Коомдук ишмер, журналист Мыктыбек Арстанбектин Райымбек Матраимов тууралуу билдирүүсү талкууда. Бул билдирүү эмнеден улам жасалды? Ушул жагдай жана Кыргыздын эртеңи тууралуу Мыктыбек мырза менен маектештик. Адегенде ошол билдирүүнүн урунттуу жерлерин сунуштайбыз...
ТАЛКУУ ЖАРАТКАН БИЛДИРҮҮ
– Атуулдук милдетим катары айтып койбосом көөдөнүмдү тырмап туруп алды. Бир-эки жолу учурашканыбыз болбосо, менин Райым Матраимов менен эч кандай байланышым жок. Аябай көп адамдар ушул баланын акырынан жем жеди. Кимди караба, Райымга тиешеси жок адам аздай. Мурдагы президенттен баштап, бул баланын колунан жакшылык көрбөгөн адам калбады. Анын эркиндиги же түрмөдө отургандыгы мыйзам маселеси. Бирок адамгерчилик маселесинде калыс сөзүмдү айтайын. Андан пайда көрбөгөн эч ким калган жок. Эмнеге жок дегенде көңүл сурап коюшпайт? Экономисттер Райым Матраимовдун түзгөн контрабандалык схемасы “контрабандалык” деп аталганы эле болбосо, Кыргызстандын абалына зор таасир берип турган деп жатышат. Раимдей балдарды иштетишибиз керек эле. “Сөз бердиң эле” деп аны каматып жыргап отуруп калдык. Жакшылыкты унутпаш керек. Пандемияда элге Райымдай эч ким жардам берген жок. Муну мамлекеттик структурада иштеген балдар өздөрү айтып жатышат. Балким, кайсыдыр бир схемаларда жолдорду таап акчаны Кыргызстанга алып кирип элине таратып жатат. Фейсбукта, Инстаграмда, Ютубда отурган, колунан эч нерсе келбеген фейктер бар. Ошолор “аба ырайын” түзүп, президентке “эл минтип жатат” деп алып киришет экен. Элдин пикири такыр башка. Эл жакшылыкты унутпайт, эл унутса да, Кудай унутпайт...
– Мыктыбек мырза, сиздин Райымбек Матраимов тууралуу билдирүүңүз коомчулукта талкуу жаратты. Бул билдирүү эмнеден улам жасалды?
– Биринчиден, эскертип коюу керек, менин билдирүүлөрүмдүн дээрлик бардыгы жеке көз карашым. Кээде профессионалдык журналистикалык мунарадан жазабыз, кээде адамгерчилик, инсандык туйгу менен чыккан нерселер. Бул маселе туйгудан улам пайда болду. Анткени каалайбызбы, каалабайбызбы, баарыбыз адамбыз. Өзгөчө кыргызда, “жигит бирде жөө жүрөт, бирде төө минет” дейт. Мен адамдын кылмышы, жакшы-жаман экендиги жөнүндө сүйлөгөндү жаман көрөм. Ким болбосун. Мен кээде очерк катары чыгарып калам. Садыр Жапаров түрмөдө отурган кезде жазгам. Анда бир да күнөөлүү же күнөөлүү эмес экендиги айтылган эмес. Өмүрбек Текебаев түрмөгө отурганда айтканбыз. Себеби түрмө жакшы жер эмес. Биздин реалдуулукта кландар ортосундагы тирешүүдөн, кандайдыр бир кылмыш болобу, болбойбу, адилетсиздиктен улам убактылуу тыгып коё турган үңкүр. Мен ушундай кабыл алам.
Матраимов маселесинде ага боорум ооруп же ал жакшы адам, арамдан акча тапты же адалдан тапты деп айткан жокмун. Биринчиден, “Райым Матраимовдун оокатын жеп жүргөндөр, эмне унчукпай отурасыңар?” деп айттым. Экинчиден, ал кылмыш кылдыбы-жокпу, аны сот айтат. Өзү моюнуна алса алгандыр. Бирок анын иштеп чыккан схемасы, чындыгында, күчтүү схема экен. Азыр Кыргызстанга кимдир бирөө, Орусиядан болсун, Америкадан болсун, атүгүл башка планетадан болсун “арзан баада товар киргизип берем” десе, биз андан “канча миллиард пайда көрөсүң?” деп сурайбызбы? Сурабайбыз. “Бизге арзан киргизип берсең болду” дейбиз. Мен туура түшүнсөм, бул бала ошондой киргизип берип жүрүптүр. Аны камап койду эле, ошол товардын баары кирбей калды деп жатышат. Балким, мыйзамдарды карап чыгып, туңгуюктан чыга турган нерсеге барат элек. Эгерде бюджетке кирбей, уурулукка жол ачылып калган болсо, кайра бюджетке түшө турган, бирок Кыргызстанга да оңоюраак оокат кире турган кылып иштетсек болот эле. Адамдар кандайдыр бир образдарды жаратып алышат да, ошол образ менен жашай беришет. Тилекке каршы, адамдардын көпчүлүгү үстүртөн гана ойлоно турган болуп калыптыр.
– Бишкекте ал киши боюнча түрдүү талаптар айтылып жаткан чакта агымга каршы сүздүңүз. Көрүнүктүү инсан катары өзүңүзгө айтылчу сындардан чочулаган жоксузбу?
