ГРЕК-РИМ КҮРӨШҮ БОЮНЧА ӨЛКӨ ЧЕМПИОНДОРУ

17-18-февралда Спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Өлкө чемпиондугу болуп өттү. Күрөш көргөнү келген эл залга батпай жатты. Калың элдин курчоосунда балбандардын тиреши кызуу жүрдү. Бул жылы салмак категорияларына жараша төмөнкү балбандар чемпион болушту: Нурмухаммед Абдуллаев (55 килограмм), Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Урматбек Аматов (63 кг), Марлен Асикеев (67 кг), Шухрат Сайтазимов (72 кг), Акжол Махмудов (77 кг), Калидин Асыкеев (82 кг), Атабек Азизбеков (87 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг), Эрлан Манатбеков (130 кг).

Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 951, 25-февраль-3-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан