жатканына ар бир ата-эне кубанса керек. Кээде жетине албай ыйлап да жиберишет.
– Ата-энеңиз ден соолукта болсун! Маегиңизге рахмат!
Динара Абдыкадырова
Кыстарылган видео
“Бизде шоу-бизнес жок, жалаң той-бизнес” дейт “Музаман” тобунун солисти
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Stervamyn
2021-03-01 10:54:28
Озу укмуш ырчы окшойт э?Тааныбайт экенмин
-2
KaGaH
2021-03-01 11:10:54
Ие окшошуп турасың таза ырчыга байкуш
-3
ferrara2014
2021-03-01 13:51:34
Музаман тобунун репертуары да, ырчы жигиттери да мыкты. Ушунунардан жазбагыла!Ийгилик каалайм!Чыныгы ырчылар!
+7
AykaMer
2021-03-01 15:59:29
Туура айтат... А то ырчылар көп бир да уккулуктуу ыры жок же үнү жок...Бек,Сыймык, Гүлжигит Сатыбеков ырчыларды тойго чакырсаң да живой ырдап берет. Эми элестеткиле Бегиш, Баястанды чакырып теке теке деп бийлеп жатканыңды. Тойго жалаң жаштар эмес апалар,аталар да келет. Алар да бийлеп ойношу керек да... Текеге бийлемек беле... Ырдай албаганды башка иш кыл деш керек... Ырчылар да как положено водитель сыяктуу право алыш керек окшойт,практикадан өтүп дегендей))))
+8
Jaka1978
2021-03-01 21:52:03
Азамат ырчысын,опера жанрында ырдаганынды көрүп,суктангам, ишиңе ийгилик....майда лампочкалар ошентип тазаланса жакшы болмок
+6
Jaka1978
2021-03-01 21:52:54
Соонун ырдайт,операны дагы, ишиңе ийгилик
+4
Asmat84
2021-03-06 15:33:29
Охоо таза ырчылар калмакпыз дейт го...
Өзүң жөнүндө оюң бийик окшойт досум
-1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.