Парламент депутаты Алиярбек Абжалиевге карата “мыйзамсыз баюу” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталганын УКМК билдирди.
Кримтөбөл Камчы Көлбаев өлкөдөн сыртка чыкпоо тил катынын негизинде эркиндикке чыгарылды.
Үстүбүздөгү жылдын январь айында өлкөдө 727 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын ИИМ билдирди.
Башкы прокуратура: “Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун 1-толкунунда өлкөгө 3 миллион сом зыян келтирген”.
Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 55 жаш курагында дүйнө салды.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2021-жылы күзүндө өтөрүн президент Садыр Жапаров маектеринин биринде айтты.
28-февралда Ош шаарында Райымбек Матраимовду колдоо митинги өтүп, ага 10 миңден ашык жаран катышты.
Акылбек Кемелов Жогорку Кеңештин депутаты болуп бекитилди.
Жалал-Абад облусунда жакында “Коопсуз шаар” долбоору ишке киргизилет.
2020-жылы өлкөдө вирустук гепатиттин “В” жана “С” түрүнө 4805 адам чалдыкканы расмий маалымдалды.
Мамлекеттик салык кызматы: “Эки айда 5 миллиард 600 миллион сом камсыздандыруу төгүмү жыйналды”.
3-мартта өлкөдө Мамлекеттик туу күнү белгиленди.
Ош шаарында ишкерди коркутуп 28 миң доллар талап кылган 2 жаран кармалды.
Шаардык кеңештерге 59 партия ат салышат.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.