ЖАН САКЧЫ, АЙДООЧУ... ЭМИ ДҮЙНӨГӨ БЕЛГИЛҮҮ АКТЁР КЕРЕМ БҮРСИН
Керем Бүрсин. Бул ысым түрк кино сүйүүчүлөрүнө абдан жакын, өзгөчө кыздарга. Көк көздүү сары жигит учурда болуп жаткан “Эшигимди как” сериалы аркылуу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө тааныла алды. Кыздар сексуалдуу деп эсептеген Керем мырза өзүн “келишимдүү эмесмин. Менден сулуу, сексуалдуу мырзалар толтура” дейт. Бирок тасмада өзүн идеалдуу сезген Серкан Болаттын ролу аркылуу ал канчалаган күйөрман топтой алды. Тасмада идеалдуу, жашоодо жөнөкөй актёрдун дүйнөсүнө чогуу саякаттайлы, окурман.
Туулган жери: Түркия, Стамбул
Туулган жылы: 1987-жыл, 4-июль
Бою: 179 сантиметр
Кесиби: маркетолог, актёр, модель
Тартылган атактуу тасмалары: “Күндү күтүү”, “Унутуп калсам, шыбырап кой”, “Ар-намыс иши”, “Жаны жоктор”, “Жанымды берем”, “Эшигимди как” жана башка
КЕРЕМ ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА...
-
Сергек жашоо образын карманат, андыктан бош убактысынын көп бөлүгүн спортко арнайт.
-
“Галатасарай” футбол клубунун күйөрманы.
-
Социалдык тармактарда көп отурганды жактырбайт.
-
Тамак жасаганды, өзгөчө тамактардын рецепттерин ойлоп тапканды жактырат.
КӨЧМӨН ЖАШОО
"Kөп өлкөнү кыдырганым, бир канча шаарда жашаганым жашоого болгон ой жүгүртүүмдү кеңейткенге таасир берди. Ар башка улуттан дос күттүм, достук менен кошо алардын маданиятын, каада-салтын көрдүм. Жаман менен жакшыны салыштырганга үйрөндүм”,- деген Керем чынында эле кичинесинен саякатчы болду. Атасы Ибрагим Памир эл аралык компаниянын жетекчиси болсо, анын жубайы Чигдем Памир кызы Мелис менен Керемди багып үйдө отурчу. Керем бир жашка чыга электе атасынын ишине байланыштуу үй-бүлө Стамбулдан Шотландия өлкөсүнө көчүп кетет. Бирок бул жерге да көпкө кармалбай, көчмөн үй-бүлө Индонезия, Бириккен Араб Эмираттары, Малайзия, кайра Түркияга келишет. АКШга көчүп келгенде Керем 10 жашта болчу. Техас штатына көпкө турукташкан үй-бүлөнүн тынч жашоосу башталат. Музыканы сүйгөн жигит мектептеги достору менен рок топ түзөт. Келечегин чыгармачылык менен байланыштырган жигит Бостондогу Эммерсон колледжинин актёрлук бөлүмүнө тапшырган. Бирок бакыйган компаниянын ээси болгон атасы баласынын сахнада кыйшалаңдап жүрүшүн каалаган эмес. Керем анын орун басары болушу керек!
АКТЁРЛУККА КАРАЙ...
Атасынын сөзүн эки кыла албаган баласы Лос-Анжелестеги университеттен маркетолог адистиги боюнча билим алууну чечет. Бирок окшошкон жок. Керем бул кесипке өмүрүн байлай албасын билди. Андыктан жүрөгүнө жакын болгон актёрлук чеберчилик курстарына бара баштаган. Кичинесинен эле Голливуд актёру Жан-Клод Ван Даммдын кинолорун жакшы көрдү. Азыркыга чейин ал кумир туткан адамдарынын катарында. Окуусун таштап, чыгармачылык менен алектенерин айтканда апасы колдоп кеткен. Кинематографияда өз жолун таап кетүү оңойго турган жок. Атасынын каржылоосунан баш тарткан Керем бир топ эле кыйналган. Колуна эмне тийсе иштеди, айдоочу, күзөтчү, официант болду, үйлөнүү тойлордо жаш түгөйлөрдү жандап жүргөн шаферлик кызматты да аркалады, спорттук дене түзүлүштө болгондуктан жан сакчы да болуп иштегени бар. 2006-жылы ары-бери урунуп жүргөн жигит белгилүү режиссёр Роджер Кормандын көзүнө илинип, боевик жанрындагы “Бейшемби” деген тасмадан чакан роль алган.
ҮЙЛӨНҮҮГӨ ЖЕТПЕГЕН СҮЙҮҮЛӨР
АКШда дагы бир нече тасмада эпизоддук ролдорго тартылган Керем карьерасын өз мекенинде улантууну чечет. 2013-жыл. Түрк телеканалдарынын биринде “Күндү күтүү” сериалынын чыгышы менен Керем Бүрсин атактуу актёр болуп ойгонду. Киного, сериалдарга, жарнамаларга, айтор, Керемди тартам деген сунуштар көп болчу. Кыздар анын сүрөтүн чоң кылып чыгарып алып, бөлмөлөрүнө иле баштаган. Бир заматта секс-символго айланган Керем “Күндү күтүү” сериалындагы өнөктөшү Ягмур Танрысевсин менен кыз-жигит мамилесин курганга жетишкен, бирок экөөнүн мамилеси көпкө узаган эмес. Ал эми актриса Серенай Сарыкая менен сүйүү мамилеси көпчүлүктү
“экөө үйлөнөт” деген божомолдорго алып келген. Бирок 3 жылга жакын созулган сүйүү романы “хеппи эндге” жеткен жок.
“ЭШИГИМДИ КАК”
2020-жылы “Эшигимди как” сериалынын чыгышы менен Керем Бүрсиндин кыргыз күйөрмандары да көбөйдү. Серкан Болат жана Эда Йылдыздын жашоосун чагылдырган сериал азыр да уланууда. Актриса Ханде Эрчел экөөнүн экрандагы сүйүүсүн азыркыга чейин чындыкка айланткысы келгендер көп. Буга далил катары интернет желесиндеги #HanKer жана #EdSer деген популярдуу хештегдерди карасаңыз болот.
Ханде Эрчел: – Керем экөөбүз буга чейин тааныш эмес элек. Андыктан “тасмада сүйүүбүз окшошобу?” деген ойлор болду. Бирок тартуу иштери башталгандан 4 ай мурун таанышып, иштеше баштадык. Өзүңөр байкагандай, сериалда экөөбүз өзүнчө тартылган эпизоддор аз, дайыма биргебиз. Ошондуктан көнбөй коюуга жол жок болчу. Айрым адамдар бар го, башкаларды алдыга сүрөгөн. Керем дал ошондой мотивация берген адам.
Керем Бүрсин: – Хандедей адам менен иштешүү сыймык десем болот. Абдан ачык, жарык, позитивдүү адам. Чарчап турсаң да Ханде менен сүйлөшкөндөн кийин маанайың көтөрүлүп, кайра жумушка киргениңди билбей каласың. Хандени жакшы көрөм, ал өмүр бою жашоомдогу жакын адам катары калса дейм.
Экөөнүн бири-бири тууралуу мындай бүдөмүк жооптору көпчүлүктү ого бетер түрдүү сөз чыгарганга шыктандырып жатканы шексиз.
Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Азыркы учурда мен жакшы көрүп, талантын баалап жүргөн актер. Постучись в мою дверь (Эшигимди как) сериалында эң мыкты персонажды аткарган. Ханде Эрчел менен мыкты жуп болмок, эгер чындыгында ортодо сүйүү бар болсо. Ийгилик.