Тагдыр деген нерсе бар. Андан сыноолор сунулат, эгерде “экзамениңди” тапшырып өтүп кетсең жакшы. Өтпөсөң дагы бир сыноого туш кылат. Ырчы Бегимай Бекбоева ушундай сыноолору тууралуу кеп кылды. Алгач ата-энесинин ажырашуусу, кийин өзүнүн ажырашуусу, депрессиядагы абалы жана башкалар тууралуу айтып берди.
– Салам, Бегимай! Маекти улам жылдырып, ден соолугуң жакшы болбой жатканын айттың эле, азыр баары жакшыбы?
– Саламатсызбы? Бардык инсандар сыяктуу менин да башыма сыноолор келди. Бирок ал сыноолордон өттүм деп ойлойм. Ооруп жүргөнүмө көп болду. Көбү бул төрөттөн кийинки депрессия дешти. Бирок мурун эле жаман абалда жүргөм. Жан дүйнө оорусу десе болсо керек.
– Ал кандай оору экен?
– Эч кимди көргүм келбей, эч кимди жаныма жолоткум келбей, туңгуюкка түшүп кеткендей болдум. Эч ким түшүнбөйт, аалам ушунча тар сезилет. Кайсы жериң ооруп жатканын билгендей оору эмес. Бул абалды шариятты билген адамдар жакшы түшүнсө керек. Анткени медициналык жактан мага эч ким жардам бере алган жок. Бул катуу стресс болуп, депрессиядан чыга албай калган абал. Дем салып, руханий жактан дарыланганым үчүн жакшы болуп кеттим окшойт. Мурун намаз окучу элем, бирок жамынбай, убагы менен окубай жүргөнүм үчүн намаз мени таштап кетти. Кийин жамындым, бирок анда да болбоду. Жашоомдогу сыноолорду көтөрө албай калдым.
– Балким, чыгармачылыкка эрте жашыңда аралашканыңдан улам болгондур?
– 7-классымдан баштап сахнага чыктым. Ата-энем чыгармачыл адам болгону менен, бул чөйрөгө аралашканыма каршы болушту. Кант шаарында окучумун, сынактарга катышчумун. Орустар калыс карайт эмеспи, көп сынактарда жеңишке жетишкем. Бир иш-чарадан ата-энем көрүп калып, анан чыгармачылыгымды колдоп, атымды жасаганга жардам беришти.
Мен ырдап чыкканда саналуу эле ырчы бар болчу, кийин көбөйүп кетти. “Ырчылык түбөлүктүү кесибим” дечүмүн, эми хоббим катары эле калат. Олуттуу, сабак боло турган гана ырларды жаздырам, шалактап бийлеткен ырларды ырдабайм. Чыгармачылыкка эрте аралашкандыктан сыноолор келди деп да айта албайм. Негизи мен өтө ишенчээк, ак көңүл адаммын. Элге өзүмдөй ишенип алып, ишенимим талкаланганда кыйналып калам. Ушундан улам жашоомдо катуу сындым, тайгаландым, адаштым. Бирок, шүгүр, кайра турганга эрким жетти. Мына ушундай абалда кимдин ким экенин билдим. Апаң, бир тууганыңдан башка эч ким жаныңда болбойт экен.
– Балаңдын атасы тууралуу айтып берсең. Көптөн бери тааныш белеңер?
– Бир жылдары “башыңда шишик бар” деген диагноз коюлганда эмне кыларымды билбей калгам. “Ушинтип эле жаш боюнча өлүп каламбы?” деген ой басып жүргөндө чыгармачыл чөйрөдөгү эле досторум аркылуу ал жигит менен таанышып калдым. Башында дос элек, онкология ооруканасында жанымдан чыкпай камкордук көрүп, кошо чуркап жүрдү. Операция ийгиликтүү болуп, шишик алынды. Ошондо врачтар “турмушка чыгып балалуу болушуң керек, ошондо коркунуч толугу менен кетет” дешти. Ата-энем ажырашканда Канттагы үйүбүздү мага каттатып беришкен. Машинам, чакан бизнесим бар эле. Чыгармачылыгым жакшы нукта бараткан. Ошол учурда турмушка чыкканга муктаждык болгон эмес. Баламдын атасы мени жакшы көрөрүн айтып, атамдын алдына барып колумду сурады. Атам “18 жаштагы кыз эмессиң, байка. Сага жакса, жашап кетериңе көзүң жетсе чыга бер” деди. Ошентип жашап калдык. 5 айлык боюмда бар кезде ал чет өлкөгө иштегени кетти.
Мени таштап кетип калды деп айтпайм. Жылдызыбыз келишпей калды, эки башка жолго түштүк. Ал ошол жактан башка аялга үйлөндү деп уктум. – Балаңдын атасынын башка аялы бар экенин билчү белең?
– Жок, ал мага “ажырашып кеткем” деп айткан. Кызы бар экенин билчүмүн. Биринчи жубайы мени таап, байланышып калды. Кээде экөөбүз сүйлөшүп калабыз.
Мындан ары баламдын атасы тууралуу суроолорду бербей эле койсоңор. Анткени ал мен үчүн жок. Жашоомдо эч кандай роль да ойногон жок, болгону баламдын атасы. Балам чоңойсо катышабы, өзү билет.
– Аялдар ар дайым атанын жоопкерчилигин азайта беришет. Алимент чегерип, мыйзамдуу түрдө жоопкерчиликке тартса болбойбу?
– Баламды багып кетүүгө кудуретим жетет. Болбогон акча үчүн эч кимге догурунгум келбейт. “Ата тарбиясы болушу керек” дешет, бирок татыктуу тарбия бере албаган аталар бар. Тилекке каршы, ал ошондой адам. Балам экөөбүз ага муктаж эмеспиз.
– Сен ооруп жаткан учурда баланы ким карап жатты?
– Сиңдим карап жатты. Балам тууралуу да ушактар чыгып кетиптир. Анын эч бири туура эмес. Балам өзүмдө. Кечээ маек берсем бурмалап чыгарып салышыптыр. Мага оор болгон кезде ичимдик ичип калган учурларым болду деп айткам. Алар башкача чыгарып салышыптыр. “Ичкич болуп кетти” менен “стресс убагында ичимдик ичкен күндөрүм да болду” деген сөздүн ортосунда айырма бар. Ушунча ооруп жүрүп 2-3 гана жолу вино ичкем, жанагы сөздөрдү кимдер чыгарып жатат, билбейм. Анын баары артта калды, эми жаңы жашоо баштаганга бел байладым. Өзүм дарыланган медициналык борбордо менеджер болуп иштеп жатам.
– “Жакын адамдарың гана жаныңда болот экен” деп калбадыңбы. Апаң учурда Италияда иштеп жаткан турбайбы. Кабарлашып турасыңарбы?
– Ата-энем ажырашканда мен бала болчумун. Андай учурда бирөөлөрдүн сөзүнө тез кирип кетет экенсиң. Апам тууралуу сөздөрдү угуп, “апам ушундай турбайбы” деп таарынып жүргөн учурларым болду. Апам менин чоңоюшумду күтүптүр, “кийин балалуу болгондо түшүнөт” деген экен. Мен апамдын кадырын чын эле балалуу болгондон кийин билдим, кечирим сурадым. Азыр жанымда кеңешин айткан, жөлөк болгон апам. Атам өзүнүн үй-бүлөсү менен жашайт. Экинчи апабыз менен сый мамиледебиз. Атамды жакшы карап жүргөнү үчүн ал кишиге да ыраазымын. Азыр баары жакшы.
– Уулуң тууралуу айтып берсең...
– Уулумдун өңү-түсү атасына окшош, бирок ички дүйнөсү мага окшош, сезимтал. Мага өзгөчө баладай сезилет. Чыгармачылыкка да жакын. Мурун “баламды Кайрат Нуртас сыяктуу дүңгүрөтүп, укмуш чыгарам” деп кыялданчумун. Азыр болсо “чоңоё берсин, эң негизгиси аман болсун, ыймандуу болсун” деп калдым.
– Маегиңе рахмат! Чыгармачылыгыңдын өркүндөшүнө тилектешпиз.
Нуржамал Жийдебаева