УКРАИНАДАГЫ ТУРНИРДЕ КЫРГЫЗ БАЛБАНДАРЫ 13 МЕДАЛЬ УТУШТУ

26-28-февраль күндөрү Киевде күрөштүн түрлөрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн атынан жалпы 33 балбан катышып, 13 медаль утушту. Анын ичинен 3 алтын, 4 күмүш жана 6 коло. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм) жана Мээрим Жуманазарова алтын тагынса, Айпери Медет кызы (76 килограмм) жана Назира Марсбек кызы (59 килограмм) күмүш медаль тагынышты. Грек-рим күрөшүндө Үзүр Жусупбеков (97 килограмм) алтын, Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм) күмүш жана Амантур Исмаилов (67 килограмм) коло медалга ээ болду.

Ал эми эркин күрөш боюнча 5 балбан – Алибек Осмонов (65 килограмм), Нуртилек Карыпбаев (86 килограмм), Бекболот Мырзаназар уулу (57 килограмм), Икромжон Хаджимурадов (61 килограмм) жана Исламбек Орозбеков (70 килограмм) коло медалга ээ болушту.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 952, 4-10-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан