«Ичпечи апа», «Махабат дастаны» ырлары менен белгилүү болгон ырчы Эмил Балтагулов жубайы менен махабат баяндарын айтып беришти. 15 жылдан бери бир үйдүн түтүнүн булатып, үйдө да, чыгармачылыкта да эгиз козудай чогуу жетелешип жүрүшкөн жан шериктерден кызыктуу маек.
– Арыбаңыздар! Эмил мырза, акыркы жылдары сахнага көп чыкпай, мамлекеттик кызматта иштеп жатасыз. Үй-бүлөлүк жашоо кандай өтүп жатат?
Эмил: – Бар болуңуздар! Үй-бүлөлүк жашообуз эл катары өтүп жатат. Келинчегим Жалал-Абаддагы филармониянын артисти. Ошол жакта иштейт. Мен болсо Маданият техникумунда директорлук кызматымды өтөп жатам. Эки кызыбыз мектепке, уулубуз балдар бакчасына барат. Чыгармачылык менен дагы иштеп келебиз. Тойлорго чакыруулар менен барып кызматыбызды өтөйбүз. Үйдө чоң энебиз бар. Мурда айылда болчу, азыр өзүбүз камкордук көрүп жатабыз.
– Жубайыңыз менен кантип таанышып калгансыз?
Э.: – Келинчегим Гүлгүнай Жумабекова Оштун Кара-Кулжасынан болот. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетине тапшырганда мен окуу жайды аяктап, жаңыдан вокалдан сабак берип иштеп баштаган кезим эле. Жолумдан чыга калган учурда байкап калып таанышканбыз. Өзүмдүн студентим экенин ошондо билгем. Кийин окуу жайдын, Ош мэриясынын иш-чараларына чогуу катышып жүрдүк. Бири-бирибизди жактырып, 2005-жылы баш кошконбуз. – Студентиңиздин колун кантин сурадыңыз?
Э.: – Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүбүз тууралуу ата-энелерибиз кабардар болчу. Бирок “үйлөнүүгө шашпагыла. Бириң жаңы эле окуп баштадың. Бириң жаңыдан иштеп баштадың, 1-2 жыл өтсүн” дешкенине карабай баш кошуп алып, андан кийин эл катары той бергенбиз. Экөөбүз баш кошордо кайын атама кат жазгам. “Ата, мен кызыңыздарды Чаткалга алып баратам. Жакшылыктын эрте болгону жакшы. Кыжалат болбоңуздар, сиздер айткан убакытты күтсөк көп болуп кетет экен. Башка балдар алып кетип калышы мүмкүн” деп Ош шаарынан айылга чыгып баратканыбызда жазып жибергенбиз. Кат жеткенде туугандарымды жибергем.
Ата-энебиз менен сүйлөшкөндө кайын атам “Чаткалда эмес, шаарда жашагыла. Айылга кетсеңер кызыбыз бизден алыстап кетет. Кызым 5-курсту бүткөнгө чейин үйлөнбөй тургула. Окууну буткөндөн кийин үйлөнгүлө. Үйлөнгөнгө чейин бири-бириңерге жолукпай, аралыкты сактап сүйлөшкүлө. Бириңдин жумушуң, бириңдин окууң калып калбасын” деген шарттарын койгон. Ошол учурда шарттарына макул болгом, бирок биз 5 жылды күтпөй үйлөнүп алдык.
Гүлгүнай: – Университетке жаңы барганда “Эмил Балтагулов деген студент бар, абдан жакшы окуйт. Сен да ошондой жакшы оку” дешкен. Башка мугалимдер дагы Эмилди көп макташчу. “Ошончолук мактагандай кандай бала болду экен?” деп жакшы окуган студенттердин дубал тактасынан сүрөтүн карасам, эскирген, өңү өчкөн сүрөтү илинип туруптур, көрүп жактырган эмесмин. “Мактаган баласы андай деле эмес экен. Мен андан жакшы окуйм” деп өзүмдү көтөрмөлөп койгом. Кийин ал бизге сабак берип баштады. Көп өтпөй 1-курстарга концерт коюп ырдап калды. Ошондо жактырып калып, унчукпай жүрө бергем. Бир күнү сабактан чыгып ага жолугуп калдым. “Саламатсызбы?” десем, мени карап “сен бизде окуйсуңбу?” деп таң калып карап койгон. Ошол күндөн кийин мени карап, каякка барсам сурап, узатып коюп жүрүп мамиле курганбыз.
Жолдошум колумду сураганда шак эле макул болгом. “Мен дагы үйлөнө турган жашка келип калдым. Эгер макул десең 3 күн ойлонуп көр” деген. Эмилди жакшы көрчүмүн, “эмнеге 3 күн ойлонушум керек?” деп, ошол жерден эле макул болгом.
– Чыгармачыл инсандын жубайы болуу оңой болбосо керек?
Г.: – Жаш кезде кызганып ыйлаган күндөрүм көп болгон. Убакыт баарын ордуна коёт тура. Азыр мурункудай кызганбай деле калдым.
– Түшүнбөстүктөр болгондо ким биринчи кечирим сурайт?
Э.: – Кээде табиттерибиз төп келбей тартыша кеткен учурлар болот. Мурда таарынышып калганда мен биринчи сүйлөгөнгө аракет кылчумун. Азыр, тескерисинче, мен да таарынып коём, бирок бат жазылганга аракет кылам. Себеби сүйлөшпөй жүрө берсек кыйналып кетем.
Г.: – Мурда көк беттенип бир апталап сүйлөбөй койчумун. Азыр болсо жолдошум да таарынып сүйлөбөй калат. Сүйлөшүш керек болгондо кыздарыбызга “атаңа айт чай ичсин, тамак бышты, чакырып кел” дейм. Ал “апаңа айт эртең конокко барабыз, даярдансын” дейт. Үйгө конок келип калса аларга алаксып элдешип кетебиз.
Жаңы үйлөнгөнүбүздө болбогон эле нерсеге таарынып, төркүнүмө кетип калгам. Үйгө жеткиче жолдошум ата-энеме чалып, баарын түшүндүрүп коюптур. Үйгө кирип барсам апам мени урушуп, Эмилге телефон чалып “балам, кабатыр болбо, кызыбызды 2-3 күндөн кийин өзүбүз жеткирип барабыз” дегенде уялгам. Ошондон кийин үйгө таарынып баргыс болгом.
– Көп жылдан бери чыгармачылык менен алексиздер. Кандай ийгиликтерге жетиштиңиздер?
Э.: – Көп жылдан бери жеке бизнес ачабыз деп пландайбыз. Азырынча ал ишке аша элек. Кудайга шүгүр, үй-жай, унаабызды чыгармачылыктан таптык. Ичип-чегип жүрсөм топтой алмак эмесмин деп ойлойм. Андайдан алыс болуп, жоопкерчиликтүү болгонум үчүн үй-жайлуу болуп алдык.
– Өкүл балдарыңыздарга кандай өкүл ата-эне болуп жатасыздар?
Э.: – Жалпы 6 өкүл уул-кыздарыбыз бар. Алардын кээ бирлери менен катташып турабыз. Айрымдары алыста болгондуктан катташа албай, телефон аркылуу сүйлөшүп калабыз. Казан-аяк кагышат дегендей, таарынышкан учурларда бизге айтышат. Калыс карап, туура кеп-кеңештерибизди айтабыз. Ынтымактуу, сабырдуу, көтөрүмдүү болгонго чакырабыз. Пикир келишпестиктерден улам ажырашып кеткендери да болду.
– Жубайыңыз менен бир жерде иштөөгө сунуш түшсө макул болосузбу?
Э.: – Жок. Келинчегим менен чогуу иштегенди каалабайм. Анткени мамлекеттик кызматтын орду бөлөк. Жалпы жамаат алдында аброюң да кетип калышы мүмкүн. Ошол үчүн “чогуу иштебейбиз” деп эле айтмакмын. Биз чогуу ырдап жүрөбүз. Өкүл атабыз Ибрагим Жунусовдун “Сулайман тоо” деген ырын жаздырып, аранжировкасын бүтүрдүк. Буюрса, жакында үн жаздырып, клип тарталы деген пландарыбыз бар.
– Маегиңиздерге рахмат! Бактылуу болуңуздар!
Гүлдана Мамадали кызы