– Эгер биз сындан корксок, анда көчөгө чыкпайт элек. Учурда эптеп 2 тамганы кошуп ката жазгандардын колуна телефон тийип калган экен, Кудай берди. Ал шоркелди жаза берет ар нерсени. Атасы азан чакырып койгон атын да туура жаза албайт. Социалдык желеде башка бир аттар менен чыгат. Балит, ооз көтөргүс сөздөр менен жазат. Адам дейин десең аты жок. Анан ошолорго теңелебизби, ошолордон коркобузбу? Жок. Эгерде аты-жөнү жазылган бирөө болсо, аларга жооп беребиз. Сыйлайбыз. Туура эмес айтса, ага жооп кайтарабыз. Айта турган сөз – акыйкат. “Ит үрөт экен” деп көчөгө чыкпай койсоң кандай болот?
– Жигитчилик, мырзалык деген сапаттарды Кыргыз саясатынын фонунан алып караганда кандай чечмелейт элеңиз?
– Жигитчилик, мырзалык сапаттарды кыргыз саясатынын фонунда акыркы кезде жолуктуруу кыйын. Анткени бул нерсе “искусственно” жоюлду. Элге атайын саясат балит оюн, сасык деген пикир киргизилди. Чынында андай эмес. Аны таза кылса да, сасык кылса да болот. Бул сөздү элге ким сиңирди? Өздөрүнүн сасыктыгын легалдаштыргысы келген кээ бир саясатчылар.
– Райымбек Матраимовго карата эл арасындагы пикир интернет желесиндеги пикирден кескин айырмаланат дедиңиз. Бул сөзүңүз эмнеге негизделген?
– Бул сөзүмө 28-февралда Ошто өткөн митинг далил. “Матраимовдор акчага чыгарып жатат” дегенине ишенбейм. Бишкекте да митинг болду. Себеби Матраимов чын эле көбүнө жардам берген окшойт. Мен мурдатан угуп калчумун, “Матраимов жардамды жарыя кылбай эле берет” дегенди. Демек, ошол жакшылыкты билген адамдар чыгып жатат. Алардын пикири такыр башка. Мен ошону айттым. Бул кампанияны атайылап жүргүзөбү, элге ошондой ой сиңирдиби, ал башка маселе. Бирок элде ал жөнүндө оң пикирдегилер да бар дегенди айттым.
– Чыныгы коомдук пикир кайда? Эгер интернетте “аба ырайын” троллдор менен фейктер жаратып жатат десеңиз...
– Чыныгы коомдук пикир, тилекке каршы, уюштурулбаган, стихиялык элдин ичинде. Мына, Садыр Жапаров бийликке келгенден баштап, коомдук пикир элде уюду. Фейктер бир командага, ал кишинин пайдасына ойноду. Бирок мен фейктерге акча төлөп “аба ырайын” жараткандарды чыныгы пикир деп эсептебейм. Жапаровду мактады, ай-күнгө теңеди – бул атайын пиар пикир эле. Чыныгы коомдук пикирде да Жапаровду жакшы көргөндөр көп болчу. Ошондуктан фейктердин пикири менен утуп кетти дегенге кошулбайм. Тилекке каршы, интернетте чыныгы коомдук пикир жок, кайсы бир бөлүктүн ою бар. Ал дагы өтө бурмаланган.
– Өлкөнү саясий, экономикалык кризистен чыгаруунун конкреттүү кандай жолдорун көрүп турасыз?
– Бүгүнкү күндө элди кайра өзүнүн жашоосуна үңүлтүш керек. Ар бир адам өзүнүн жашоосу үчүн жоопкерчиликти моюнуна алышы зарыл. Экинчиден, бүгүн ишкердикти өтө тез бутка тургузмайынча абалыбыз өтө оор. Келе жаткан кризис, карыз төлөөлөр. Кыргызстандын аймактарын көз карандысыз ишкердик зонага айландыруу керек. Макао же Гонконг сыяктуу. Буга бизде мүмкүнчүлүк бар, өлкөнү Борбордук Азиядагы бирден-бир экономикалык бермет кылып алсак болот. Мисалы, чөлдө турган Дубай кантип көтөрүлүп кетти? Себеби буга чейин экономикалык арал болгон Ливанда коррупция гүлдөп кеткендиктен, дүйнөлүк бизнес Дубайга көчтү. Азыр биз Кыргызстанга жакшы платформа түзсөк бизнес көчүп келет. Ал үчүн саясий эрк керек. Президент шайлоодо жардам берген жардамчыларынын туткунунан чыгышы зарыл.
– Азыркы бийлик кандай кемчиликтерди кетирип жатат? Ал эми жакшы чечимдери деп кайсыларын баса белгилейт элеңиз?
– Кемчиликтери деп айтууга азыр эрте. Бирок бийлик эмне кылганы жатканын эл түшүнбөй жатат. Элде кабар жок, үмүт гана бар. Ал – Садыр келди, 3 айдын ичинде жыргап кетебиз деген үмүт. Президент саясий эркин көрсөтүп, күчтүү балдарды жанына топтоп иштетиши керек. Элдин азырынча Садыр мырзадан көңүлү кала элек.
– Жалпы кыргыз элине айтчу кеңешиңиз...
– Президентке иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек. Улам эле көчөгө чыгып таш ыргытып, Ак үйдү өрттөп, бирден адамды алып келип отургуза бергидей анчейин деле көп жылыбыз калган жок. Ушуну түшүнүш керек. Анан элибиз ишкерликке өтүшү кажет. Дагы деле СССР кезиндегидей, мамлекеттен айлык күтүп отурабыз. Айлык берчү мамлекет эмес, ал өнөктөш. Айлыкты ишкерлер бериш керек. Биз болсо дагы деле сасык саясат, коррупция, тиги-бу деген жалган сөздөргө түшүнүп-түшүнбөй арбалып, алданып, ээрчип келе жатабыз.
Жумабай Акимов