Президент Садыр Жапаров 2-мартта мамлекеттик иш сапары менен Казакстанга барды. Өлкө жетекчиси Нур-Султан шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, аталган өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин жана парламент жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.
Иш сапар алкагында 7 документке кол коюлду. Алардын бири – Казакстандан аскердик-техникалык жардам алуу жөнүндө макулдашуу. Ошондой эле Казакстан COVID-19 илдетине каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга медициналык каражат түрүндө гуманитардык жардам берери айтылды.
– Казакстан Кыргыз өлкөсүнүн негизги соода өнөктөштөрүнүн бири, көрсөткүчтөрү боюнча Орусия менен Кытайдан кийинки, үчүнчү орунда турат. Биз мындан ары да зарыл шарттарды түзүп, өз ара сооданы өркүндөтөбүз деп макулдаштык. Алдыда жасала турган иш көп. Бул үчүн бизде каалоо, умтулуу жана саясий эрк бар,- деди Садыр Жапаров.
Токаев Казакстан Кыргызстанда ири инвесторлордун бири экенин айтты.
– Акыркы 15 жылда биз Кыргыз өлкөсүнө миллиард доллардан ашуун инвестиция салдык. Казакстандык инвесторлор Кыргыз өлкөсүнүн экономикасынын негизги тармактарын колдоого олуттуу салым кошуп жатышат. Биз өз ара инвестицияларды колдоо жана коргоо боюнча макулдаштык,- деди Казакстан президенти.
Айта кетсек, бул президент Садыр Жапаровдун биринчи мамлекеттик иш сапары. Жакында мамлекет башчы Өзбекстанга иш сапары менен барганы жатат.
Жумабай Акимов