1-МАРТТАН 7-МАРТКА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Азыр күмөн саноону жыйыштырып, аракет кылуучу жана артка чегинбөөчү убак. Ошондо көп нерсеге жетишесиз. Ойдо жок жерден жакшы адамдар менен таанышасыз. Алардын бири сизди кызыктырып баштайт. Ишсиз жүргөндөрдүн хоббиси убактылуу акча тапчу булакка айланат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Кандай адаттарыңыз бар экенин ой сынынан өткөрүңүз, жамандарын калтырып, жакшысы менен достошуңуз. Потенциалыңызды ача билүүңүз кажет, ошондо көптөгөн жолдор ачылат. Чөйрөдөгү айрым адамдардын кандай адам экендигин так биле баштайсыз. Жакындарыңыздын боорукерлигинен ашыкча пайдаланбаңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Өзүңүздү алдабай, реалдуу ишке аша турган иштерге киришсеңиз жаңы чокуларды багынткан болосуз. Жаныңызда жүргөндөрдүн жинине тийбей, алардан кайра колдоо алууга жетишиңиз. Сүйүктүүңүз менен жашоодон эмнени каалай турганыңарды тактаңыздар. Сырты сулуу эмес, жан дүйнөсү сулуу адамдарга жакын болуңуз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Үй-бүлө алдындагы милдеттенмелер түйшүк тартуулап, тынчсыздандырат. Коркпоңуз, максатка жетүүгө, жашоо шартты жакшыртууга мүмкүнчүлүк көп болот. Жакындарыңызга колдоо көрсөтөсүз. Бойдоктор тартынчаактыкты жыйыштыруулары зарыл. Карьера жасагысы келгендер жаңы орунга ээ болушат же ага жакындашат.


АРСТАН (23.07-23.08)

Эмгекке жөндөмдүүлүк жогорулайт. Сиздин аракет так жана туура эсеп менен жүрүп, оор иштер да бүтөт. Туугандардын өз ара таарынуулары жана бир нерсени такташууларына аралашпасаңыз жакшы. Башы боштор буга чейин мамиле куруп келген адам менен мамилени улантуу керекпи же үзүш керекпи деген маселеге такалышат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Планеталардын жайгашуусу жашооңуздагы ар кандай маселени чечүүгө жардамдашат. Көндүм рамкадан чыгып, өзүңүздү башка ишке арнайсыз. Мээни сергитүү үчүн сейилдеңиз, музыка угуңуз, досторго барыңыз. Соода жаатында иштегендер өнөктөшү менен пайда табуу жаатында олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Кылчактап артка карай бербей, өткөн жашоого эшик жабыңыз. Ошондо жан дүйнөңүз тынчый түшүп, жаңы мазмундуу жашоого багыт аласыз. Балдарды тарбиялоого, ата-энеге кам көрүүгө көп энергияңыз коройт. Тишиңизди дарылатууңуз мүмкүн. Жеке иш баштайм дегендер алгач каржы жаатындагы керектүү маалыматтарды билүүлөрү зарыл.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Үйдөгү, иштеги жагдайды анализдеп, жасай турган зарыл иштерди бөлүп алуу кажет. Каржыдан кыйналууну ичке катпай, жакындардан жардам сураңыз. Сүйүү жаатында чырмалышкан абалга кез келесиз. Талаш-тартыштар жүрөт. Үйгө келген чала тааныш же бейтааныш адам бир нерсени көтөрө кетпешине көз салуу керек.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Ишти туура уюштурсаңыз кыйынчылыктар анчалык сезилбей калат. Тапканыңыз көбөйө баштайт. Ишенимдүү дос болчу адамдын табылышы да сизге бел байлатат. Бирөөгө сезимиңизди айта албай жүрсөңүз, эркти топтоп туруп айтуу керек, оң жооп аласыз. Ден соолук үчүн рационду өзгөртүүнү ойлонуңуз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Кирешени көбөйтүүнү ойлонуңуз. Мүмкүн, сизде акча алып келчү талант бардыр, мисалы, жыгачтан буюм жасап сатуу, же сайт, же фастфуд сатуучу жайды ачуу. Баш кошууну пландагандар мындан ыңгайлуу убакка чейин коё турушу зарыл. Иштин көптүгүнө шылтап эс алууну арткы планга койбоңуз, ооруп каласыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Шалдыроону жыйыштырып, кыймылдаңыз. Өзүңүзгө өзүңүз дем берип, катыра иштебесеңиз, үй-жай кылууга, же чоң нерсе сатып алууга акча топтой албай жүрө бересиз. Үйдө гармония өкүм сүрөт. Тамак же кулактын оорусуна чалдыкпоо үчүн суукка, шамалга урунбоо, муздак ичпөө керек. Аптада башталган сүйүү романдары көпкө узабайт.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Дайыма элге күчтүү көрүнүүнүн кереги жок, жардам сурай турган убакта керектүү адамдарга кайрылыңыз. Ишиңизде өзгөрүү күтүлбөйт. Бирок каржы абалыңыз туруктуу болот, андыктан карыз алууга жетпейсиз. Айрымдар үйүндө интерьерди же тиричилик техникасын алмаштырат. Достор чогуу эс алууга чакыруулары мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 951, 25-февраль-3-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан