8-МАРТТАН 14-МАРТКА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Аптада кээ бир иштерди бүтүрүүдө калп жана айла-амал жардам бербейт, артык кылам деп тыртык кылып аласыз. Талантты көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк чыгат, андан пайдаланып абройду өстүрүп алыңыз. Достордун кимиси күйүмдүү экени аныкталчу окуя болот. Үйдөгү топтолгон иштер сизди кенен эс алдыра койбойт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Чөйрөдөгүлөрдүн сын-пикирин кабыл алып, керектүүлөрүн пайдалануу керек. Жетекчилик менен ишенимдүү түрдө сүйлөшүү колдоо табууга жеткирерин эске алыңыз.Туура эмес бир нерселерди жасап жибербеши үчүн балдарга көз салыңыз. Түркүн ойлордон башты сергитүү үчүн досторго барыңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жакшы кылам деген нерсеңиз тескерисинче болуп жатса, анда сиз максатыңызды так билбейсиз. Андан көрө таасирдүү тааныштарды колдонсоңуз, пайдалуу сунуш аласыз жана киреше көрөсүз. Сүйүү жаатындагы жолугушууну артка жылдырыңыз, себеби бул ирет кубаныч тартуулабайт. Үйдөгүлөр сизден көп нерсени талап кылышат.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жакындарыңыздан күткөн нерсенин азыр ишке ашышы кыйын. Аларды сындабай, алар кандай болсо ошондой кабыл алыңыз. Апта кубанта турган жаңылыктан куру койбойт, андыктан сабырдуулук керек. Карыздарыңызды кайтарып беришет же белек аласыз. Жол жүрүүдө шашкалактабай этият болсоңуз, жаракатка кабылбайсыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Чөйрөдөгүлөрдүн өздөрүн алып жүргөнү сизге, сиз аларга жакпай, таарынышуулар болот. Ишти жакшы алып кетпесеңиз ого бетер сөз болосуз. Кыйынчылыкка туш болгондорго жардамга кол сунасыз. Акчалуу болууңуз күтүлүүдө. Үйдөгүлөрдүн бири ийгилиги менен кубандырат. Иш деп эле тытынбай, эс алууга убакыт бөлүңүз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жаңы идеяларды ишке ашырууга камыныңыз, убактысы келип турат. Гардероб жаңыртыңыз, элге жаңы образда көрүнүңүз. Айрымдар жаңы ишке ээ болсо, кээ бирлер жакшы олжого туш болот. Камдуу туруңуз, коноктордун келиши ыктымал. Балдардын талабын аткаруу үчүн акча жумшайсыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Керектүү убакта керектүү жерде боло билүү менен маселеңизди чече аласыз. Ишке жоопкерчилик менен карап, майда дегендерге да көңүл бөлүү кажет. Сүйүктүү адамыңыздын чогуу убакыт өткөрүү сунушун кабыл алыңыз. Иче турган дарылардын сактоо мөөнөтүн карап ичиңиз, өлчөмүн ашырбаңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Чөйрөдөгүлөр башка нерселерге алаксытып баштайт. Аларга кошулбоо керек. Андан көрө карьерадан өсүүгө же кирешени көбөйтүүгө киришсеңиз, жылдыздар жол ачып берет. Алыс жолго чыгуу сунушталбайт, кыйынчылыктарга дуушар болосуз. Уккан жаңылыктын канчалык чындыгы бар экенин ойлонуп көрүү кажет.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жеке жашоодо да, иште да ийгиликтер коштойт. Буга сиздин акылгөйлүк жана баарлаша билүү касиетиңиз шарт түзөт. Болгону убакытты туура колдонуңуз. Жакындарыңызга белек же үйгө буюм алууңуз ыктымал. Чакырган жерден калбаңыз, сизге пайдалуу болмокчу. Үйдү уурулардан сактоону жылдыздар эскертишет.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Үйдөгүлөрдүн баарын көзөмөлдөп, кеңеш айта берүүнүн кереги жок. Өздөрүнчө тим коюңуз, алар деле бардык нерсенин жакшы болушуна умтулушат. Соода, мурас, акча жаатындагы маселе оң жакка чечилет. Жакшы көргөн адамыңыз менен бирге болуу мүмкүнчүлүгү буйруйт. Ооруп калбоо үчүн күчтүү тамакты ичип-жебеңиз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Алдыга жылып, ийгиликтерди багынтуучу мезгил. Бирок кырдаал улам өзгөрүп кете тургандыктан бардыгына даяр туруу керек. Кымбат буюм же документ жоголбошу үчүн орундуу жерге сактаңыз. Жакындарыңыздын биринин кубанычын тең бөлүшөсүз. Үйдө эмеректерди кайра жайгаштырууңуз мүмкүн.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Аптада аз, бирок саз иш бүтүрүүгө жетишесиз. Бирок нервдик чыңалуулар болбой койбойт, андыктан чөп дары ичүү сунушталат. Алыстагы туугандар менен кеңешчү маселе чыгат. Акча алмаштырууда, мал же башка нерсе сатып алууда алданып калбаңыз. Кылган жакшылыктарыңыз үчүн сый көрсөтчү адамдар чыгат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 952, 4-10-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан