«ТЕАТРДА 30 ЖЫЛДАН БЕРИ КУУРЧАК ЖАСАЙМ»

“Куурчак театрында көрүүчүнү курчаган дүйнө сүрөтчү тарабынан түзүлөт. Куурчак – бул спектаклдин негизи. Андыктан бардыгы куурчактын жасалышынан башталат. Мен 30 жылдан бери өз колум менен 70тен ашык куурчак жасап, коюучу сүрөтчү катары 100дөн ашык спектаклди койдум”,- дейт Ош шаарындагы Куурчак театрынын башкы сүрөтчүсү Орозали Калыков.

“АЛГАЧКЫ ЖАСАГАН КУУРЧАГЫМ АК ЖОЛТОЙ БОЛДУ”

– Мен Ош шаарындагы Надирбек Шамурзаев атындагы Куурчак театрында 1991-жылдан бери иштейм. Бишкек шаарындагы Мамлекеттик көркөм окуу жайын бүтүргөн соң Оштогу драма театрда, анан филармонияда иштедим. 1991-жылы Куурчак театры ачылып, анын директору мени жумушка чакырып калды. “Мурун бул жаатта иштебесем, куурчактарды жасоону билбесем кандай болот?” десем, мени Бишкектеги Куурчак театрга тажрыйба топтоо үчүн жиберишти. Ошол жактан куурчактарды жасоо сырларын үйрөнүп келип, коюучу сүрөтчү (художник-постановщик) болуп иштей баштадым. Эң алгач “Тайбас” деген ит тууралуу спектаклди даярдадым. Ошентип алгачкы жолу куурчак жасадым жана спектакль койдум, алар мага ак жолтой болду. Анткени көп өтпөй биздин театр Өзбекстандагы “Лола” куурчак театрынын 40 жылдыгына чакырылып, биз “Тайбасты” коюп, лауреаттыкты утуп алдык. Кийин ошол спектаклди Тажикстанга чакыруу менен барганда да көрсөтүп, сыйлыкка илиндик. Кийин мени башкы сүрөтчүлүккө бекитишти. Бул кызматты ушул күнгө чейин аркалап келем.

Куурчак театрында баш-аягы 100гө жакын спектакль койдум. Куурчактарды театрдын цехинде иштегендер менен чогуу жасашкан, кээде өзүм да жасаган учурлар болот. Өз колум менен 70тен ашык куурчак жасадым. Театрдагы эмгегимдин арты менен бир топ сыйлыктарга татыдым. Куурчак театры менен Өзбекстан, Тажикстанга, өзүбүздүн өлкө ичине гастролдойбуз.

“КУУРЧАК ЖАСООГО 1-2 АЙ КЕТЕТ”

– Алгач колубузга спектаклдин сценарийи тиет. Бир спектаклде 8-10 чакты каарман болот. Демек, ошончо куурчак жасаш талап кылынат. Сценарийди окуп оң, сол образдарга ылгайбыз. Анан жомок каармандарынын кебете-кешпиринин көрүнүшүн эскиз кылып кагазга чийип, режиссёрго, көркөм кеңешке көрсөтүп, акылдашабыз. Кемчиликтери болсо айтышат. Кезек куурчактарды жасоого келет. Куурчактын кейпин алгач чоподон жасап, сыртына гипсти чаптап, кургаганда ортосунан тең бөлөбүз. Чопо алынып салынып, гипстин ичине 10 катмар айрык кагаздардан турган папье-маше жасалат. Папье-маше гипстин келбетин кайталайт. Кагаздын биринчи катмары гипстин бетине суу менен жабыштырылат, анткени бул кийин папье-машени чыгарып алуу үчүн керек. Анан унга суу кошуп ботко кайнатып, аны желим катары колдонуп, кагаздын 2-катмарын тегиз жабыштырабыз. Калган катмарлар деле ушундай жол менен жабыштырылат. Папье-маше 2-3 күндө катат. Эгер кургабай жатса электр плитасынын жанына коюп кургатабыз. Кургагандан кийин папье-машени гипстен чыгарып алып, куурчак тик кармалышы үчүн ичине тактай салабыз. Папье-маше бириктирилип, желимделет. Анан сыртына матаны желим менен жабыштырабыз. Куурчактын оозу, кашы, көздөрү гуашь менен боёлот. Кол-буттарын иштетүү үчүн зымдарды бекитебиз, чачын жасайбыз. Эң башкысы, алардын моюнун ары-бери бурулгудай кылып жасоо шарт.

Кийимдерин тиккен тикмечибиз бар, ал кейипкерлерге кийгизилчү кийимдерди тигет. Кыргыз оюм-чийимдүү кийимди тигүү цехине буюртма беребиз, анткени бизде андай оюм-чийип түшүрүп тиге турган машина жок. Алар акчага тигип беришет. Андай кийим кымбатка туруп калат. Кыскасы, бир спектаклге керек куурчактарды жасоого 1-2 ай кетет. Куурчактардын эң чоңдору адам боюндай болсо, эң кичинеси 20-25 сантиметр болот. Бир куурчакка керектелүүчү материалдардын баасы 1000-3000 сомго чейин жетет. Анан даяр куурчактар менен актёрлор балдарга спектакль көрсөтүшөт.

Азыр Куурчак театрында мындан 30 жыл мурун жасалгандары дале бар. Аларды ным эмес, кургак жерде сактоо керек.

“КЭЭДЕ БУЮРТМАЛАР БОЛУП КАЛАТ”

– Үйдө неберелерим “куурчак жасап бериңиз” деп суранып калышат. Алардын суранычы менен түлкү, карышкыр, коён сыяктууларды жасап бергем.

Айлыгым – 8000 сом. Бирок балдардын аруу дүйнөсүнө аралашып калган соң айлыгыңдын аздыгына карабай театрды таштап кеткиң келбей калат экен.

Кээде бала бакчалардан, мектептен куурчакка буюртма түшүп калат. Кошумча акча таба коёюн деп алар айтканды жасап берем.


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 952, 4-10-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан