Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпиону, Азия оюндарынын күмүш медалчысы, Азия чемпиону Каныбек Жолчубеков спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салды. Ал мындан ары ишкердик менен алектенерин айтты. Спортчу менен кыскача маектештик.
– Арыбаңыз! Карьераңызды жыйынтыктоого эрте эмеспи?
– Спортто 22 жыл жүрдүм. Карьерамды жыйынтыктаганым туура болду. Негизи көптөн бери оюмда болчу. Убакыт-сааты чыкпай жүргөн. Машыктыруучум да бул учурду туура көрдү.
– Олимпиадага барууга аракет кылып көрсөңүз болбойт беле?
– Жашым 32ге келип калды. Өсүп келе жаткан мыкты балдар бар. Калы, Жоламан Олимпиадада медаль алып келсе, мен өзүм медаль алгандай кубанам. Алар жаш, азыр эч нерседен тайманбай турган учуру, жаштарга жол бошоттум десем болот. Карантин маалында эмне үчүн мен Олимпиадаларга барбай калдым деп ойлондум. “Спортту таштап кеттиң, өкүнөсүң” дегендер болушу мүмкүн. Мен 2012-2016-жылдардагы Олимпиадага барбай калганым үчүн өкүнүшүм мүмкүн. Токиого барбай калганым үчүн эч качан өкүнбөйм.
– Машыктыруучу болосузбу? Пландарыңыз кандай?
– Машыктыруучу болбойм. Машыктыруучулук кесип – килем үстүнө чыгып күрөшкөндөн оор. Менин азыр улуу балам сегиз жашка чыкты. Чынын айтсам, буга чейин толук кандуу убакыт бөлө алган жокмун. Азыр мен машыктыруучулукту баштап алсам, балдарыма тарбия-таалим бере албай калам. Андыктан спортко сырттан жардам берейин деген чечимге келдим. Мындан ары ишкерлик менен алектенем. Спортто жетишпестиктер бар. Көп нерсе бааланбай келет. Ушуга басым жасайм, Кудай буюрса, иш жүзүнө ашырууга болгон аракетимди жумшайм. Кандай иш экенин азырынча айтпай эле турайын.
– Өткөн жылы мелдеш уюштурдуңуз. Ал дагы уланабы?
– Мелдеш уюштуруу карантин маалында оюма келди. Тааныштар менен кеңешип “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” деп жаш курагына жараша багытка бөлүп өткөрүүгө токтолдук. Мисалы, өлкөдө чоң балбандар сборлорго, байма-бай мелдештерге барышат. Ал эми кичинекей балдарга көңүл буруу жок. Ошол себептүү балдарга басым жасайлы дедик. Анан дагы жаш балдар облустарды кыдырат. Бири-бири менен достошот дегендей. Бүгүнкү күндө спорттун арты менен тапкан жети облуста досторум бар. Бул мен үчүн чоң байлык. Кайсы облустун кулуну болбосун акыры келип өлкөнүн желегин желбиретет. Андыктан ар бир облуста грек-рим күрөшү өссө дейм.
– Кандай таризде өткөрүлөт? Каржы маселесичи?
– Бул мелдеш 2020-жылы Таласта башталды. Буюрса, быйыл Жалал-Абадда болот. “Манас” – кадеттер, “Семетей” – өспүрүмдөр, “Сейтек” – жаш балдар, ар бири ар башка облуста өтөт. Мамлекет тарабынан спорт залдар, күрөш килемдери берилгени болбосо, жалпысынан демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өттү. Жарым миллиондой каражат кетти. Мени колдогон агалар-инилер менен биргеликте өткөрдүк. Бир адамдын жылда турнир өткөргөнү оор. Өткөрөм деген ар бир облустан чыгаан жигиттер чыгат деп ишенем. Мында машыктыруучуларга мотивация, спортчулардын тажрыйба алмашуусу сыяктуу келечекке карай көп жакшы нерселер камтылган. Буга облустан тандалган балдар катыша алат.
– Үй-бүлөңүз тууралуу да кеп кылсак.
– Үй-бүлө күткөнүмө 10 жыл болду. Эки уулдун атасымын. Келинчегим жакшы, ар бир нерсеге түшүнүү менен карайт, абдан аракетчил.
– Маегиңизге рахмат. Ийгилик. Эл керегине жараңыз.
Динара Акимова