“1 гектарга пияз эгүүгө болжол менен 1-1,2 миллион даана урук кетет. Жер семирткичтерди убагында берип, тамчылатма жолу менен сугарып бакса мол түшүм алууга болот ”, - деген бишкектик агроном Алексей Ким пияздын кургакчылыкка, суукка, пияздын ооруларына туруктуу жана түшүмү мол сорттору тууралуу маалымат берди.
РЕД БАРОН (СОРТ)
Чыгарылган өлкөсү – Нидерланды
Сорттун түрү – орточо эрте бышуучу
Бышуу мөөнөтү – 90-100 күн
Салмагы – 60-90 грамм
Даамы – орточо ачуу, ширелүү
Кабыгы – 3 кат, тыгыз, оңою менен сыйрылбайт. Ташууда товардык көрүнүшү бузулбайт. Механикалык түрдө жыйноого болот.
Өңү – этинин жана кабыгынын өңү кочкул кызыл-сыя-көк. Эл оозунда кызыл пияз деп да аталат.
Формасы – тоголок келип, бир аз жалпак тартып кетет.
Керектелүү багыты – кулинария (көбүнчө салат, закускеге), кайра иштетүү
Эгүү үчүн сунушталат – талаа
Кайсы аймактарда эгүү сунушталат – Кыргызстан боюнча
1 кутуда 250 000 даана урук болот – баасы 16 200-16 500 сом
1 гектарга түшүмү – 38-39 тонна
Сакталуу мөөнөтү – 6 айга чейин.
Түшүмдүүлүгү аз, бирок кымбат сатылат.
Бул пияздын ак жана сары пияздардан артыкчылыгы – салат жана закускелерге өзгөчө даам, түс бергендиги. Ошондой эле антиоксиданттардын 2 эсе көптүгү. Антиоксиданттар көп болсо организмдин инфекцияларга туруктуулугу ошончолук күчтүү болот. Карылыктын, рактын жана диабеттин алдын алууда, жаман холестеринге каршы күрөшүүдө организмге мыкты жардамчы.
ЭКСИБИШЕН (СОРТ)
Чыгарылган өлкөсү – Нидерланды
Сорттун түрү – кеч бышуучу
Бышуу мөөнөтү – 120 күн
Салмагы – 120-140 грамм
Даамы –ачуусу аз, ширелүү. Негизи пияздын таттуу сортуна кирет
Кабыгы – 2-3 кат, оңой сыйрылат. Андыктан ташууда, механикалык түрдө жыйноодо абайлоо керек
Өңү – эти ак, кабыгынын өңү сары
Формасы – тоголок келип, бир аз сүйрү тартып кетет
Керектелүү багыты – кулинария (көбүнчө салат, закускеге) кайра иштетүү
Эгүү үчүн сунушталат – талаа
Кайсы аймактарда эгүү сунушталат – Нарын облусунан башка облустарда
1 кутусунда 250 000 даана урук болот – баасы 2000-2200 сом
1 гектарга түшүмү – 68-73 тонна
Сакталуу мөөнөтү – 3-4 ай
МАНАС F1 (ГИБРИД)
Чыгарылган өлкөсү – Нидерланды
Сорттун түрү – кеч бышуучу
Бышуу мөөнөтү – 110-120 күн
Салмагы – 100-120 грамм
Даамы – орточо ачуу, ширелүү
Кабыгы – 3-4 кат, тыгыз, оңою менен сыйрылбайт. Андыктан ташууда товардык көрүнүшү бузулбайт. Механикалык түрдө жыйноого болот.
Өңү – эти ак, бышкандагы кабыгынын өңү – ачык коло түстө
Формасы – тоголок
Керектелүү багыты – кулинария, консервация, кайра иштетүү
Эгүү үчүн сунушталат – талаа
Кайсы аймактарда эгүү сунушталат – Нарын облусунан башка облустарда
1 кутудагы 250 000 даана уруктун баасы – 2800-3000 сом
1 гектарга түшүмү – 63-68 тонна
Сакталуу мөөнөтү – 6 ай жана андан узак
БЕРЕКЕТ F1 (ГИБРИД)
Чыгарылган өлкөсү – Түркия
Сорттун түрү – кеч бышуучу
Бышуу мөөнөтү – 110-115 күн
Салмагы – 130-150 грамм
Даамы – орточо ачуу
Кабыгы – 3-4 кат, оңою менен сыйрылбайт. Механикалык түрдө жыйноого болот.
Өңү – эти ак, кабыгынын өңү сары-күрөң
Формасы – тоголок
Керектелүү багыты – кулинария, консервация, кайра иштетүү
Эгүү үчүн сунушталат – талаа
Кайсы аймактарда эгүү сунушталат – Нарын облусунан башка облустарда
1 кутусунда 250 000 даана урук болот – баасы
2000-2200 сом
1 гектарга түшүмү – 69-74 тонна
Сакталуу мөөнөтү – 7-8 ай
ПАНДЕРО F1 (ГИБРИД)
Чыгарылган өлкөсү – Испания
Сорттун түрү – кеч бышуучу
Бышуу мөөнөтү – 115-120 күн
Салмагы – 120-140 грамм
Даамы – орточо ачуу
Кабыгы – 3 кат, оңою менен сыйрылбайт. Механикалык түрдө жыйноого болот.
Өңү – эти ак, бышкандагы кабыгынын өңү – күңүрт күрөң түстө
Формасы – тоголок
Керектелүү багыты – кулинария, консервация, кайра иштетүү
Эгүү үчүн сунушталат – талаа
Кайсы аймактарда эгүү сунушталат – Нарын облусунан башка облустарда
1 кутусундагы 100 000 даана уруктун баасы – 9700-11 000 сом
1 гектарга түшүмү – 68-73 тонна
Сакталуу мөөнөтү – 7-8 ай
Канымжан Усупбекова