КОБИ БРАЙАНТТЫН СҮРӨТ ЖЫЙНАГЫ РЕКОРДДУК СУММАГА САТЫЛДЫ

АКШнын Улуттук баскетбол ассоциациясынын рекордчусу, маркум Коби Брайанттын сүрөтү түшүрүлгөн сейрек кездешүүчү карточка аукциондо рекорддук суммага сатылганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, дүйнөдө экөө гана болгон жыйнак 1 миллион 795 миң 800 долларга сатылып, дүйнөлүк рекордду жаңылады. Бирок сатып алуучунун ким экени белгисиз бойдон калды.

Коби Брайант 2020-жылдын 27-январында жеке тик учагында кырсыкка учурап каза болгон. Каза болгондордун арасында Брайанттын 13 жаштагы Жианна аттуу кызы да болгон.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 953, 11-17-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан