Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 259 турниринде бразилиялык белгилүү мушкер, Валентина Шевченконун эзелки каршылашы Аманда Нуньес жарым жеңил салмак ченинде чемпиондук титулун татыктуу коргоду. Ал австралиялык Меган Андерсон менен кез келди. Аманда Нуньес беттешти башталгандан өз колуна алып, атаандашына бир дагы мүмкүнчүлүк берген жок. Соккуларды жаадырып, ага удаа буту менен муунтуу ыкмасын жасады. Атаандашын жеңиш үчүн Нуньеске 2 мүнөт гана жетиштүү болду. Ал ММА боюнча 21 беттешти утуп, 4 ирет жеңилүү ызасын тарткан. Нуньес жеңил салмак ченинде да чемпион болгон.
Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.