ФИНПОЛЧУ “СЫРТКА 700 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ЧЫГАРУУГА КӨМӨКТӨШКӨН” ДЕП КАРМАЛДЫ

Коррупцияга шектелип Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу 2-мартта УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, аталган башкармалыктын кызматкерлери жарандар менен сүйлөшүп алып, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана ири өлчөмдөгү каражаттарды Кыргыз өлкөсүнөн чыгарып кетүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкан деп айтылды. 2020-жылдын 7 айында Кыргыз өлкөсүнөн сыртка 59 миллиард 500 миллион сом мыйзамсыз чыгарылган. Бул – 700 миллион доллар. Салык төлөөдөн качуудагы зыян алдын ала 500 миллион сомдон ашык деп айтылды.

– Алынган маалыматка ылайык, Финполдун кызматкерлери бул мыйзам бузууларды жашырганы үчүн аталган каналдын уюштуруучуларынан 180 миллион сом өлчөмүндө пара алышкан. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди,- деп жазылат УКМКнын маалыматында.

Учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 952, 4-10-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан