Клиптерден таланттуу, келишимдүү улан-кыздардын жаңы жүздөрү сизди кызыктырып жатса керек. Өткөн саныбызда клиптин көркүн ачкан ажарлуу бийкечтер тууралуу сөз кылсак, бул жолу келишимдүү жигиттер менен тааныштырабыз.Аты-жөнү – Болсун Расылбеков
Туулган жылы – 1998-жыл, 12-февраль
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Токтогул району
Бою – 1 метр 80 сантиметр
Салмагы – 80 килограмм
Билими – Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрын бүтүргөн. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинин 3-курсунун студенти
Үй-бүлөдө – 8 бир туугандын кичүүсү. Бойдок
Тартылган клиптери – Нурмира Асанова – “Жаным”, Арслан Садыбакасов – “Жүрөгүмдүн музасы”, Кубаныч Баркалбасов – “Маралымсың” жана башка
Тартылган тасмасы – “Атаман”, “Келинка”
Учурда – Сценарист, режиссёр, актёр
Болсун Расылбеков: “АКЧАСЫ АЗ БОЛСО ДА ЖУМУШУМДАН ЫРАХАТ АЛАМ”
– Алгач кинолорго тартылып баштагам. Андан кийин клиптерге сунуштар түшүп, тартылып калдым. Негизи бул кесипти апам үчүн тандагам. Экрандан чыгып аны сүйүнткүм келген. Чынында, бул кесип меники экен. Айлык маянасы аз болсо да жумушумдан ырахат алам.
Ырчы Кубаныч Баркалбастын “Маралымсың” деген ырынын клибине тартылып жатканда ооруп калгам. Бирок бул менин сүйгөн кесибим болгондуктан чыдап, өзүмдү кыйнап тартылгам. Анан эң кызыгы, кызды учкаштырып, атты чаап бара жатканда ал аттан кулап түшкөн учур такыр эсимден кетпейт. Бактыга жараша, оор жаракат алган жок. Мага таарынып жүрдү. “Жигитке 70 өнөр аздык кылат” деп коёт эмеспи, буюрса, дагы бир талантымды ачсамбы деп жатам. Вокалдан сабак алып ырдап чыгайын деген оюм бар. Учурда “Жылдын мыкты клибинин каарманы” номинациясында ат салышып жатам. Бул наамды жеңүү – пландарымдын бири.Аты-жөнү – Даниэл Ниязов
Туулган жылы – 2000-жыл, 30-май
Туулган жери – Орусиянын Новосибирск шаары
Бою – 1 метр 87 сантиметр
Салмагы – 72 килограмм
Билими – КМТАУнун Архитектор-техник адистигин бүтүргөн
Үй-бүлөдө – Үч бир туугандын экинчиси. Бойдок
Тартылган клиптери – Динара Акулова – “Өмүр”, Айчүрөк Иманалиева – “Жаштарга”, Нурлан Насип – “Өзгөчөм”, “Карындаш, кимди сүйөсүң?”, Зарлык Камбаралиев & Кызсайкал Кабылова – “Өмүр”, Гүлназ Чыныбек кызы – “Мына”, Назира Кадыева – “Бакыт” жана башка
Учурда – Модель, актёр, алпаруучу, блогер
Даниэл Ниязов: “ОФИЦИАНТТЫН РОЛУН АТКАРУУГА СУНУШТАР КӨП ТҮШӨТ”
– 2015-жылдан тартып өзүмдү чыгармачылык жактан сынап көргүм келди. Өзүмдү экрандан көргүм келген кыялдарым бар болчу. Клиптерге тартылып, актёрдук кесипке аралашып жүргөнүмө 4 жыл болду. Бул аралыкта жалпы 20дан ашык клипке тартылдым. Мурда актёрдук кесипти хобби катары көрчүмүн. Азыр сүйүктүү кесибиме айланды. Буюрса, профессионал актёр болуу максатым бар.
Мага жашыма, келбетиме ылайык официант, бармендин ролун аткарууга сунуштар көп түшөт. Көбүнчө жашы менден улуу кыздар менен кыз-жигиттин ролун аткарып калам. Үчүнчү клибимде өзүмдөн 9 жаш улуу кыз менен тартылгам.
Тартуу аянтчасында ролго катуу берилип кетем. Мисалы, клипте каарманым үйлөнүп жатса, өзүмдү чын эле үйлөнүп жаткандай сезгем. Ата-энелердин батасын алып жаткан маалда келиндин ролун аткарган кыз дагы ыйлап тартылган. Ошол учурда абдан таасирленип, толкунданып кеткем. Үй-бүлөлүү мырзанын ролун аткарган учурда келинчегим чай куюп сунса, “келинчегим да ушундай чай куюп берсе кандай сонун” деген сезимдер болот. Аты-жөнү – Кутман Бусурманкулов
Туулган күнү – 2012-жыл, 10-март
Туулган жери – Ош облусу, Чоң-Алай району, Жайылма айылы
Бою – 1 метр
Салмагы – 27 килограмм
Билими – Бишкек шаарындагы №2 орто мектептин 3-классынын окуучусу
Үй-бүлөдө – Үч бир туугандын улуусу
Тартылган клиптери – Айжамал Кабылова – "Сүйүү азабы", Зарлык Камбаралиев & Кызсайкал – “Ажырашсак”, Гүлжигит Калыков – “Эне жөнүндө баллада”, Анжелика & Жумагүл Раимжан кызы – “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”
Кутман Бусурманкулов: “ӨЗҮМДҮ ТЕЛЕВИЗОРДОН КӨРГӨНДӨ ЫЙЛАП ЖИБЕРГЕМ”
– Биринчи жолу 6 жашымда Гүлжигит Калыковдун “Эне жөнүндө баллада” ырынын клибине тартылгам. Анда базарда бозо саткан эненин жалгыз уулу болгом. Коробка чогултуп, акча таап, апасына жардамдашкан баланын ролун аткаргам. Өзүмдү биринчи жолу телевизордон көргөндө ыйлап жибергем. Себеби балдар келип, мени сабап, чогулткан коробкаларымды тартып алып койгон жеринде атамдын ыйлаганын көрүп, мен да ыйлаган элем. Мектепке барсам классташтарым дагы “сени клиптен көрдүк” деп мени менен сыймыктанышарын айтышкан. Туугандарыбыз, көчөдөн таанып калган эжелер дагы макташканда клиптерге тартылгым келип калды. Башында клипке тартылып жатканда кыйналдым. Бирок клипмейкер Эрнист Сыдыков кантип роль аткарыш керектигин түшүндүрүп берди. Анан клип бүткөндө “азаматсың, мени кыйнаган жоксуң” деп мактады. Ырдаганга да кызыгам. Буюрса, бир тууган иним Тимур менен дуэт ырдап чыкканга даярданып жатабыз.
Гүлдана Мамадали кызы